onlinekg.ucoz.com

Кыргызча | Исхак Раззакович Раззаков (1910-1979)

1945-жылдын октябры. Пишпек темир жол станциясында Төрөбай Кулатов баштаган Кыргыз өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин тобу турат. Алар Кыргызстандын Эл комиссарлар советинин төрагалыгына дайындалган Исхак Раззаковду тосуп чыккандар эле.

Тагдырдын жазмышына ылайык, 8-9 жаш курагында туулган жеринен кеткен И. Р. Раззаков арадан 27 жыл өткөндөн кийин өз үйүнө, Ата Мекенине кайтып келе жаткан эле. Ошондо ал 35 жашта болучу…

Кыргыз ССР Жогорку Совети-нин кезексиз сессиясы. Трибунадан жаш жетекчи депутаттарга кайрылып жатты: “Эгерде мага ишеним көрсөтүлүп калса, депутаттар да, мен да ишке бир кишидей, активдүү киришсек, бири-бирибизди урматтап, жакшы иштешсек, ал эми, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети мага жардам берсе жакшы болор эле. Ал эми, биздин бардыгыбыздын алдыбызда эң эле кыска мөөнөт ичинде согуштан кийинки бардык маселелерди че чүү, адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу милдети турат”.

“Анын кыска жана нуска сүйлөгөн сөзү сессиянын катышуучуларына дароо эле катуу таасир этти жана жакшы пикир жаратты, – деп эскерген ошол кезде Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп жүргөн Кадыркул Кач-кеев. – Биз бир добуштан Исхак Раззаковду Республиканын Министрлер Советинин төрагалыгына шайладык”.

1947-жылы мен ден соолугума байланыштуу армиядан демобилизацияланып, аялым жана кичинекей кызым менен Фрунзе шаарына келдим. Согуш бүтүп, жарандык тынчтык турмуш башталган учур эле. Көп өтпөй мени Министрлер Советине чакырышты. Иш башкармалыгынын башчысы А.Силкин мени Министрлер Советинин төрагасынын кабинетине ээрчитип баратканда айткан “аксакалга” аңгемелешүүгө алып келди да, “кабинетке киргин” деди. Мен аскер формачан элем. Мен кабинетке кирип, аскер адамы катары рапорт берип жибериптирмин: “Жолдош аксакал”, сиздин буйругуңуз боюнча келдим”. Олтурган столунан татынакай жаш жигит туруп келип, жылмая күлүп туруп: “Сиз жолдош Колосов, “аксакал” деген сөз эмнени туюндурарын билесизби?” – деп сурады. Мен минтип жооп бердим: “Бул сиздин фамилияңыз окшойт го”. Ал күлүп, мындай деди: “Аксакал “ орусчага сөзмө сөз которгондо “белая борода” дегенди билдирет. Улгайган даанышман адамдарга кыргыздар ушинтип кайрылышат, а мен болсм 37 жаштамын жана өзүңүз көрүп тургандай, сакалым да жок. Ал эми, сиз канча жаштасыз?” “27 жаштамын”, – дедим мен.

Биз ушинтип таанышканбыз. Исхак Раззакович менден үй-бүлөм, кайдан окуганым, кайсы жерде кызмат өтөгөнүм жөнүндө, жапон тилин үйрөнүү оңойбу же кыйынбы (согуш мезгилинде мен Сахалинде аскердик кызмат өтөп, аскердик котормочу болгом) деп сурады. Андан кийин Исхак Раззакович мен анын жардамчысы болуп иштээримди айтты. Ошону менен бирге, ал менден жарандык терминологияга тезирээк өтүшүмдү, цивилизациялуу жашоо-турмуш образын жана келгендер менен жагымдуу баарлашууну өздөштүрүшүмдү өтүндү. Мени өзүнүн эки жан сакчысы менен тааныштырды.

Мына ушул укмуштуудай адам менен менин иштешүүм ушинтип башталган. Ушунчалык жогорку кызматта иштесе да, ал ушунчалык карапайым адам эле. Мен өзүмдүн жардамчылык ролумду тез эле өздөштүрдүм, бул киши менен иштешүү мага ушунчалык жеңил жана кубанычтуу эле. Биз ал кезде эртең мененки саат 9дан түнкү саат 3кө чейин иштечүбүз, түшкү тамакка да барчу эмеспиз.

Көп өтпөй мен Исхак Раззаковичтин оюн айттырбай биле баштаганымды туйдум. Мында мага аскердик чалгындоодо иштегеним жардам берди окшойт.

Исхак Раззаковдун иш стили аябай калыптанган жана секундасына чейин эсептелген. Түнү бою чогулуш канчалык узак болбосун, ал жумушка ар дайым эртең мененки саат тогузга жакын келчү, келгендерди кабыл алуу белгиленген убакта жүргүзүлчү, документтер менен иштөө так аныкталган убакта аткарылчу. Бюронун отуруму кечкисин гана – түнкү саат тогуздан 12ге чейин өткөрүлчү. Отурумду так жана кызыктуу өткөрөр эле. Карала турган ар бир маселенин канчалык татаалдыгына байланыштуу күн тартиби регламенттелчү. Документтерди тез эле окуп чыкчу жана аткарылуу мөөнөтүн ачык жана так көрсөтүп, өз колу менен резолюция койчу. Кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөгө аябагандай катуу болучу.

Исхак Раззакович адамдарды аябай урматтаар эле. Эртең менен эрте ишке келе жатып, ал адегенде коридордо келе жаткандар – бөлмө тазалагычтар, аны кабыл алуу бөлмөсүндө күтүп турушкан жардамчыларына чейин кол берип учурашар эле. Өзүнүн орун басарларына, министрлерине, иш боюнча жолугушууга туура келген аппарат кызматкерлерине насаат айтып, кылдаттык менен алардын кемчилигин оңдоого түрткү берер эле.

Исхак Раззакович эч качан өзү жалгыз жекече мамлекеттик маанилүү чечим кабыл албоо принцибин катуу кармаган. Иш боюнча өз жолдошторунун практикалык тажрыйбаларын жана сунуштарын эске алуу менен жолдоштук маанайда, коллегиалдуу талкуулоодон кийин гана чечим кабыл алуучу. Өзүнүн ой-пикирин ал эч качан таңуулаган эмес, бирок, логикалык түрдө негиздеп кандай чечим кабыл алуу максатка ылайык болорун ынандырууга аракеттенүүчү. “Кадрларды мектеп партасынан даярдоо, жеке жүрүш-турушу менен өрнөк көрсөтүү, алардын мекенчилдигин, жоопкерчилигин өнүктүрүү керек”, – деп көп айтуучу ал.

Исхак Раззаков жогорку билимдүү экономист болгондуктан, ал адистердин кеңири катышуусунда республиканын эл чарба тармактарын өнүктүрүү багыттарын, республикалык түзүмдөрдү башкаруунун бардык звенолору үчүн стратегиялык максаттарды жана практикалык милдеттерди илимий жактан негиздеген жана аныктаган.

И.Раззаков чыныгы мамлекеттик жана алысты көрө билген ишмер болучу. Ошентип, 1956-жылы эле ал экономикалык жана маданий маселелерди чечүүдө союздук республикаларга кеңири укук берүү, аларга түздөн-түз башкарууга айрым ишканаларды эле эмес, ошондой эле, эл чарбасынын бүтүндөй тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө маселени негиздөө менен тартынбастан КПСС БКга маселе койгон.

Ал дагы бир принциптүү маселени – укуктук база түзүү маселесин көтөргөн. Анткени, Исхак Раззаков Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарын иштеп чыгуу жана бастырып чыгаруу мезгили бышып жетилди деп эсептеген, алар жалпы союздук укуктук жоболор менен катар эле жергиликтүү улуттук өзгөчөлүктөрдү да чагылдырышы керек эле. Натыйжада кийинчерээк Республиканын Жогорку Совети тарабынан андай кодекстер иштелип чыккан жана мыйзамдаштырылган болучу.

Ал ошондой эле, зор жоопкерчилик сезим жана жарандык каармандык менен союздук республикалардын аймактык чек аралары жөнүндөгү маселени көтөргөн. Ал тайманбастан эле союздук бир республиканын аймагында экинчи республиканын “аралчалары” жана “жарым аралчалары” жайгашып турган баш аламандыкка таптакыр жол берүүгө болбойт деп ар дайым айтып келген.

И.Раззаков Кыргызстандын элинин ден соолугу жөнүндө маселеге зор маани берген жана камкордук көргөн. Тактап айтканда, ал бул маселени Борбордук Комитеттин бюросунда жана Өкмөттүн жыйынында караган. Мунун натыйжасында 1957-жылдын 1-октябрынан баштап республиканын бардык мектептеринде 1-4-класстардын, ал эми, 1958- жылдын 1- январынан баштап 1-7-класстардын окуучуларына акысыз ысык тамак бериле баштаган.

Исхак Раззакович республикалык, облустук, шаардык жана райондук деңгээлдеги жетекчилерди аябагандай кылдаттык менен тандаган. Жаш, келечектүү, өсүп бараткан кадрларды тайманбастан көтөргөн, зор ишеним арткан жана аларга тапшырылган ишке жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасоого тарбиялаган. И. Раззаков менен бирге иштешкендер аны кудайындай көрүшчү жана “коркконунан” эмес, урматтаганынан абийирдүүлүк менен жашы иштешкен.

И.Раззаков өзү жетим болуп өскөн жана муну эсинен чыгарган эмес, жетим балдарга өзгөчө көңүл бөлөр эле жана аларга аябай камкордук көрүүчү. Анын жубайы Розалия Ихсановнанын айтымында, алар Исхак Раззакович экөө жетим балдар үйлөрүнүн бирине барышат. Алар топтошкон балдардын ортосунда калышат. Алардын бири – кичинекей, өткүр, кара көз бала Розалиянын мойнуна тырмышып жетип кучактап: “Сен менин апамсың”, – деп кыйкырып жиберет. Исхак Раззакович ошондо мындай дейт: “Мына эмесе, биздин кичинекей уулубуз табылды”. Ошентип алар баланы өздөрү менен кошо ала кетишет да, өздөрүнүн жети жашар Эрик деген уулу менен тааныштырышат, андан соң асырап алышат да, Эмил деген ат коюшат. Раззаков жубайлар мындай дешчү:

“Чоочун балдар болбойт. Балдардын баары кимдир бирөөнүн уулу же кызы жана алар ата-эненин мээримине жана камкордугуна муктаж”.

Ошол каардуу согуш жылдарында, Өзбекстандын эл агартуу комиссары болуп иштеп турган кезинде Исхак Раззаков Ташкентте жетим балдар үйүн уюштуруп, ага бүткүл союздан жетим балдар алынып келинген.

Исхак Раззаковичтин Эльвира аттуу кызы мындай деп эскерет: “… ал жөн эле ата эмес, баарынан мурда, эң бир жакын, эң бир сүйүктүү досубуз эле. Ал эч качан узун жана көңүлсүз насаат айтуучу эмес, биз менен ар дайым мээримдүү, досторундай сүйлөшүүчү”.

Иван Колосов, “Кыргыз Туусу”, 03.12.2010-ж.

http://kmb3.kloop.kg/?p=5465

razzakov.wordpress.com

admin | Исхак Раззакович Раззаков (1910-1979)

10:42 06.12.2010«Исхак Разаков – выдающийся государственный деятель кыргызов в ХХ веке»

«Добрая память народа — это самое главное для госу дарственного деятеля» Исхак Раззаков

Он доказал это своими делами и жизнью. Вот почему кыргызский народ называет Исхака Раззакова своим великим сыном и стремится увековечить его в памяти потомков, всего народа Кыргызстана. Ибо он того всесторонне достоин.

Однако, уместно, проделать не большой историко-политический обзор. Дав но известно, что история — не безликий процесс, а живая людская исто рия, которая творится различными людьми, личностями в разные эпохи и разные вре мена. Причем каждый из них прославляя свой народ, город, госу дарство имел свои, отличающиеся от других, принципы, установки, мо рали, ценности жизни. Благодаря своим особенностям и особым поступкам и тво ре ниям они оставляли неизгладимые отпечатки в политической истории, об щес твенной жизни и культуре свое го народа, города и госу дарства. Исклю чением из этого процесса не ста ли и исторические личности кыргызского народа.

В истории каждого государства и народа во все времена были от дельные исторические личности, которые оставили яркий след в их общественно по ли тической, военной, экономической и культурной жизни. Они оставили о се бе добрую память в своем народе благодаря своим целям, задачам и дости жениям на своем жизненном пути. Такие исторические личности присут ство вали в кыргыз ской государственности, как в эпохи Енисейского каганата и Великодержавия кыргызов, так в средние века и нового периода, а также в но вейшей истории, включая Советское время.

Великие дела во благо своего народа совершались благодаря личным ка чествам и способностям выдающихся личностей этих народов. К сожа лению, за годы Советской власти многих из них мы фактически забыли, вернее «сде лали вид, что забыли» исходя из классовых и идеологических побуждений. И только в последние 10-20 лет, благодаря тем общественно-политическим из ме нениям, которые прои зошли после распада СССР, обретению независи мости и суверенитета отдель ными государствами, бывшими республиками Союза ССР, мы получили возмож ность вернуться к проблеме исторических личностей своих народов. И тем личностям досоветского периода, которые были забыты исходя из классового подхода и идеологических соображений, и тем, которые были преданы забвению и забытию в годы красного террора и массовых репрессий, да и последующих времен.

Очень обид но, когда многие, особенно представители старшего и среднего поколений наше го народа довольно сносно, иногда очень хорошо знают об А. Македонском, Ю. Це заре, Дарий I, Чингиз хане, Тамерлане, Петре I, Ека терине II, Дж. Ва шинг тоне, А. Линкольне, Наполеоне, Ленине, Сталине, Гитлере, Мао Цзе Дуне и о многих других. Между тем эти же поколения нашего народа почти не знают или ничего не знают о выдающихся личностях своего народа, прославивших свой на род, сыгравших очень важную роль в историческом развитии своего народа. Ко неч но, великие мира сего, которых мы выше указали — выдающиеся личности своих народов, известны всему ми ру. Однако, каждый из них достояние и гордость прежде всего своего наро да, а не нашего.

Да, мы, кыргызы — не такой великий народ как древние греки, древние пер сы, монголы, русские, французы или американцы. Однако у нас есть свои ис торичес кие личности, достойные уважения и почитания потомков. Пом нится высказывания африканского лидера Нельсона Манделлы, где он отмечал, что «человек делающий то, что могут делать другие — обыкновенный человек. Человек, делающий то, чего не могут делать другие — выдающаяся лич ность. А чело век, делающий то, что другим не никогда не удавалось сделать — национальные дос тояние, гений, божий дар». Нам кажется, во многом он прав. В истории кыр гызов встречаются и такие личности. Это слав ный наш предок Барс бег, Мухам мед кыргыз, Кубат бий, Ажы бий, Ата ке бий, Алымбек датка, Курманжан Датка, Ормон хан, А. Сы ды ков, А. Ороз беков, Ж. Абдрахманов, И. Раззаков и многие другие.

Историческая и политическая наука свидетельствуют, что существуют сле дую щие типы исторических личностей:

Традиционные исторические личности – это вожди племен, родов, ца ри, короли, императоры, положение которых традиционно передаются от отца к сыну. Их авторитет основано на устоявшимся традиции и обычаев от дель ных, конкретных народов. Таковыми являются Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Атаке бий, Алымбек датка, Ормон хан, Боромбай и др.

Рационально-легальные исторические личности — это в своем боль шин стве те исторические личности, которые избраны на общественно-поли ти ческое положении е демократическим путем, т.е. волею народа. Н.: Кур ман жан-датка, Полот хан, А. Орозбеков, Ж. Абдрахманов и др.

Харизматические личности – это те которые, наделены особыми, вы даю щимися качествами, необычайными руково дя щими способностями. Ха риз ма складываются из реальных личных качеств отдельных людей, оста вив ших заметный след в истории своего народа и го сударства. Из числа исто ри ческих личностей кыргызов, такой личностью является именно И. Раззаков

Исхак Разаков человек большой, неординарной, насыщенной событиями сложной судьбы. Как-то он с горечью признавался: «Судьбу, оказывается, невозможно пред угадать. Родишься в одном месте, живешь в другом, а разве мало похоронено на чужбине». Именно та кое не однозначное жизнь было уготовано и ему самому.

В целом жизнедеятельность И. Разакова можно разделить на следующие основные периоды:

1. Детство и юность — 1910-1936 гг. (Кыргызстан и Таджикистан)

2. «Узбекский период» его деятельности – 1936-1945 гг. (Узбекистан)

3. Деятельность в Кыргызстане — глава Совнаркома и Совмина Кыр гызской ССР – 1945-50 гг., руководитель парторганизации Кыргыз стана – 1950-1961 гг. (Кыргызский период)

4. «Московский период» его жизнедеятельности — 1961-1967 гг., за тем проводы на пенсию – 1967-1979 гг. Умер 19 марта 1979 гг.

Детство и юность.

Выдающиеся государственный и партийный деятель кыргызов в ХХ веке родился в селе Хоросан нынешней Баткенской области 25 октября 1910 г. Рано остался сиротою, В три года потерял мать, в пять — отца. Дальние родс твенники устраивают его в Ходжентский детский приют. «Меня воспитал дет дом, я вырос без родителей, поэтому знаю, как необходимы малышу отец и мать», — читаем его слова в его же дом музее. Кстати, он вырастил и воспитал как своего сына мальчика-сироту.

Именно в детдоме Ходжента, где воспитывались дети таджикской, узбек ской, кыргызской, русской и др. национальностей, он делает первые шаги к жизни, научится читать и писать. Стремится к образованию, что привело его в Узбекистан.

«Узбекский период» начинается с учебы в Ташкенте.

Так, с 1925 по 1929 г. он учился в Узбекском институте просвещения в городе Ташкенте. Затем в последующие два года (1929-30 гг.) он работал пре по да вателем обществен ных дисциплин в Самаркандском техникуме тор говли.

В 1931-1936 гг. жажда к знаниям привела его в Москву, где находился на учебе, в Московском институте Госплана им. Кржижановского по специаль ности «плановик по энергетике». Учился отлично, активно участвует в общес твенной работе. Кстати, одновременно с учебой он еще совмещал должность штатного агитатора, пропагандиста такого большого московско го завода всесоюзного значение, как завод им. Орджоникидзе. Его диплом ной работы рекомендовали выпустить отдельной книгой. Для выходца из глу бины Кыргызстана это был большим достижением.

После окончания института в Москве возвращается в Узбекистан, где работает в Госплане республики, возглавляя группу отдела топлива. Прора бо тав всего несколько месяцев, он отправляется на самостоятельную работу в Ферганскую область председателем Госплана области.

Вскоре его выдви гают на крупную руководящую дол ж ность республи кан ского масштаба – вначале, в 1938 г. он является заместителем председа теля Гос плана Узбекис тана. А в 1939-40 гг. он стал Председателем Госпла на при Совете Народ ных Комиссаров Узбекской ССР.

С 1940-1944 гг. заместитель председателя Совета Народных Комиссаров Узбекской ССР. При этом в 1941-44 гг. он совмещал должность Наркома просвещения Узбекской ССР.

1944-1945 гг. 3-й секретарь (по идеологии) ЦК КП(б) Узбекистана.

Особенно ярко дарования Ис хака Раззакова и организаторские способ ности, искусство управления людь ми проявились в годы Великой Отечес твенной войны – тогда, когда ему бы ли доверены высокие посты в Узбекис тане. Отметим, что это были самые тяжелые годы не только для Узбекиста на, но всего советского народа. Он внес огромный вклад, как один из руководителей республики, в развитии экономики Узбекистана пред воен ные и военные годы.

Еще небольшой штрих к его портрету. По свидетельству очевидцев в эти годы почти все думали, что он узбек, и лишь отдельные люди знали, что он кыргыз. Он всегда умел го ворит на чистом узбекском языке и даже пере во дил классиков на узбекский язык.

Вообще И. Разаков блестяще владел кыргызским, узбекским, таджик ским, русским языком. Он всегда говорил на языке того большинства пуб лики, которые были в его аудиториях, многочисленных встречах, собраниях. Поэтому, его современники вспоминали когда он говорил по узбекски, все думали, что он узбек, когда говорил на таджикском – таджик, а когда говорил на кыргызском все удивлялись откуда он учился говорить по кыргызски. Он также блес тяще говорил на русском языке .

Интересен и печален тот факт, что пока он у нас в республике был в заб вении и забыто всеми, в соседнем Узбекистане его очень хорошо пом нили, о нем очень многое документальные материалы и фильмы, наряду с вы даю щимися личностями советского Узбекистана.

Деятельность И. Раззакова в Кыргызстане.

В Кыргызстан он приехал уже как опытный государственный деятель и пар тийный руководитель. Кстати, его рекомендовали Сталину лично тог даш ние руководители Узбекистана У. Юсупов, Ю. Ахунбабаев и др.

Он вступил на должность Председателя Совета Народных Комиссаров пятым кыргызом, после Т. Кулатова (19июля 1939 – 14 ноября 1945 гг) с 14 ноя бря 1945 — 28 марта 1946 гг.), а с 28 марта 1946 – 10 июля 1950 гг. он яв лялся Председателем Совета Министров Киргизской ССР.

С 1950-61 гг. мы ви дим его первым секретарем ЦК КП Киргизской ССР. Это был первый кыргыз, который стал руководителем партийной организа ции республики, после Боголюбова (1945-50 гг.). Тогда трудно было полу чить назначение Москвы на пост партийного руководителя национальных рес пуб лик. Именно в эти годы он внес огромный вклад в развитии эконо мики после воен­ного Кыргызстана, когда главной задачей стала перестройка хозяйства на мирный лад. В 1946 г. промышленность республики полностью перешла на выпуск продукции для мирных нужд хозяйства и населения.

Что же он сделал для своего народа и страны, как государственный деятель?

В 1945-1950 годы, были не только восстановлены старые, построены, вве дены в действие 20 крупных промышленных объектов народного хо зяй ства. Среди них Лебединовская, Аламединская ГЭС, новые шахты в Кы зыл-Кие и Сулюкте, Кантский рудник цветной металлургии, завод «Кыргызав томаш», Ошский электромеханический завод, ремонтно-меха ни чес кий и асфальто-бетонный завод во Фрунзе, Таласский кирпично-черепичный завод. В 1948 г. завершено строительство железной дороги Кант — Рыбачье, с общей протя женности 172 км. А к 1950 г. общая протя жен ность железной дороги в республике составила 368 км., многие из которых до сих пор служить народу.

Отметим, в вышеуказанные годы был установлен 8 часовой рабочий день, а к концу 1947 г. достигнуть довоенный уровень развития экономики. Это был большой успех и немалая заслуга в этом было и И.Разакова.

В годы, когда он был первым секретарем ЦК КП Кыргызстана проделана большая работа. Так, в 1951-55 гг. были построены крупный завод сель скохозяйственного машиностроения им. Фрунзе, хлопкоочистительный завод в Джалал-Аба де, обувная фабрика во Фрун зе, начали давать про мышленный ток вторая очередь Лебединовской ГЭС №2, Аламединский ГЭС №2, Пржевальская и Джалал-Абадская ГЭС, заложено начало, стра те гически и экономически важной, вы сокогорной трудной дороги Фрун зе — Ош. Кстати, благодаря ему были построены первые тоннели в Кыр гызстане, на магистрали Фрунзе – Ош. Реконструировалась стратегически важ ная автодорога Фрунзе – Алма-Ата – Ташкент. Расширены и ре кон струи рованы многие заводы и фабрики.

В 1955-60 гг. появились новые крупные промышленные объекты: Фрун зен ский ТЭЦ и хлопкопрядильная фабрика, швейная фабрика «40 лет Октя бря», реконструировано суконная фабрика, Ошская шелкомо таль ная фа брика, Уч-Коргонский ГЭС, ряд новых шахтов и рудников. Завер ши лось соо ружение Орто-Токойского водохранилища, введены в эксплуа та цию Ошский, Кызыл-Кыйский кирпичный, Курментинский цементный завод, заводы ЖБИ в Оше и Фрунзе и др.

В целом за кортокий период, в 1945-1960 гг., построены и введены в эксплуатацию и рекон струированы 59 заводов, фабрик, 46 цехов и участков. Это очень большой успех для маленькой республики, когда подобные во просы и проблемы решала только Москва. И. Разаков сумел убедить мос ковских вождей в необходимости подобных предприятий и их строительства. Впервые был открыт водный транспорт на Иссык-Куле, а также нала жен первое в истории кыргызов и Кыргызстана троллейбусное движение во Фрунзе.

Все это осуществлялось, тогда когда И. Раззаков возглавлял правительство нашей республики и Компартию Кыргызстана. Другой штрих, еще тогда он выступал за расширение прав республики в решении региональных вопросов в экономике, в отдельных вопросах политической сферы. Это было довольно смелым, но очень опасным шагом того времени.

Ему было всего 35 лет, когда на него была возложена ответственность – вы вести Киргизию из послевоенных трудностей. За 16 лет руководства республикой Исхаку Раззакову и его сподвижникам удалось превратить Киргизию в одну их сильных республик Советского Союза.

Он также заботливо относился и к сфере культуры, науки и образования, в котором также внес неоценимый вклад. Развивался театры и клубы. Именно при нем было открыто Кыргызский театр оперы и балета. После войны открылись более 10 музеев по всей республике.

Были созданы крупные центры науки, образования и культуры: 17 августа 1954 г. Кыргызский филиал АН СССР преобразован в Академия наук Кырг. ССР, получили дальнейшего развития академическая, вузовская и отрас левая наука, бы ли открыты КНУ, Физкультурный институт, Кыр гыз ский женский педагогический институт, Ошский и Пржеваль ский пед инс ти туты. Гуманитарий по образованию, И. Раззаков понимал, что даль нейшее развитие республики невозможно без развития технических наук, без собственных инженерных кадров. Вот почему он инициировал в 1954 году создание пер вого инженерного вуза страны – Фрунзенского политехничес кого институ та, ставшего его любимым детищем. Он прекрасно понимал, что без подготовки собственных инженерно-технических кадров нам не поднять промышленность.

Знаменателен еще одно события для детей Кыргызстана. 17 сен6тября 1957 г. было принято постановление ЦК КП и СМ Кыргызской ССР «Об обеспечении детей школьников республики бесплатным горячим завтраком», со глас но которому в 1957 г. были обеспечены горячим завтраком дети школь ники 1-4 классов, а с 1 января 1958 г. 1-7 классов. Это было невидан ном для того времени и успехом, и опасным шагом для руководителя. Второе, постановление парторганизации республики было в 1960 гг. когда И. Разаков за счет внутренних бюджетных средств рес­публики предложил обес печить школьников младших классов рес публики бесплатным обедом. Потом этот шаг не смогли простит руководители центра, обвинили в растран жиривании бюджетных денег. На это московские товарищи обвинили его в том, что он хочет построить коммунизм в Кыргызстане раньше чем в России, в Москве. А следующий шаг, впоследствии был оценен как националисти ческая выходка первого секретаря.

Дело в том, что в 1958 г. с 18 по 28 августа проходила бюро ЦК КП Кыр гызстана, где рассматривался вопрос «о мерах улучшения подготовки мо ло дых кадров из числа молодежи кыргызов в средне-специальных и выс ших учебных заве дениях республики». На этом заседании он отмечал, об упущениях партий но-хозяйс твенных орга ни заций в подготовке националь ных кадров для про мышленности. Он выявил, что к тому времени во Фрун зен ском ве чернем тех ни куме машиностроительства, гидромелиоративном строи тельном технику ме, пищевом техникуме Кара-Балты, Кызыл-Кыйском горном техникуме ЕС ли за последние 5 лет было под го товлено всего 3477 кадров, то только 534 из них были кыр гызами. т.е. составили всего 15%, что было непростительно для на цио наль ной республики. Всего же в 7 техни ку мах транспорта, про мыш лен ности и строительства Кыргызской ССР в 1958 г. обучались всего 2960 студентов, из них всего 300 или 10,6% были кыргызы. В то же время в высших учебных заведениях Кыргызстана, соот ношение кыргызской молодежи были таковыми: КГУ — 50%, ФПИ – 35%, КАЧИ – 20%, ФФИ – 23%, а в заочных формах обучения всего 8% были кыргызы.

Подобные его старания, забота о своем народе, республике, его хариз ма тический талант руководителя, непререкаемый авторитет, народная слава не давали покоя его завистникам и они сделали все, чтобы его сняли с работы и выслали его из Кыргызстана. Так или иначе, в 1961 г. он был осв бож ден от обязанностей 1-го секретаря ЦК КП Киргизии «за допущенные крупные ошибки и недостатки в руко вод стве партийной организации респуб лики». Разумеется, в этом помогли ему и некоторые «кыргызские товарищи».

«Московский период» его жизни.

После освобождения от должности 1-го секретаря ЦК КП Киргизии в 1961-62 гг. – он являлся членом Государственного Экономического Совета СССР, а в 1962-65 гг. занимал скромную должность начальника отдела Госу дар ственного научно-экономического совета при СМ СССР. В 1965-67 годы И. Разаков работал в Государственном плановом комитете Совмина СССР. C 1967 г. ушел на пенсии и умер 19 марта 1979 гг.

И. Разаков член ВКП(б) с 1940 г., в 1952-1961 гг. член ЦК КПСС, Депутат Верховного Совета 2-5 го созывов. Имел государственные награды: 3 орде на Ленина, Орден Трудового Красного Знамени, Орден Красной Звезды, Орден Отечественной Войны I-й степени.

Я лично, как автор данных строк, а также коллектив ОшГЮИ выступаем с ини циативой предложить правительству, Жогорку Кенешу, а также на суд общественности и на внимания читателей сле дующими предложениями:

1. представить Исхака Разакова как выдающегося государственного и пар тийного деятеля кыргызов ХХ века к высокому званию независимого и суве рен ного Кыргызстана, Кыргызской Республики — Героя кыргызского народа.

2. организовать Государственную премию имени И. Разакова, присуж даемое один раз в 5 лет за большие заслуги, выдающимся политикам, госу дарственным и общественным деятелям страны

Абытов Байболот Капарович — доктор исторических наук,профессор, первый проректор ОшГЮИ

http://www.centrasia.ru/newsA.php?st=1291621320

razzakov.wordpress.com

 

Начальная

Windows Commander

Far
WinNavigator
Frigate
Norton Commander
WinNC
Dos Navigator
Servant Salamander
Turbo Browser

Winamp, Skins, Plugins
Необходимые Утилиты
Текстовые редакторы
Юмор

File managers and best utilites

Бакыт Төрөбаев: И.Раззаков гениалдуу иш билги жетекчи катары кыргыз тарыхында калды. Исхак раззаков кыргызча реферат


Исхак Раззаков - Wikipedia

Исхак Раззакович Раззаков (25 октябрь 1910, Коросон айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва шаары, СССР) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер.Кыргыз Республикасынын Баатыры.Сталиндин кадры.

1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги педагогикалык техникумун (1931 ж.), Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн(1936 ж.). 1945-1950-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961 жж. Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.

1945 – 61-жылдары элибизге албан эмгек өтөп, 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болот. Ошентип, Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды башкаруу милдетин биринчи ирет кыргыз кулунуна ишенип тапшырган… Төрт Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы, Кызыл Жылдыз ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Ошол кездери мен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеп жүрүп, Исхак Раззаковичтин акылман, ишмер, адилет, эң таза, кадрларга, өзгөчө жаштарга камкор экенин жакындан өз көзүм менен көргөн элем. Кызыгы, чоң-чоң жыйындарда чечендик учкул сөздөрү менен элди сөзсүз 2-3 ирет күлдүрүп, отургандардын маанайын көтөрүп коймой артыкчылыгы да бар эле. Чыныгы Жолбашчы, нукура Көсөм эле деп ошол кишини айтуу керек!

Айрыкча, ал элибизди түндүк-түштүккө, урук-урууларга жиктөө, жердешчилик өңдүү эски калдыктарды өтө зыяндуу илдет катары эсептеп, ага каршы күрөшкөнүн баса белгилемекчимин.

1955 – 56-жылдар болуу керек. Идеологиялык иштин абалы боюнча Кыргызстан КП БКнын чоң жыйыны өткөн. Ораторлор сөздөрүн бүткөн соң И.Раззаков корутунду сөз менен чыгып сүйлөйт. Ага берилген бир суроону ачык окуп берет. Анда “Эмне үчүн Илимдер академиясында жана партиялык-советтик кызматтарда жалаң эле Түндүк жактан, Ысык-Көлдөн келип иштеп жатышат?” – делиптир. Аягына кол коюлбаптыр. И.Раззаков күлүмсүрөп: “бул суроого жооп бербесе да болот эле. Себеби, ээси жок, колу да жок. Ошого карабастан жооп бербесек болбойт. Анткени, суроо өтө манилүү. Суроону берген адам Кыргыздын тарыхын билбесе керек. Демек, мен бир аз токтолоюн… Падышалык Россия мурда Кыргызстандын түндүк жагын каратып албады беле? Ошондой эле, Советтик бийлик да түндүк жакта мурда болбоду беле? Биринчи техникумдар, жогорку окуу жайлары да мурда пайда болбоду беле? Ошондуктан, кадрларды даярдоо ушул жактан башталбады беле?..Карагылачы, педтехникумду, медтехникумду бүтүргөн 16 –17 жаштагы балдарын путевка боюнча түштүккө кызматка жөнөтүп жатып, маңдайынан сылап, бетинен өөп, узатып жатып “жакшы иштегиле” деген ата-энелерге биз чоң рахмат айтуубуз керек ! -дегенде, залда отургандардын баары дүркүрөтө кол чабышкан. Ошентип, ал балдар окууну бүтүп, түштүк жакка келип, билимин таратуунун натыйжасында, түштүк жактан билимдүүлөр, академик-профессорлор өсүп чыгышына мен толук ишенем”, – деп өз сөзүн бүтүргөн. (“Эркин Тоо”, 13-сентябрь, 2005).

Кийин пенсияга чыкканда да И.Раззаков кичи мекени Кулунду айлына барганда бир жердеши “Сен бийликте турганда кадрларды жалаң Түндүктөн тандоочу элең”, – деп, кычык сөз айтканда Искак Раззаковичтин “Мен үчүн Кыргызстан – бир жер, бир эл !” – деп, берген жообу элибизде учкул сөзгө айланды. Маркумдун бул сөзү бардыгыбыз, айрыкча жетекчи кадрларыбыз үчүн ураан болуп калышы керек!

Эми сөз Кыргызстан КП БКнын Биринчи секретары И.Раззаковдун жана Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевдин адилетсиздик менен иштеринен кандайча бошотулганы жөнүндө болсун. КПССтин тарыхый ХХ съездинен (ага И.Раззаков, К.Дикамбаев да катышкан) кийин өлкөдө кырдаал жакшы жагына өзгөрө баштады. Съезд союдук жана автономиялык республикалардын укуктарын кеңейтүүнү, жергиликтүү шарттар менен өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен зарыл маселелерди өздөрү чечүү үчүн аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүү керектигин белгиледи. Москва көрбөй-билбей келген жергиликтүү көйгөйлөр эми туура чечилет деген үмүт-тилектер да туулду. Кыскасы, өз алдынчалыгыбыз күчөйт деген ойго келдик. А бирок…

1961-жылдын 8 – 9-майында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп, ал “Эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштөөдө кетирген чоң каталары жана кемчиликтери үчүн” партиянын Борбордук Комитетинин биринчи секретары И.Р.Раззаковду, “Министрлер Советинин ишине начар жетекчилик кылгандыгы үчүн” Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевди иштеринен бошотту. Атайын айтылган официалдуу “себеп” ушул эле. Бирок, бул чечим иштен эптеп кетирүүгө, чыныгы көздөгөн максатты жашырып-жабууга курулай шылтоо гана болгон. Эмесе эл, коомчулук билсин үчүн дал ушул жөнүндө ачыгын айталык.

1956-жыл Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болду. Ошол жылы пахтадан, кант кызылчасынан жана башка өсүмдүктөрдөн жогорку түшүм алынды, эт, сүт өндүрүү да бир кыйла артты. Айыл чарбасын өнүктүрүүдө жетишкен бул ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРи 1957-ж. Ленин ордени менен сыйланды.

1936-жылдан баштап мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалаган:

  • 1939—1940 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин алдындагы Мамлекеттик пландын төрагасы.
  • 1940—1944 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары.
  • 1941—1944 — Өзбек ССРнин Агартуу элдик комиссариаты.
  • 1944—1945 — Өзбек ССРнин большевиктер БК Компартиянын катчысы.
  • 1945—1950 —Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин төрагасы.
  • 1950—1961 — Кыргыз ССРнин БК КПнын биринчи катчысы.
  • 1961—1962 —СССРдин Мамлекеттик экономикалык кеңештин мүчөсү.
  • 1962—1965 — СССРдин МК(Министрлер Кеңеши)нин алдындагы Мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы.
  • 1965—1967 — СССР МКнын Мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.

ky.wikipedia.org

Бакыт Төрөбаев: И.Раззаков гениалдуу иш билги жетекчи катары кыргыз тарыхында калды » КАБАРЛАР

Исхак Раззаков - аты легендага айланган кыргыздын чыгаан уулу катары жүрөгүбүздө жашап келет.   Анткени, ал Жаш Кыргыз Республикасын курууда бүтүндөй аң-сезимдүү өмүрүн арнап, элдин өнүгүү тарыхында өзгөчө эмгектерди жасап кетти. Мекенге берилген улуу иштери  кийинки муундарга өрнөк болуп, "Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот" деген таасын сөзү калк арасында али күнгө чейин ураан, девиз катары кеңири колдонулуп келе жатат. И.Раззаков өлкө башында турганда өнөр жайлар түптөлүп, айыл чарбасы гүлдөп, темир жол ж.б. курулуп Кыргызстандын экономикасы өскөн. Орто жана жогорку окуу жайлар, Илимдер Академиясы түзүлүп, канчалаган эл агартуу иштери уюшулуптур. Мындан  улам ал гениалдуу иш билги жетекчи катары кыргыз тарыхында калды.

“Бул үлгү өмүр - келечекте элдин кызыкчылыгын ойлоп, жолун улаган даңтуу уулдарда улансын,  алар Исхак Раззаковдой мамлекетибизге пайдалуу иштерди жасасын! Уникалдуу адамдын улуу эмгеги ар бирибизге үлгү жана сабак! Ал адам дайым арабызда, жигердүү таза иштерибизде, эл ишиндеги чечкиндүү кадамдарыбызда жашайт-деп белгиледи   Лейлек  жергесине   келген  «Өнүгүү-Прогресс»  саясий  партиясынын   төрагасы  Бакыт  Төрөбаев.   Айта  кетсек, Төрөбаев баштаган  партия    мүчөлөрү Т.Шайназаров, М.Бакиров  жана  С.Султанбеков  Исфана  шаарындагы  Исхак Раззаков  атындагы  музейде  болуп,   улуу инсандын  өмүр жолу, жасаган иштери менен таанышып чыгышты. Бул  жерге   Раззаков туурасында  маалыматтар топтолуп, сүрөттөр жана архивдик материалдар  менен толукталган.  Музейдин  илмимий  кызматкери  келген  конокторго   тарыхый инсандын  өмүр таржымалы  туурасында маалымат   айтып   берди.

 «Тагдырды болжоп болбойт экен, бир жерде туулат экенсиң, башка бир  жерде жашайт экенсиң, ал эми  көзүң жумулуп кетсе   бөтөн жердин топурагы буйруп калгандары канча…»  (И.Раззаковдун күндөлүгүнөн )

 Улуу инсандын күндөлүгүнө түшүргөн ушул саптарын окуп жатып,  ал өзүнүн өмүр жолун бүтүндөй эле алдын ала айтып  койгондой туюлат.  Кыргыз элинин өнүгүү тарыхында өзгөчө орунду ээлеген    Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда  азыркы Лейлек районундагы Коросон айлында жарык дүйнөгө келген. Азан чакырылып коюлган аты -  Исак, балдар үйүндө тарбияланып жүргөндө ката кетип, ошол бойдон Исхак болуп калган. Атасы Раззак Сүлүктүдөгү көмүр шахтасында шахтер болуп иштеген. Ошол кезде шахтёрлордун  турмуштары абдан оор болгондуктан ден-соолукка залакасы тийбей койгон жок.  3 жашка чыкканда апасы Жамийла дүйнөдөн кайтып, ал эми 8 жашында атасы каза болот.  Бактысына жараша Октябрь революциясы жеңип, совет өкмөтү Исхакка окшогон жетим балдарды балдар үйүнө алып, окутат. Анын балалык чагы тажиктердин Ходжент шаарында, андан кийин Өзбекстандын  Ташкент шаарындагы интернатта өтөт. Бул жерлерде окуп жүрүп, ал өзбек, тажик, орус тилдерин үйрөнөт. Табиятынан  зирек, тырышчаак, акылдуу, эмгекчил, көзү балбылдаган  жагымдуу бала билимге өтө дилгир, жөндөмдүү  болуп чыгат.

Ташкенттеги педагогикалык  техникумду бүткөндөн кийин мугалим болуп иштейт. Андан кийин 1936- жылы Москвадагы пландоо институтун аяктап,  жогорку билимге ээ болот.   Өзбекстанга кайтып келип,  пландоо комиссиясында иштеген.  8-9 жашында Кыргызстандан кеткен Исхак Раззаков тагдырдын буйругу менен 27 жылдан кийин кайра кайтып келет. 1945-жылы  Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин Председатели болуп дайындалган. Ал эми 1950-51-жылдары Кыргызстан БК нын 1-секретары болуп иштеп, Кыргызстанды алгачкы жолу кыргыз саясатчысы башкарган. Ал башчылык кылып турган учурда Кыргызстан гүлдөп өскөн: Ош-Бишкек жолу,  Кемин- Балыкчы темир жолу, көп ГЭСтер курулган. Абдан көп ири өнөр жай ишканалары:  физприбор заводу, автомашина жыйноо заводу, Оштогу пахтадан кездеме жасоо комбинаты, комволдук-нооту комбинаты, Октябрдын 40 жылдыгы фабрикасы ж.б. ишке киришкен. Раззаков  жогорку билимдүү кадрларды тарбиялоого, өзгөчө техникалык жогорку окуу жайында инженер-адистерди даярдоого көп көңүл бурган. Ал республиканы башкарган учурда  8 жогорку окуу жайы, (анын ичинде политехникалык институт) Кыргыз Илимдер Академиясы ачылган.

Ал бүт өмүрүн мекенге кызмат кылууга арнаган. Ал 18-мартта 1979-жылы дүйнөдөн кайткан жана сөөгү өзү жазгандай  бөтөн жерде,  Москва шаарыдагы  Кунцево көрүстөнгө коюлган эле.  Акыркы сапарга узатууга  Кыргызстандан атайын расмий делегация барбаса да, өз каалоолору менен көптөгөн кызматкерлер, окумуштуулар, студенттер коштошууга келишкен.    Кыргыз элине, жерине опол тоодой эмгек сиңирген  инсандын сөөгүн  туулган жерине алып келүү мындай турсун, кыргыз өкмөтү тарабынан эскерип, көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшкөн бир сап некролог да жазылган эмес экен…

 «Күчтүүдөн коркпо. Өзүңдүн алсыздыгыңан корк»

(И.Раззаковдун күндөлүгүнөн)

И.Раззаков чыныгы гумандуу адам болгон, ал чын ниетинен адамдарга жакшылык кылып, сүйө билген.  Табиятынан  өтө  жөнөкөй, бир калыбынан жазбаган, улууну урматтап, кичүүлөрдү сыйлаган адамдан башкача жаралган бир жан болгон экен. Ал: «Мен бир нерсе колунан келе турган кишини урушам, түшүнбөгөндү миң урушсаң деле  нервиңди короткондон бөлөк эч нерсе чыкпайт.  Жөндөмдүү адамдан жардамыңды аяба, ал иштин майын чыгара аткарат», деп айрыкча күчтүү кадрларга  таянган жана ошентип күндөлүгүнө жазып кеткен экен.  Жөндөмдүү, сабаттуу кадрларды ишке тартып,  иштете билген.

   Исхак Раззаков  күчтүү экономист болгон экен. Анын убагында курулуш индустриясы өнүгүп, көмүр жана нефть-газдык өнөр жайлар кайрадан түзүлүп, ишке киргизилген. Айрыкча, транспорттун бардык түрлөрү, автомобиль жана аба каттамдары өзгөчө өнүгүү жолуна түшкөн. Сымап өндүрүү да бир топ өнүгүү жолуна түшүп, кыргыз сурьмасы дүйнөлүк рынокко чыккан.  Ошондой эле айыл чарбасы тармагында мал чарбасы менен эт, сүт, жүн, пахта, кант кызылчасы, кенаф өндүрүү болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкен.

Темир жолдордун пайда болушу ири өнөр жайдын,  өзгөчө  тоо кен жана металлургиянын өсүшү менен тыгыз байланышта каралат.  1950-жылы аяктаган Кеминден Балыкчыга чейинки курулган жол экономикалык байланыштарды чыңдады. Борбордук Азия, Россиянын чоң-чоң шаарлары  менен байланыштырган  бул темир жол азыр да көптөгөн зарыл функцияларды аткарат. Исхак Раззаковдун бул ишке салымы абдан чоң болгон. Ал И.В.Сталин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  Мамлекеттик планга киргизүүгө жетишкен.

Ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Председатели Төрөбай Кулатовдун эскерүүлөрүнөн:   

Быстровкадан Балыкчыга чейинки темир жолдун курулушундагы окуя

И.Раззаков Кыргыз ССРине Министрлер Советинин  төрагасы  болуп кызматка келгенде  «өлкөдөгү Эл чарбачылыгын калыбына келтирүү боюнча согуштан кийинки беш жылдык план» деп аталган 1946-1950—жылдардын беш жылдык планы каралып жаткан экен. Ошондо  кыргыздын бул чыгаан уулу Быстровкадан Балыкчыга чейин  темир жол куруу маселесин көтөрүп чыгат. Бул маселе боюнча ал  Москвадагы Жол Министрлигине бир нече жолу кайрылып, сүйлөшүп чыгат.  Ошондой эле Мамлекеттик пландоо комиссиясынын транспорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары  Лазар Моисеевич Коганович менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, бирок негедир маселе чечилбей кечеңдей берет. «Экономикалык жактан кирешелүү эмес, стратегиясы максатсыз» деген курулай шылтоолорду айтышып, планга киргизүүдөн баш тартышат.

Ошондо Исхак Раззаков  жолдош Сталинге кирүүнү сунуш кылат. Ал кабыл алууга жазылып, белгиленген күнү И.В.Сталинге кирип, ушул каттам боюнча темир жол куруу  планын айтып, мотивдерин жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берет. Буларды кунт коюп уккан Сталин телефонду бурап, бирөөлөргө чалат да минтип айтат: «Бул жерде менде Кыргызстандан келген жолдоштор отурат. Темир жол куруу боюнча беш жылдык планга киргизип коюуну өтүнүп жатышат»,- дейт. Сыягы телефондон «Куруунун зарылчылдыгы жок» деген жооп алган окшойт, анда Сталин минтип суроо берет экен: «Сиз Кыргызстанда канча жолу болдуңуз эле?”

Телефондо жооп жок…. “Мына көрдүңүзбү? Сиз таптакыр болгон эмес турбайсызбы. Анда мен дагы болгон эмесмин. Ошондуктан бул жерге келген жолдошторго ишенишибиз керек. Зарыл болуп, ошону көрүп, анан келип жатышпайбы. Биз барбасак, кайдан билебиз, экономикалык жактан пайдасыз, стратегиялык жактан максатсыз экендигин?” - деп туруп трубканы коюп салат.

Ошентип алар И.В.Сталиндин кабыл алуусунун чыккандан кийин эле аларды Мамлекеттик пландоо комиссиясында күтүп жаткандыгын айтышат.

Мына ошентип, кыргыздын даңктуу уулдары Исхак Раззаков жана Төрөбай Кулатовдун жан күйүп чуркагандыгынын натыйжасында  Быстровка-Балыкчы темир жолу курулуп калган экен. Ошондой эле «Фрунзе-Суусамыр-Жалал-Абад-Ош автожолун куруу жөнүндө» долбоору боюнча 3200 метр бийиктикте Түндүк менен Түштүктү бириктирип турган  көпүрө, Төө-Ашуу ашуусунда 3 км.ге жеткен тоолорду тешип өткөн тоннелди курууга да негиз салып кеткен.

Аба каттамдары кеңейип, республиканын борборунан  райондордун борборлоруна чейин  аба  жолдору ачылган. Эл  чарбачылыгында  санитардык, токойчулук жана айыл чарбачылыгында  атайын авиациялар иштеп, Кыргызстан бир топ алдыга кеткен.

Мектептерде кыргыз тилин окутууга көбүрөөк саат бердирүүгө жетишип, мектеп жана бала бакчаларында бекер тамак берүүнү уюштуруп берүүгө жетишкен. Бирок,  ушул фактылар кайра  кийин өзүнө каршы компромат катары пайдаланылган. 

«Коом – сен жана мен. Эгерде сен ак болсоң, мен ак болом, ошондо коом да таза болот» (И.Раззаковдун күндөлүгүнөн)

И.Р.Раззаков – Кыргызстандын тарыхындагы  жарык жылдыз. Бул адамдын сырткы сулуулугу, жагымдуулугу ички дүйнөсүнө, маданиятына  дал келип, кичи пейилдиги жуурулушуп тургандай таасир берген. Айрыкча ташка тамга баскандай ачык дикциясы менен орундуу, так сүйлөгөн сөзү көпкө чейин эстен чыкпай жагымдуулуктун туткунунда калганын сезбей калышчу экен. Ал келечекти көрө билген аналитикалык талдоосу менен логикалык ой жүгүртүүсү айкалышкан проблеманы чечүүдө масштабдуу стратегиялык пландарды түзө билген акылына мол тажрыйбасы дал келген өзгөчө инсан. Ыплас саясаттан алыс болуп, өзүнүн тазалыгы, чынчылдыгы менен ошол саясатты да эл кызыкчылыгы үчүн иштеткен. Элди улутуна, жынысына карабай бир ууч кылып бириктирип, бардык күчүн  күчтүү өлкө болууга үрөгөн.   Кандай проблема болбосун укмуштуудай тездик менен жепжеңил эле чече алган.

Биз  ойлойбуз, Кыргызстанга азыр дал ошол И.Раззаковдой уникалдуу таза инсан, башкаруучу жетишпей жатат. Эл да ушундай жетекчиге чаңкап турат. Ар бирибиз: «Мен  таза болсом, сен таза болсоң,  коом да таза болот» деген принципти кармансак, бир аз да болсок, өз үлүшүбүздү кошор белек?...

 «Турмуш – катаал, өлүм – ак. Туулдуң – өлдүң. Деги  өлбөстүк барбы?  Ооба, бар, ал – эмгек.  Эмгек гана өлбөстүктү жаратат.» (И.Раззаковдун күндөлүгүнөн)

Ооба, эмгек өлбөстүктү жаратат.  Көрө албастар колунан келишинче каршылык көрсөткөнүнө карабастан элдин сүймөнчүгүнө айланып, сүйүүсүнө арзыган бул адам унутта калган жок. Учурунда аны туулган жерине алып келип, адамча коштошуп, көмө албасак да, ушундай улуу инсандын баркына жете албасак да,  мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин көптөн тилеген мезгил келип жетти окшойт. Атайын комиссия түзүлүп, маркумдун акыркы осуяты орундалып, сөөгү мекенине алынып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнөн жай алды. Кыргыздарда «пейилине жараша» деп коюшат эмеспи,  мүрзөнүн үстүнө коюлган атактуу скульптор Т.Садыковдун колунан жаралган эстелиги да өзгөчө жандуу чыккан дешет  адистер. Кыргыздын чыгаан уулу И.Раззаков тарыхтан өз ордун таап, анын көп кырдуу өлбөс-өчпөс эмгектери  эскерилип, тиешелүү баасын алып жатат.  Жаркын инсандын аты бир кездерде өзү түптөгөн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине берилген. Мындагы «Экономикалык журналистика жана реклама» кафедрасы ар жыл сайын туулган жана каза болгон күндөрүн эскеришип, гүл коюп, эскерүү сааттарын өткөрүүнү адатка айландырып алышкан. Мүрзөсүнө куран окушуп, Исхак Раззаковго ыр дестелерин  арнашат. (Таң калыштуусу - качан барбагын мүрзөнүн үстүндөгү гүлдөрдүн жаңыланып турушу мында келгендердин саны арбын экендигин кабарлайт.) Аудиторияларда документалдуу фильмдер көрсөтүлүп, көргөзмөлөр уюштурулат. Айрыкча, шаардагы И.Раззаковдун үй музейиндеги кызматкерлер менен тыгыз байланышта болушуп, ар кандай иш чараларды өткөрүүгө жардамдашышат.

          Исхак Раззаковго окшогон  уникалдуу адамдар жер бетинде чанда төрөлөт дешет.  Байтикке кире бериш жерлерде, Бишкектин тегерегинде созулуп жаткан  дөбөлөрдө миңдеген мисте  жана бадам  дарактары керилип,  бөтөнчө кооздук берип турат. Мына ушул дарактар  дагы кезинде Исхак Раззаковдун демилгеси менен  отургузулуп калган экен.  Азыр алар дүпүйүп көгөрүп, мөмө бере баштады. Ошол сыяктуу эле көрүнүктүү коомдук ишмердин, таланттуу жетекчинин жасаган эмгектери жерде калбай,  анын даңктуу жолун улантуучу инсандар  көбөйүп, мамлекетибизге пайдалуу иштерди жасап, элдин кызыкчылыгын өздөрүнүн кызыкчылыктарынан жогору коюшса экен  демекчибиз-деп  кошумчалады  Бакыт  Төрөбаев  өз  сөзүндө.

Бакыт Төрөбаев: И.Раззаков гениалдуу иш билги жетекчи катары кыргыз тарыхында калды

Бакыт Төрөбаев: И.Раззаков гениалдуу иш билги жетекчи катары кыргыз тарыхында калды

 

kabarlar.org

Личности Кыргызстана: Исхак Раззаков: «Добрая память народа — это самое главное для государственного деятеля».

Limon.KG - Кыргызстан богат яркими историческими личностями. Исхак Раззаков всегда был и остается в памяти потомков кыргызкого народа, как легендарная личность. Раззаков возглавлял Кыргызстан в качестве первого секретаря ЦК. На его плечи легла задача вывести республику из послевоенных трудностей и придать новые стимулы для ее развития.

«Меня воспитал детдом, я вырос без родителей, поэтому знаю, как необходимы малышу отец и мать».

КК

Будущий государственный и партийный деятель родился в селе Хоросан нынешнего Лейлекского района Баткенской области 25 октября 1910 года. В три года потерял мать, спустя два года потерял отца и остался круглою сиротой. Дальние родственники отдали мальчика в Ходжентский приют. В этом детском доме воспитывались дети таджикской, узбекской, кыргызской, русской и других национальностей. Здесь он делал первые шаги к жизни, научился писать и читать. Позже он говорил: «Меня воспитал детдом, я вырос без родителей, поэтому знаю, как необходимы малышу отец и мать». Поняв, как трудно жить круглою сиротой он воспитал мальчика-сироту как своего сына.

Дипломную работу Исхака Раззакова рекомендовали выпустить отдельной книгой

1Н

С самого детства он отличался от других детей тем, что всегда стремился получить новые знания и безумно любил читать книги. Будучи кыргызом по национальности, он блестяще владел русским, таджикским и узбекскими языками, был интернационалистом по своим внутренним убеждениям. В 1923 году его перевели на учебу в Ташкент, где он смог поступить в интернат-школу 2-ой ступени имени Намуна. С 1925 по 1929 года он учился в Узбекском институте просвещения в городе Ташкент. Последующие два года преподавал обществоведение в Самаркандском техникуме торговли. В 1931 году Исхак поступил в Московский институт Госплана имени Кржижановского по специальности «плановик по энергетике». Несмотря на то, что он был выходцем из глубины Кыргызстана, молодой человек учился на отлично, совмещая должность агитатора, пропагандиста московского всесоюзного завода имени Оржоникидзе. По окончании института, защитил диплом на тему рационального использования топливных ресурсов и получил специальность экономиста-плановика. Его дипломную работу рекомендовали выпустить отдельной книгой, конечно, это было большим достижением как для Исхака Раззакова, так и для Кыргызстана.

Кыргызский сын узбекского народа

3А

После окончания учебы в Москве Раззаков возвращается в Узбекистан. Он занимал высокие должности республиканского масштаба. Начинал свою политическую деятельность руководителем Госплана в отделе топлива Узбекистана. Вскоре его выдвинули на должность заместителя председателя Совета Народных Комиссаров Узбекской ССР. В Узбекистане практически все считали его узбеком, поскольку он внес огромный вклад в развитие Узбекистана в предвоенные и военные годы. Лишь немногие знали, что он кыргыз. Когда Исхак Раззаков говорил на таджикском, все думали что он таджик, а когда говорил по узбекски — называли узбеком. Как только он начинал говорить на кыргызском, многие удивлялись, откуда он учился говорить по-кыргызски.

Раззаков приехал на родину

4В

На родину он вернулся как опытный государственный деятель и партийный руководитель. Раззакова лично Сталину рекомендовали руководители Узбекистана У. Юсупов, Ю.Ахунбаев и другие. В высоких кругах его заметили за морально-волевые качества и выдающиеся способности. Когда ему было 35 лет, Политбюро ЦК КПСС направило его на пост председателя Совета Министров Кыргызской ССР. Затем он занимал должность первого секретаря ЦК КП Киргизской ССР. В 1967 году Исхак Раззакович вышел на пенсию.

Что сделал Исхак Раззаков для Кыргызстана?

scan0008  

В послевоенные годы главной задачей Советского союза, в том числе Советской Киргизии стала перестройка хозяйства на мирный лад. За время его руководства были введены в действие 20 крупных промышленных объектов народного хозяйства. Среди них Лебединовская, Аламединская ГЭС, новые шахты в Кызыл-Кие и в Сулюкте, Кантский рудник цветной металлургии, завод «Киргизавтомаш», Ошский электромеханический завод, ремонтно-механический и асфальто-бетонный завод во Фрунзе, Таласский кирпично-черепичный завод. В 1948 году было завершено строительство железной дороги Кант - Рыбачье с общей протяженностью 172 км. А к 1950 году общая протяженность железной дороги в республике составила 368 км. Завершилось строительство БЧК, Орто-Токойского водохранилища, орошено и освоено более трех тысяч гектаров безводных земель, на них переселились тысячи людей. За короткий период в 1945-1960 годах построены, введены в эксплуатацию и реконструированы 59 заводов, фабрик, 46 цехов и участков. Это было огромным успехом для маленькой республики. Впервые был открыт водный транспорт на Иссык-Куле, а также налажено первое в истории Кыргызстана троллейбусное движение во Фрунзе. Он прекрасно понимал, что без подготовки собственных инженерно-технических кадров нам не поднять промышленность.

scan0005

Были открыты КНУ, Физкультурный институт, Кыргызский женский педагогический институт, Ошский и Пржевальский пединституты. Государственный деятель инициировал в 1954 году создание первого инженерного вуза страны – Фрунзенского политехнического института. Подобные вопросы и проблемы решали только руководители, которые находились в Москве, Раззаков харизматическим талантом, блестящим умом сумел убедить московских вождей в необходимости подобных предприятий. В 1960 году Раззаков предложил обеспечить школьников младших классов бесплатным обедом за счет внутренних бюджетных средств республики. После этого предложения руководители центра обвинили его в растранжиривании бюджетных денег и в желании построить коммунизм в Киргизии раньше, чем в Москве. Это было невиданным для того времени и успехом, и опасным шагом руководителя.

Раззаков хотел, чтобы кыргызы обучались в вузах

1368640938_f1-2

В 1958 году он выяснил, что к тому времени во Фрунзенском вечернем техникуме машиностроительства, гидромелиоративном строительном техникуме, пищевом техникуме Кара-Балты, Кызыл-Кийском горном техникуме за последние 5 лет окончили учебу 3477 студентов и только 534 из них были кыргызами. Кроме этого, в 7 техникумах транспорта, промышленности и строительства Киргизской ССР к тому времени обучались 2960 студентов, из них всего 300 студентов были кыргызскими студентами. Он считал этот факт непростительным для национальной республики.

Наше общество будет чистым!

scan0003

Мы помнили и помним золотые слова Исхака Раззакова: «Если ты будешь чист, если я буду чист, то и общество будет чистым».

Последние дни вдали от родины

АА

Исхак Раззаков как-то говорил: «Судьбу, оказывается, невозможно предугадать. Родишься в одном месте, живешь в другом, а разве мало похоронено на чужбине». К сожалению, такая судьба была уготована и ему самому. Умер И.Раззаков 18 марта 1979 года в Москве. В начале 1960 годов Раззаков попал в опалу при Никите Хрущеве. Человека, столько сделавшего для страны, стали преследовать, и он с семьей вынужден был переехать в Москву. Спустя более двадцати лет со дня смерти его прах был перевезен в Бишкек и с почестями похоронен на Ала–Арчинском кладбище.

msn.limon.kg

Исхак Раззаков: фото и биография

Исхак Раззаков – незаурядная личность, прошедшая испытания и оставшаяся в памяти своего народа. При жизни он не был по достоинству оценен современниками и его славное имя предали забвению. Лишь новая эпоха – развития демократии и реформирования жизненного уклада Кыргызстана вернула стране имя Раззакова.

Детство

Исхак Раззаков, биография которого описана в этой статье, рос без родителей и воспитывался в детдоме. Родился он двадцать пятого октября 1910 года в селе Хоросан Лейлекского района (Баткенская область). Когда ему было три года, умерла мать, а еще через два – ушел из жизни отец. Таким образом, малыш стал сиротой.

Родственники отдали его в приют, в котором воспитывались мальчики кыргызской, узбекской и русской национальностей. Тут он научился читать и писать, делая первые жизненные шаги. С малолетства он отличался стремлением получать знания и любил книги. Он владел несколькими языками и был по убеждениям интернационалистом.исхак раззаков

Учеба

В 1923 г. Исхака отправили учиться в Ташкент. С 1925 по 1929 гг. он учился в институте просвещения, далее два года занимался преподаванием обществоведения в Самаркандском техникуме торговли. На этом его обучение не окончилось, и он в 1931 г. поступил в Московский институт им. Кржижановского.

Начало политической карьеры

После учебы Исхак Раззакович Раззаков вернулся в Узбекистан, где занимал должности республиканского масштаба. В этой республике его считали узбеком, и мало кто знал, что он кыргыз. На свою родину он приехал, уже будучи опытным политическим деятелем.

Кыргызская Республика нуждалась в молодых специалистах и в высоких кругах на него обратили внимание.

Когда Раззакову исполнилось 35 лет, руководство назначило его председателем Совета Министров республики. Потом он был первым секретарем ЦК КП Кыргызской ССР, а в 1967 г. вышел на пенсию.кыргызская республика

Заслуги Раззакова

Задачей Советского Союза в послевоенные годы была перестройка страны на мирный лад. За время руководства Исхака Кыргызская Республика обзавелась двадцатью промышленными объектами народного хозяйства. Это Аламединская, Лебединовская ГЭС, шахты в Сулюкте и Кызыл-Кие, рудник цветной металлургии в Канте, завод «Кыргызавтомаш» и другие предприятия.

В 1948 г. построена железная дорога, соединяющая Кант и Рыбачье. Протяженность ее – 172 километра. К 1950 г. общая протяженность железных дорог в Кыргызской ССР составляла 368 километров. К этому времени также завершилось строительство Орто-Токойского водохранилища, БЧК. За небольшой срок с 1945 по 1960 гг. построено 59 фабрик и заводов.

Это был большой успех для республики. Впервые по Иссык-Кулю начал ходить водный транспорт, и было налажено троллейбусное движение в главном городе республики (Фрунзе). Исхак Раззаков отдавал себе отчет, что без подготовки кадров промышленность Кыргызской ССР не поднять.исхак раззаков биография

Открывались вузы: Физкультурный институт, КНУ, КЖПИ, Пржевальский и Ошский пединституты. Раззаков инициировал создание первого инженерного вуза республики, произошло это событие в 1954 г. В 1960 г. он предложил давать школьникам младших классов бесплатные обеды. По этой причине его обвиняли в транжирстве бюджетных средств. Это одновременно был успех и опасный шаг Исхака.

В период своего руководства Раззаков способствовал достижению ощутимых результатов в развитии средств массовой информации и культуры. В пятидесятых годах в Кыргызской Советской Социалистической Республике создавались произведения литературы и искусства. В 1958 г. в Москве проводилась декада народного творчества, которая восславила республику и ее культуру на весь Советский Союз.

В 1958 г. в ВУЗах республики за последние пять лет получили дипломы 3477 студентов, 534 из них – кыргызы. Помимо этого, в техникумах обучалось 2960 человек, из них 300 кыргызов. Раззаков полагал, что этот факт непростителен для республики.исхак раззакович раззаков

Последние дни выдающегося руководителя

В шестидесятых годах он попал в опалу при Хрущеве. Его стали преследовать, и ему пришлось вместе с семьей переехать в Москву. К сожалению, судьба его сложилась так, что ушел из жизни Исхак Раззаков на чужбине. Умер он восемнадцатого марта 1979 г. в столице Советского Союза.

Через двадцать лет после кончины прах Раззакова перевезен в столицу Кыргызстана и с почестями захоронен на Ала-Арчинском кладбище.

fb.ru

Раззаков, Исхак Раззакович - 2 Февраля 2014 - МекенимKG

Исхак Раззакович Раззаков (25 октябрь 1910, Хоросан Бокса айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва шаары, СССР) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги педагогикалык техникумун (1931 ж.), Москвадагы пландоо институтун бүтүргөн(1936 ж.). 1945-1950-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961 жж. Кыргыз ССР Коммунистик партиясынын Борбор комитенин биринчи катчысы болуп иштеген.

1945 – 61-жылдары элибизге албан эмгек өтөп, 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болот. Ошентип, Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды башкаруу милдетин биринчи ирет кыргыз кулунуна ишенип тапшырган… Төрт Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы, Кызыл Жылдыз ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Ошол кездери мен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеп жүрүп, Исхак Раззаковичтин акылман, ишмер, адилет, эң таза, кадрларга, өзгөчө жаштарга камкор экенин жакындан өз көзүм менен көргөн элем. Кызыгы, чоң-чоң жыйындарда чечендик учкул сөздөрү менен элди сөзсүз 2-3 ирет күлдүрүп, отургандардын маанайын көтөрүп коймой артыкчылыгы да бар эле. Чыныгы Жолбашчы, нукура Көсөм эле деп ошол кишини айтуу керек! Айрыкча, ал элибизди түндүк-түштүккө, урук-урууларга жиктөө, жердешчилик өңдүү эски калдыктарды өтө зыяндуу илдет катары эсептеп, ага каршы күрөшкөнүн баса белгилемекчимин.

1955 – 56-жылдар болуу керек. Идеологиялык иштин абалы боюнча Кыргызстан КП БКнын чоң жыйыны өткөн. Ораторлор сөздөрүн бүткөн соң И.Раззаков корутунду сөз менен чыгып сүйлөйт. Ага берилген бир суроону ачык окуп берет. Анда "Эмне үчүн Илимдер академиясында жана партиялык-советтик кызматтарда жалаң эле Түндүк жактан, Ысык-Көлдөн келип иштеп жатышат?” – делиптир. Аягына кол коюлбаптыр. И.Раззаков күлүмсүрөп: "бул суроого жооп бербесе да болот эле. Себеби, ээси жок, колу да жок. Ошого карабастан жооп бербесек болбойт. Анткени, суроо өтө манилүү. Суроону берген адам Кыргыздын тарыхын билбесе керек. Демек, мен бир аз токтолоюн… Падышалык Россия мурда Кыргызстандын түндүк жагын каратып албады беле? Ошондой эле, Советтик бийлик да түндүк жакта мурда болбоду беле? Биринчи техникумдар, жогорку окуу жайлары да мурда пайда болбоду беле? Ошондуктан, кадрларды даярдоо ушул жактан башталбады беле?..Карагылачы, педтехникумду, медтехникумду бүтүргөн 16 –17 жаштагы балдарын путевка боюнча түштүккө кызматка жөнөтүп жатып, маңдайынан сылап, бетинен өөп, узатып жатып "жакшы иштегиле” деген ата-энелерге биз чоң рахмат айтуубуз керек ! -дегенде, залда отургандардын баары дүркүрөтө кол чабышкан. Ошентип, ал балдар окууну бүтүп, түштүк жакка келип, билимин таратуунун натыйжасында, түштүк жактан билимдүүлөр, академик-профессорлор өсүп чыгышына мен толук ишенем”, – деп өз сөзүн бүтүргөн. ("Эркин Тоо”, 13-сентябрь, 2005).

Кийин пенсияга чыкканда да И.Раззаков кичи мекени Кулунду айлына барганда бир жердеши "Сен бийликте турганда кадрларды жалаң Түндүктөн тандоочу элең”, – деп, кычык сөз айтканда Искак Раззаковичтин "Мен үчүн Кыргызстан – бир жер, бир эл !” – деп, берген жообу элибизде учкул сөзгө айланды. Маркумдун бул сөзү бардыгыбыз, айрыкча жетекчи кадрларыбыз үчүн ураан болуп калышы керек!

Эми сөз Кыргызстан КП БКнын Биринчи секретары И.Раззаковдун жана Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевдин адилетсиздик менен иштеринен кандайча бошотулганы жөнүндө болсун. КПССтин тарыхый ХХ съездинен (ага И.Раззаков, К.Дикамбаев да катышкан) кийин өлкөдө кырдаал жакшы жагына өзгөрө баштады. Съезд союдук жана автономиялык республикалардын укуктарын кеңейтүүнү, жергиликтүү шарттар менен өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен зарыл маселелерди өздөрү чечүү үчүн аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүү керектигин белгиледи. Москва көрбөй-билбей келген жергиликтүү көйгөйлөр эми туура чечилет деген үмүт-тилектер да туулду. Кыскасы, өз алдынчалыгыбыз күчөйт деген ойго келдик. А бирок…

1961-жылдын 8 – 9-майында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп, ал "Эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштөөдө кетирген чоң каталары жана кемчиликтери үчүн” партиянын Борбордук Комитетинин биринчи секретары И.Р.Раззаковду, "Министрлер Советинин ишине начар жетекчилик кылгандыгы үчүн” Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевди иштеринен бошотту. Атайын айтылган официалдуу "себеп” ушул эле. Бирок, бул чечим иштен эптеп кетирүүгө, чыныгы көздөгөн максатты жашырып-жабууга курулай шылтоо гана болгон. Эмесе эл, коомчулук билсин үчүн дал ушул жөнүндө ачыгын айталык.

1956-жыл Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болду. Ошол жылы пахтадан, кант кызылчасынан жана башка өсүмдүктөрдөн жогорку түшүм алынды, эт, сүт өндүрүү да бир кыйла артты. Айыл чарбасын өнүктүрүүдө жетишкен бул ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРи 1957-ж. Ленин ордени менен сыйланды.

И.Раззаков

Исхак Раззакович Раззаков (25 октябрь 1910, Хоросан Бокса айылы, Фергана областы, Россия империясы — 19 март 1979, Москва 


Смотрите также

 

..:::Новинки:::..

Windows Commander 5.11 Свежая версия.

Новая версия
IrfanView 3.75 (рус)

Обновление текстового редактора TextEd, уже 1.75a

System mechanic 3.7f
Новая версия

Обновление плагинов для WC, смотрим :-)

Весь Winamp
Посетите новый сайт.

WinRaR 3.00
Релиз уже здесь

PowerDesk 4.0 free
Просто - напросто сильный upgrade проводника.

..:::Счетчики:::..

 

     

 

 

.