Начальная

Windows Commander

Far
WinNavigator
Frigate
Norton Commander
WinNC
Dos Navigator
Servant Salamander
Turbo Browser

Winamp, Skins, Plugins
Необходимые Утилиты
Текстовые редакторы
Юмор

File managers and best utilites

Эне тил. Реферат эне тил


Эне тил

Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Ар бир эл өзүнүн тили аркылуу гана ата-бабаларынын руху менен байланыша алат. Өз тилин жоготкон Эл ата-бабалардын руху менен болгон байланышын да жоготот. Ата-Бабалардын руху менен байланышын жоготкон эл тарыхын жоготот. Тарыхын жоготкон эл - тамырын жоготот. Тамырын жоготкон эл - анан өзү да акырындап куурап жок болот. Кыргыз тили - "Улуу тил" экендигинде шек жок. Анткени, улуу тил болбосо, ал "Манас" баштаган оозеки чыгармачылыктын 40 томдук үлгүлөрүн жаратканга күч-кубаты жетмек эмес жана көптөгөн дастандардын баарын поэзия тилине салып сүйлөтө алмак эмес. Андай бийик деңгээлге жетүү үчүн Тил миң жылдык жолдорду басуусу керек.

Кылычты кыя чапкан тил, Кыргызым барктап баккан тил. Кызыл жалын от кечип, Кылымдап жолду баскан тил. Кырааты менен сүйлөсө, Кытайга дагы жаккан тил. Эчен ашуу ашкан тил, Элибиз барктап баккан тил. Элдигин элим жоготпой, Энедей барктап баккан тил. Эр Төштүк, Жаңыл, Курманбек Эпостун баары баткан тил. Акындын багын ачкан тил, Акылды элге чачкан тил. Башынан сактап жат айткан, Бабабыз Манас баткан тил. Ааламда элге таанытып, Айтматов багын ачкан тил.

Кыргыз эли Теңирден Сөз өнөрүн мурастап алган улуу Манастын урпактары аны белгилүү чыгыш таануучу-түрколог, этнограф “Манас” изилдөөчү В. В. Радловдун кыргыздын ошол замандагы сөз кудуретине таң калып мындай айткан сөзү бар экен: “Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл мемиреп үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бул жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүн табияты ушунда” ошондой эле кыргызча-орусча сөздүктүн автору белгилүү окумуштуу К. К. Юдахиндин: “Кыргыз тилин изилдеп, бүт жан дүйнөм арбалып чыга албай калдым, өзүнчө бир сырдуу касиети бар экен” – деп айтканы да бекеринен эмес.

Кыргыз тили – кыргыз тарыхы. Ал эл менен бирге эчен кылымдар ашып, турмуштун ар кандай шарттарын башынан өткөрүп, бүгүнкү күнгө чейин келди. Биздин ата-бабалар тилди өзүнүн “Манасы” баш болгон элдик оозеки чыгармалары менен бирге көздүн карегиндей сактап келген муундарга, бизге деп ыйык аманат катары жеткирди.

Кыргыз калкынын оозеки чыгармачылыгы – ооздон оозго, муундан муунга өтүп түбөлүктүү келе жаткан ардактуу жана сыймыктуу мурас. Андай чыгармалар кыргыз калкынын нечен кылымдан берки күрөштөрүн, үмүтүн, санаасын билдирип, көбүнчө эмгекчилердин мүдөөсүн көксөп келгендиктен, эл чыгармасы болуп эсептелет. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгында калкыбыздын өткөндөгү турмуш-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын көрсөткөн чыгармалар өтө көп. Аларга: керез, айтыш, арман, кошок, бешик ырлары, санат, эмгек ырлары, насыят, ырым-жырым ырлары жана улуу эпос Манас, ошондой эле “Эр төштүк”, “Курманбек”, “Эр табылды”, “Кожожаш”, “Жаныш-Байыш”, “Жаныл мырза” сыяктуу кенже эпостор кирет. Биздин күнгө ушундай улуу мурастарды жеткирген касиеттүү эне тилибиз эмеспи. Кыргыз тил күнү 23-сентябрь күнү жыл сайын белгиленет. Ал эми эл аралык эне тил күнү 21-февралда майрамдалат.

Касиеттүү эне тил Карылардын оозунда – Шекер, шербет, бал болгон. Эр жигиттин оозунда Намыс менен ар болгон. Касиеттүү эне тил, Аруу, назик сезимдей. Кылым бойлоп келесиң, Кыргыз атын өчүрбөй. Бой тумардай санайбыз, Кадыр тутуп өзүңдү. Көп колдонбос буюмдай, Чаң баспасын сөзүңдү.

Ошентип эчен кылым карытып, эчен кыйынчылыктарга туш болуп, тарыхта өз ордун сактап келген кыргыз тили өткөн кылымдагы СССРдин учурунда дагы бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Кыйынчылык дегенибиз совет доорунда бардык мекемелердеги иш-кагаздары, жыйындар орус тилинде гана жүргүзүлгөн. Көптөгөн кыргыз мектептер жана бала-бакчалар жабылган. Ал эми өткөн кылымдын 40-50-жылдарында элибиз “Орусташууну” улантып, уул-кыздарынын ысымдарын орус элинин ысымдарына өткөрүшкөн учурлар да болгон.

Мурдагы СССРдин кайра куруу доорунда бир катар союздук республикалар мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алып, ошол республикада Мамлекеттик тил катары таанылган. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Конституциясына ылайык Кыргыз ССР Жогорку Кенешинин сессиясында “Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Анда Кыргыз ССРинин аймагында кыргыз тили мамлекеттик тил катары колдонулуп, СССР элдеринин улуттар аралык баарлашуу тили болуп орус тили колдонулары белгиленген. Ал эми республиканын шаарларындагы, айылдарындагы, мекемелериндеги, ишканаларындагы, уюмдардагы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өтүү 1989-1998-жылдары ишке ашырылмак. Бирок иш мыйзамдын жана андан кийинки жоболордун негизинде жүргүзүлбөстөн 2005-жылга чейин кагаз бетинде калган. Ал эми 2005-жылдан бери мамлекеттик тилге Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөт тарабынан көңүл бурулуп, көптөгөн алгылыктуу иштер жасалууда.

Ушундай бай тарыхы бар тилибиздин жазуусу бүгүнкү күнгө чейин кандай жолду басып өткөнүн билесиңерби?

Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштарга, кээ бир буюмдарга жазылган кыргыз жазуулары Енисейдин жогору жагынан, Түштүк Батыш Монголиядан жана Түштүк Сибирден табылган. Эстеликтерде жазылган окуялардын жазууларынын көбү VII кылымдын аягына таандык экенин билсе болот. Бул Енисей-Орхон жазуулары илимде XVII кылымдын аягынан бери белгилүү болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленген. Академик В. Радлов анын баарын которуп, 1897-жылы кагаз бетине бастырып чыгарган.

Өзүнүн мазмунуна караганда, Енисей эстеликтеринин эң эскиси – Торопа Ичкеринин сыйына коюлган бегре жазуусу. Бул – кыргыз элинин эң байыркы адабий текстин, Бегре жазуусун, академик 648-жылга тиешелүү деп эсептейт. Енисей жазууларын кыргыз адабиятынын баштапкы булагы катары караса болот, анткени анда көркөм адабиятка тиешелүү каражаттар (метафора, гипербола, уйкаштык ж. б) орун алган. Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таркашы (X-XI к.) менен акырындап колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонууга өткөн.

Араб тамгасында иш кагаздарын, тарыхый документтерин, адабий чыгармаларын ж. б. жазып калтырышкан.

20-кылымдын 1924-жылы кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тилинде окуу китептери басыла баштады. Алгач улуттук жазуу реформаланган араб тамгалары аркылуу жүргүзүлгөн. Бирок ал кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө туура келбегендиктен, 1928-жылдан тартып латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаны алфавит колдонула баштаган.

Андан соң, 1941-жылдан ары, орус алфавитинин негизинде түзүлгөн жаны жазууга өткөн. Азыркы кыргыз жазуусу фонетика-морфологиялык принципке негизделген. Анда орус алфавити (кирилица) толук пайдаланылып, ң, ү, ө тамгалары кошумча киргизилген.

Кыргыз тили кыргыз элинин өзүндөй эле байыркы, өтө көп кылымдарды башынан өткөргөн, байлыгы ашкан, ийкеми артып, кылдат ой-пикирлерди талапка ылайык толук бере алган, билим-илимге татыган, маданиятка кызмат кылган жана башка элдер менен болгон алаканы үзгүлтүксүз жүзөгө ашырган, өнүп-өсө берүүдөн улам бекем сакталуучу тил.

Кылымдарды карыткан ата-бабаларыбыздын тили жалан гана акын-жазуучуларга керек эмес, баарыдан мурда эл башкарган кыргыздын намысын сактай турган ар бир атуулга керек. Ошондуктан өткөн кылымдагы кыргыз тилинин касиети бүгүнкүгө салыштырмалуу кеп маданиятын сактап, өркүндөтүп, элибиздин атын дүйнөгө тааныткан эне тилибизге таза мамиле жасоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз болмокчу.

Баба тилим - бал тилимЭне тилим эчен доор аттаган, Эне Сайдан - Теңир Тоого аттанган. Ырга жакын, ыргак тура деп айтып, Ырадловдор, Бартольддор мактаган. Бакай, Кошой, Манас өңдүү бабалар "Байыркы элдин тили" дешип барктаган. Бали, ырахмат Аталар, Баба тилин барктаган. Урмат сыйга жеткирип, Урпактары сактаган! Баба тилим - бал тилим деп кубанам, Баарыңардан таза тут деп суранам. Байыркыдан келе жаткан ыйык тил, Барктабаган өнөө тилдер кулаган. Кылым сайын кыйла улутка теңдешип Кыргыз тилим дуулдаганы-дуулдаган. Урматташып бул тилди, Уул-кыздар улаганы-улаган. Булбул кайрык ыргактарын, Булак коштойт дайрадан!

tyup.net

«Эне тилим – эне сүтүм»

Балыкчы шаарындагы №8 «Ак тилек» бала бакчасынын жогорку тобунда өтүлгөн ачык сабактын конспектиси

Сабактын максаты: Балдарга кыргыз тилинин улуулугун, ыйыктыгын, тил тарыхыбыздын негизги куралы экендигин түшүндүрүү. Балдардын сөз байлыгын, сүйлөө речин, эске тутуусун, көркөм айтуусун калыптандыруу. Эли-жерин сүйүүгө, өз тилин сактай, барктай билүүгө, эстетикалык табитин өстүрүүгө тарбиялоо.

Күтүлүүчү натыйжа: Балдар мекенин, эли-жерин, эне тилин сүйүүгө үйрөнөт, экологиялык тарбия алат.

Керектүү материалдар: Китептер, сюжеттүү сүрөттөр, стол үстүндөгү театр, кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук тамак-аштар, түстүү кагаздар, камыр, пластилин, түстүү боектор, түстүү калемдер, курулуш материалдары, ак барактар.

Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы коноктор! Саламатсыңарбы балдар! Биз силер менен бүгүн «Эне тилим — эне сүтүм» деген темада сабак өтөбүз. Кыргыз тили байыркы тилдердин бири, ал далай кы­лымдарды басып өттү. Биз эне тилибизди барктап, аны терең үйрөнүшүбүз керек, анткени ал биздин ата-бабабыздан калган мурасыбыз, байлыгыбыз.

Актан, Акылай:

Саламатсыңарбы, биздин кичинекей достор!

Актан: Биз бүгүн «Ак тилек» бала бакчасында кыргыз тил сабагы болуп жатат деп конокко келдик. Силерге ырларды, табышмактарды ала келдик.

Акылай: Кыргызстан – жашыл жери, жашыл бакча жергеси.Жайыт тору, дан талаасы, сан байлыктын энеси.Кен казнасы, көл сулуусу, тунук суунун атасы.Ак пейилдин, мартчылыктын, ырыскынын кемеси.

Актан: Кыргызстан – соолук айылы, таланттардын эшиги,Тунук акыл, чебер көлдүн түгөнбөгөн кесиби.Заманына, өз калкына ой-пикири санаалаш.Кыргызстан – ыр калаасы, ырахаттын бешиги.

Актан: Акылай, кел эми, балдардан сурайлычы, кандай ырларды билишет экен?..

Акылай: Кана, биздин кичинекей достор. Мекенибиз, биздин эне-тилибиз жөнүндө кандай ырларды билесиңер?

Кылычын карап от чачып Кызыгып кимдер келген жок. Кыргында жанын берсе да Кыргызым тилин берген жок. Кыргыз тилин өзүм сүйүп үйрөнгөм Мурунтадан ата-бабам сүйлөгөн. Сен бар кезде мен тирүүмүн, мен бармын, Сен жоголсоң мен жоголом дүйнөдөн. Чыңгызымдын жат тили Кылымдарды сапырган, Доорлорду батырган Ырдап бүткүс таңы бар. Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм, Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм. Башка тилди жандай жакшы көрсөм да, Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм. Энең берген эне тил, Эне тилди жакшы бил. Атаң айткан алтын тил Ата тилин жакшы бил.

Акылай: Рахмат менин кичинекей досторум, азаматсыңар.

Актан: Акылай, бул балдар макал-лакап билет бекен сурайлычы (шыбырап)

Акылай: Балдар, силер макал-лакаптарды билесиңерби?

— Ооба.

Актан: Анда эмесе айткылачы.

1. Адамды даңазалаган да сөз, маскаралаган да сөз.

2. Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.

3. Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.

4. Аз сүйлөсөң элиңе жагасың, көп сүйлөсөң балээге каласың.

5. Ата сөзү алга сүйрөйт адамды. Эне сөзү эпке салат жаманды.

6. Ооздун көркү – тил, тилдин көркү сөз.

7. Адам сөзгө байланат. Айбан чөпкө байланат.

8. Ааламдын көркүн көз ачат. Адамдын көркүн сөз ачат.

— Оомий, балдар, азаматсыңар, силер чын эле кыйын турбайсыңарбы. Акылай, чоң атамдын табышмагын айтпайлыкпы. Бул табышмакты таба албай, айлалары кетсин.

Акылай: Анда эмесе балдар, биз си­лерге табышмак айталы. Жакшылап ойлонуп туруп жандырмагын тапкыла.

Манаска жүргөндөй аралаш,Маанисиз көпкө карабас,Ал жомокчу атаңдынАтын билбесең жарабас. (Саякбай)

Актан: Оомийин! балдар, силер чын эле кыйын экенсиңер, табышмакты таптыңар, анда эмесе дагы кандай өнөрүңөр бар, көрсөткүлөчү?

Манастан үзүндү айтылат. Бала Манас Күндөп-түндөп күн өттү, Күн мезгили да жетти. 7ге жашы келгенде, Шер экени билинди. Балага чуркап шашпады. Калайманды баштады 8ге жашы келгенде Күйүп турган чок болду Кырк үйлүү кыргыз ичинде, Мындай тентек жок болду.

Манастын уулу Семетей

Манастын уулу Семетей Ары балбан, ары шер Атасынан артык эр Ат арытып жер чалып, Ит агытып куш салып Кызыл буурул ат минип Кыл куйругун шарт түйүп Ат аябай жол жүрдү. Ала-Тоону кыдырып Аттанып чыкты Таластан.

Акылай: Азаматсыңар, менин кичинекей досторум. Актан, сага балдардын жооптору жактыбы?

Актан: Ооба, азаматсыңар балдар, рахмат силерге. Акылай, жүрү тез, биз да чоң атага айтып барып кубанталы.

Акылай: Биз да кете турган убакыт келди. Саламатта калгыла, балдар!

Саламатта калгыла, биздин кичинекей достор.

Тарбиячы: Азаматсыңар балдар, силер чарчадыңар көрүнөт. Дене тарбиялык көнүгүүнү аткаралы.

Тыныгуу:

Бир, эки, үч Турабыз түз Муштумдарды түйөбүз Оюн, жайын билебиз. Бирде оң кол менен Бирде сол кол менен Алмей-тилмей урабыз. Бир орунда турабыз. Чаалыкканда токтойбуз Боксерлорго окшойбуз.

Эми балдар, биз борборлорго бөлүнөбүз.

Изилдөө борборунда: улуттук буюмдар менен таанышасыңар. Улуттук суусундук жарманы кантип даярдайбыз? Ата-бабаларыбыз талканды кантип даярдашкандыгын көрүп үйрөнөбүз. Жаргылчак менен таанышабыз.

Искусство борбору: калпактын сүрөтүн тартабыз.

Аппликация: Боз үйдү кесип чаптайбыз.

Ийлеп чаптоо: Кесени ийлеп чаптайбыз.

Курулуш борбору: Жайлоо

Адабият борбору: Кыргыз эл жомогу: «Алданган карышкыр»

Балдардын иштеген ишин баалоо.

Оюн: «Сөз кутучасы»

Азаматсыңар, карагылачы биз канча буурчак чогулттук, демек, ушунча сөздү үйрөнүптүрбүз. Кийинки сабактарда да ушундай сөздөрдү көп үйрөнөбүз.

Тилиң – тарых, тилиң-кузгу дилиңе.Кимдигиңе тилиң күбө ириде.Өз тилиңди кадыр тутуп, туу тутупӨтүүң парыз, бу дүйнөдө, тирүүдө.

Тарбиячылар: А.Б.КАРАГУЛОВА, М.Б.СУПАТАЕВА

kutbilim.journalist.kg

Акыйкат мага тийди

Количество просмотров публикации Акыйкат мага тийди - 36

КЛАСС

КЛАСС

КЛАСС

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТ

Кыргыз тили жана адабият предметинœен билимдер сыноосу жалпы билим берүүчү мектептердин 5-9-класстарында бир (мектепте) баскычта жазма иш түрүндө өткөрүлөт.

Окуучулар 5-6-класстарда диктант, 7-класста чыгармачыл баян, 8-9-класста дил баян жазышат. Бул жазма иш түрлөрүндө окуучунун чыгармачыл, өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмү жана сабаттуулугу сыноодон өткөрүлөт. Жазма иштер үчүн темалар көп варианттуулуктун негизинде даярдалат. Ар бир вариантта 3 төн тема сунуш кылынат жана бул варианттардан бири тандап алынат. Тандалган ошол бир теманын негизинде тиешелүү класста диктант, чыгармачыл баян, дил баян жазышат. Жазма иштин темалары окуучуларды чыгармачыл изденүүгө, жеке көз карашын, ой-пикирин билдирүүгө, бир түрдүү темадагы бир нече булактарда туюнтулган пикирлерден жалпыланган корутундуларды чыгара алуу жана аны жаза билүүгө көмөктөшүүсүнө каратылышы керек. Окуучулар тарабынан жазылган жазма иштердин минималдык көлөмү төмөнкүчө болууга тийиш.

Диктанттагы сөздөрдүн көлөмү 5-класста 100-110 сөз, 6-класста 110-120 сөз болот. Диктант жазуу үчүн 1 астрономиялык саат (60 минут) убакыт белгиленет.

7-класстарда чыгармачыл баян алууда окуучулар текстти кандай түшүнгөндүктөрү, өз ою жана түшүнүктөрүн кандай туюнта алгандыгы, жазма кеп тажрыйбасы жана сабаттуулугу сынап көрүлөт.

Тексттеги сөздөрдүн саны алар үчүн 250-300 сөздөн турган болуп, окуучу ага чыгармачыл, эркин пикирлеп, 2-2,5 бет көлөмүндө жазат. Чыгармачыл баянды жазууга – 2 астрономиялык саат (120 минут) убакыт ажыратылат.

Диктант жана чыгармачыл баян үчүн мекен, достук, ата-энеге урмат, устаттар, табият, китеп, адептүүлүк, бурч-милдет жана башка темалардагы тексттер камтып алынышы мүмкүн.

8-класста дил баяндын көлөмү 2,5-3 бет, 9-класста болсо 3,5-4 беттен кем болбостугу талап кылынат. 8-9-класстарта дил баян үчүн 2 саат (120 минут) ажыратылат.

Дил баян үчүн 8-9-класстын окуу программасында белгиленген темалар, ошондой эле, улуттук баалуулуктар, чыгарманын каармандары, дүйнөлүк илим-билимге татыктуу салым кошкон улуу инсандар, ойчулдар, окулган китептер, Мекен, азаттык, эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн баатыр инсандар жөнүндө жана башка темалар боюнча тандалышы мүмкүн. Төмөндө диктант, чыгармачыл баян жана дил баян үчүн үлгү катары материалдар берилди.

БЕЛЕК БЕРҮҮ

Белœек берүүнүн өзүнчө ыгы жана убагы болот. Кыргызда кандай белœектерди беришкен? Кыргыз элинде ʼʼалдына ат мингизип, үстүнө жааптырʼʼ деген сөз бар. Размещено на реф.рфБул сөздүн мааниси, кыргыз элинин белœек берүү салты менен байланыштуу. Көбүнчө өтө сыйлуу конокторго териси баалуу булгаарыдан жасалган ичик жабышкан. Ичик аюунун, карышкырдын, түлкүнүн терисинœен жасалган. Белœектердин дагы бири жасалгалуу ат. Ээр-токулгасы, бардык ат-жабдыктары менен атты жасап, көбүнчө эркек кишиге белœек кылышкан. Аш-тойлордо жакын кишилер, достор бири-биринœе астына ат тартып, колуна камчы берген.

Ал эми байбичелœерге чепкен, жоолук беришкен. Ошону менен бирге зергерлик буюмдары: шакек, сөйкө, билерик, мончок, шуру да белœек кылынган.

Бүгүнкү күндө үй тиричилик буюмдары, китеп же компьютер, техника белœек катары берилип жатат. (Эрнест Турсунов)

(110 сөз.)

ЭНЕ ТИЛИМ—ЭНЕ СҮТҮМ

Биз жашап турган коом, адам баласынын турмушу — баары тил менен байланыштуу. Тилсиз коомдун болушу да мүмкүн эмес.

Ал эми эне тил деген эмне? Ал — эне сүтү менен кошо адам баласынын каны-жанына, ички дүйнөсүнө берилген улуу байлык жана түгөнбөгөн кенч. Ал кылымдап түзүлгөн жакшы нерселœердин бардыгын өзүндө сактап, аларды улам кийинки муундарга жеткирип турат. Мына ошон үчүн дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу ʼʼМанасʼʼ дастаны кыргыз тилинде жашап келœе жатат.67

Тил боюнча акын Абдурасул Токтомушевдин төмөнкү ыр саптарын байкап көрөлүчү:

Таң эрте тил өмүрү бүтөт десе,

Күн менен уккан кечте кошо батам!

Кандай сезим! …Тилсиз акындын жашоосу да мүмкүн эмес.

Биз мамлекеттик тилибиз болгон өзбек тилин кадырлайбыз, бирок эне тилибизди баарынан жогору баалашыбыз керек. Кадырман калайык, ата-бабалардан бери келœе жаткан эне тилибизди таза сактоо үчүн кам көрөлү, аны колдойлу. (ʼʼКыргыз туусуʼʼ)

(127 сөз)

Улукман аким бир күнү бейтаныш кишиге күбөсүз миң алтын карыз берди. Бейтаныш адам карызды кайтып бербөө максатында алтындарды алды. Атына отуруп, алтындарды чирик бир чүпүрөккө ороп койду. Асмандан бир чоң куш арабадагы чүпүрөккө оролгон алтынды эт деп ойлоп алып учуп кетти. Улукман акимдин үйү үстүнөн учуп өтүп жатканда тумшугунан түшүрүп жиберди. Улукман алтынды алып жайына койду.

Бейтаныш адам ошол эле ниетте Улукмандан дагы миң алтын карыз алды. Аны жыгач үкөккө салды. Атта бара жатып, суудан өтөөрдө алтындарды сууга түшүрүп жиберди. Ал суу Улукмандын үйү алдынан агып өтчү. Улукман аким суда агып келген үкөктү көрүп калып тутуп алды. Капкагын ачып, ичиндеги алтынды көрүп, үйүнө коюп койду.

Ошол адам үчүнчү жолу Улукмандан дагы миң алтын карыз алды жана өзүнө: ʼʼБул акчага сода-сатык кылсам, Алла таалам пайдасын берсе, төрт миң алтынды Улукманга кайтарып берейинʼʼ — деди.

Ошондон кийин Алла таала ага ак жол берип, сода ишинœен көп пайда кылды жана төрт миң алтынды Улукман акимге келтирип берди. Улукман аким миң алтынды алды да, калганын кайтарып берип: ʼʼӨз акым өзүмө тийди, калганы сиздикиʼʼ, — деди. (ʼʼУлукмандын айткандарыʼʼ)

referatwork.ru


Смотрите также

 

..:::Новинки:::..

Windows Commander 5.11 Свежая версия.

Новая версия
IrfanView 3.75 (рус)

Обновление текстового редактора TextEd, уже 1.75a

System mechanic 3.7f
Новая версия

Обновление плагинов для WC, смотрим :-)

Весь Winamp
Посетите новый сайт.

WinRaR 3.00
Релиз уже здесь

PowerDesk 4.0 free
Просто - напросто сильный upgrade проводника.

..:::Счетчики:::..

 

     

 

 

.