Токтогул бала кезинен ырга ынак өсүп, кезиндеги элдик ыр-күлөрдү жатка билген. 13 жашынан эл аралып ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары, Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган. Анын "Өмүр" аттуу ыры жашоонун, жаштыктын түбөлүк эместигине өкүнүү сезимдерин билдирет.
Токтогул элдик оозеки чыгармачылыкта салттуу болуп эсептелген санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчылардын устаттыгы чоң таасир берген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязаалы, Сары Ырчылар бар.
1882-жылы Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азырка чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат. Ал ошонусу менен эл башкаруучуларга жагалданып, аларды мактап күн көргөн "ырчы" аттуулардын көздөрүн далай кызыткан.1884-жылы Токтогул үйлөнүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп келип 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышы деген жалаа менен акын камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат.
Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Акындын өмүрүн изилдөөчүлөрдүн пикиринде, анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына дал ушулар себеп болгон.
Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо, орус ырларын да чертип өзүнө окшоп, эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл ага жардам кылып, курсагын тойгузуп, баш паана берип, колунан келгени атын миңгизип, ал эптеп айылына келет. Бирок азып-тозуп эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Болгону аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, акындыкка болгон сүйүүсү жеңип кетет…
1910-жылы алыскы сүргүндөн качып чыккан Токтогул мекенине совет бийлиги менен тең чамалаш жеткен деп айтылат анын өмүр баяны жөнүндө түрдүү булактарда. Эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзүп, анын ырлары элдин добушуна айланат.
Токтогул Сатылгановдун алгачкы "Кедейкан" аттуу китеби 1938-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ага чейин 1928-жылы болсо Кыргыз автономиялык Республикасынын Агартуу боюнча элдик комиссариаты Токтогулду Фрунзеге чакыртып, комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган.
Ал эми акындын комузга салып черткен күүлөрү кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. "Чайкама", "Чоң кербез", "Тогуз кайрык" ж.б. күүлөрү комуз эле эмес оркестрге салынып аткарылып жүрөт.Токтогул 1933-жылы 69 жаш круганды өз айылында каза болгон, сөөгү да ошол жерде коюлган. Уулу Бабажан да атасынын жолун жолдоп комуз четип, Кыргыз филармониясынын артисти болгон.
Ырлары жөнүндө кыскача
Токтогулдун "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", сыяктуу лирикалык ырлары, жакшы жүрүм-турум, улуу-кичүүнү сыйлоо сыяктуу таалим-тарбиялык маанидеги "Үлгү ыры" сыяктуу санат, насыят ырлары эл оозунда калган. Айтылуу "Алымканды" да Токтогул жараткан. Айылдын сулуусу, ажарлуу Алымканга болгон акындын аруу сезими, экөөнүн тең күйүттүү тагдыры тууралуу 1965-жылы да көркөм тасма тартылган.
Көп ырларында акын жашоонун баркы, чыныгы бийик мамилелер, чыныгы сезимдер жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамкерчилик сапаттарды сыпаттайт.
Мисалы:
Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың?
Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың?
Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?
Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың?
деп акын элди ынтымакка, колдо барды барктоого, токпейилдикке чакырат.
Ошол эле мезгилге элдин зар-муңун, оор турмушун баяндаган "Замана" аттуу ыры да жаралат:
Далайларды кор кылып,
Зарланткансың, замана,
Кедейлерди байларга
Карматкансың, замана
Ажыдаардай залимге
Арбаткансың замана
Желмогуздай байларга
Жалматкансың замана
Акын "Элиме качан жетемин?", "Туткундагы арман", "Айланган тоонун бүркүтү", "Ушундайбы сурагың?", "Азапка түштү өмүрүм" сыяктуу сүргүндө жүрүп кайгыга, өз жерине болгон кусалыкка, акыйкаттын жоктугунан өкүнүчкө толгон ырларын чыгарган.
Сибирден кайтып келгенден кийинки ырларынын ичинде уулу Топчубай каза болгонун уккандан кийинки чыгарган, кошок түрүндөгү "Балам жок" атуу ыры бар. Бул ырды Токтогулдун замандаштары жана шакирттери Эшмамбет, Калык, Коргоол, Алымкулдар көп кайталап ырдашкан.
Совет доорунун башталышы менен Токтогул "Жашасын совет өкмөт!", "Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду" сыяктуу салатанаттуу мактоо ырларын жаңы заманга арнап ырдаган.
Токтогулдун өмүрүнүн акыркы жылдарында жаралган "Бала элем", "Карылык" сыяктуу арман ырлары анын шакирти Атай Огомбаевдин аткаруусунда жазылып калган. Аларда акын үнү булдбулдай таңшыган жаштыгын эскерип, арман кылганы менен акылман карыя катары жаштарга өз насаатын да айткан.
Улуу акын жаштайынан эле өз чеберчилиги менен жумурай-журтту өзүнө тартып турган адам болчу. Токтогул тиги же бул айылга келип конуптур деген кабарды уккан эл жөө-жалаңдап болсо да, адырды ашып, сууну кечсе да, ошол жерге барып акындын таңшыган үнүн угуп кайтышар эле. Ал ошол кездеги атактуу акындар Алымкул Үсөнбаев жана Эшмамбет Байсеитов менен көп айтышка түшкөн. Тилекке каршы, Токтогулдун өзүнүн айтышканы жазылып калган эмес. Бирок башка акындар алым сабак иретиндеги айтыштарын кайра калыбына келтирип, азыркыга чейин сюжеттүү, көркөм сөзгө жана мазмунга бай чыгарма катары аткарып келишет.Токтогулдун улуу чеберчилиги жана кайталангыстыгы — анын көп кырдуу талантында. Токтогул Сатылганов баштап кеткен элдик музыкалык-поэтикалык искусствону анын шакирттери жана кийинки муундагы сөз, күү чеберлери азыркыга чейин улантып келет.
1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделип, ал республиканын искусствосуна эмгеги сиңип, зор ийгиликке жеткен чеберлерге ыйгарылып келет.
Кыргыз улуттук филармониясы Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт.
sputnik.kg
Limon.KG - Великий акын кыргызского народа, классик кыргызской литературы, виртуозный комузист Токтогул Сатылганов родился 25 октября 1864 года в семье крестьянина-бедняка в кыштаке Кушчу-Суу, расположенном в долине Кетмен-Тюбе. Мать будущего акына Бурма была остроумной женщиной и знала много сказок, легенд, сама слагала кошоки (причитания, плачи), отец Сатылган также исполнял свои песни. Отец батрачил – пас байский скот. В 12 лет и юному Токтогулу пришлось пойти в подпаски к баю Казанбаку. Грамоте он не обучался. Мальчик научился у пастухов играть на комузе, слагать песни, у него рано проявились способности акына-импровизатора. Большое влияние на развитие творческих способностей у Токтогула оказали известные в то время певцы-импровизаторы Накен, Эсенаман, Чонду, и др., вдохновенные выступления которых приходилось ему слушать.
На этом состязании Токтогул показал себя не только непревзойденным певцом, но и бесстрашным обличителем зла, защитником интересов бедняков. В 18 лет он встретился в айтыше с известным придворным акыном крупного манапа Дыйканбая Рыскулбекова Арзыматом, и одержал над ним победу. Слава о нем облетела всю кыргызскую землю.
В середине 80-х гг. он создает лирические песни «Насылкан», «Суйумкан», «Алымкан» и др., ставшие классическими образцами кыргызской любовной лирики. В своем знаменитом сатирическом произведении «Пять кабанов» («Беш каман»), песнях «Ростовщик Чакырбай», «Арзымату», «Песня, спетая на тризне Дыйканбая», «Муратбек», «Эшенкалпа» и др.,— высмеивает местных угнетателей.
В 1898 г. удобный случай представился тем, кто преследовал его – вспыхнул Андижанский мятеж, руководимый духовенством. Токтогул не имел никакого отношения к этому движению, но манап Бактияр Рыскулбеков, один из пяти «кабанов», написал донос, в котором назвал акына участником заговора. Свидетелем на суде выступил Керимбай Атаканов, внук Рыскулбека, он лжесвидетельствовал, показал, что видел акына в мечети, где собирались заговорщики. Впоследствии Токтогул считал Керимбая своим главным врагом, упоминает его во многих песнях.
3 августа 1898 году почти всех арестованных по «андижанскому делу» (в том числе и Токтогула) временный военный суд приговорил к смертной казни через повешение. Из 383 осуждённых повешено было 18 заговорщиков во главе с Мадали-ишаном, руководителем движения. Казнь остальных «по высочайшему соизволению» была заменена семилетней каторгой в Сибирь.Прощаясь с родиной, земляками, акын создает свои знаменитые песни «Прощай, мать», «Прощай, мой народ».
Осенью 1898 г. «андижанцев», как называли эту группу осуждённых, заковали в кандалы и отправили по этапу в далёкий путь. После трехлетних мытарств Токтогул попадает в Иркутск, оттуда — в Александровский централ, через ворота которого прошли тысячи революционеров со всех концов России.
В Сибири Токтогул трудился на расчистке непроходимой тайги, на золотых приисках, в серебряных и свинцовых рудниках. В 1904 году пришло помилование от царя: с осуждённых сняли кандалы. Александровский централ стал местом пребывания политических заключённых. Общение с ними расширило кругозор акына, он выучился русскому языку. Несколько лет Токтогул пробивал тоннели на строительстве Круго-Байкальской железной дороги. Все эти тяжёлые годы продолжал звучать его соловьиный голос. Песни, созданные от ареста до возвращения, объединяемые в цикл «Песни узника», – шедевр кыргызской акынской поэзии.
В начале пути на каторгу Токтогул попытался бежать, но его поймали. В 1909 г. акын предпринял второй побег, помогли русские друзья Семён и Харитон, на этот раз побег удался. Питаясь подаянием, более года шёл акын пешком через сибирскую тайгу и казахстанские степи и осенью 1910 г. добрался до родных мест.
Дома ждали новые удары судьбы: отец и единственный сын Топчубай умерли, жену выдали замуж. Токтогула встретила ослепшая мать. Более двух лет переходил акын из аила в аил, скрывался от царских чиновников.
Но в 1913 г. снова донос и снова наманганская тюрьма. По всей южной Киргизии началось движение за освобождение Токтогула, писали прошения, собирали деньги. Народ вызволил акына из заключения, после чего Токтогул мог свободно продолжать жизнь профессионального исполнителя. Подобно всем профессионалам он исполнял не только свои песни, но и народные эпические поэмы, дастаны: «Кедейкан», «Джаныш-Байыш», «Курманбек», «Саринджи Бокей», «Олджобай и Кишимджан», «Ак-Меер». По свидетельству Калыка Акиева, в его репертуаре были также эпизоды из «Манаса» и «Семетея».
В начале 1918 г. в долину Кетмен-Тюбе пришла весть о победе Октябрьской революции. Акын приветствовал её, началась пора новых песен. Но они уступали тем песням, которые уже стали классикой, которые просили исполнить слушатели. Осенью 1928 г. во Фрунзе на смотре народных талантов, куда был вызван Токтогул, музыковед-этнограф Александр Затаевич записал от акына 18 его музыкальных пьес, тексты он не записывал. И никто не записал от старого, всенародно известного, ставшего легендой, акына хотя бы один текст.
Токтогул сам по этому поводу обратился к начальству. Но для чиновников от культуры, как сообщает Камбаралы Бобулов, превыше всего были межплеменные распри. «Убирайся домой, старик, выживший из ума!» – сказали ему. Об этом акын с горечью поведал в одной из песен, обращённых к Калыку Акиеву.
Умер Токтогул в возрасте 69 лет 17 февраля 1933 г. в своем родном аиле и похоронен там же. На могиле акына поставлен памятник, а в аиле открыт музей.
Лишь через четыре с половиной года после его кончины вышло постановление «Об ознаменовании 70-летия со дня рождения народного певца Сатылганова Токтогула». Песни великого акына, хранимые в памяти народа, в памяти акынов, его учеников, были записаны, собраны, выходит первая книга его песен. Первым биографом и исследователем творчества акына стал Джоомарт Боконбаев.
В 1965 году учреждена Государственная премия Кыргызской ССР имени Токтогула Сатылганова за выдающиеся произведения в области литературы, искусства и архитектуры. Премии удостоены музыковед Виктор Сергеевич Виноградов, писатели – народные писатели, народные поэты – Токтоболот Абдумомунов, Аалы Токомбаев, Абдрасул Токтомушев, Эстебес Турсуналиев, Чынгыз Айтматов, Кубанычбек Маликов, Шукурбек Бейшеналиев, Темиркул Уметалиев, Майрамкан Абылкасымова, Насирдин Байтемиров и др.
Воздвигнуто три памятника акыну: у него на родине в посёлке Токтогул, в Оше и в городе Бишкек. Поэтическому и музыкальному наследию Токтогула посвящено множество статей, исследований, книг. Образ акына воплощён в многочисленных произведениях – литературных, музыкальных, живописных и графических.
О жизни акына создали драмы: Джоомарт Боконбаев – «Токтогул», Касымалы Джантошев «Певец народа», русский перевод Владимира Соловьёва, Райкан Шукурбеков «Надежда акына», Токтоболот Абдумомунов «Любовь и надежда», Тологон Касымбеков «Алымкан».
Среди скульптурных, живописных и графических работ, посвящённых Токтогулу, можно назвать скульптурную композицию Тургунбая Садыкова «Затаевич слушает Токтогула», холст С. А. Чуйкова «Токтогул среди народа», гравюру Л.А. Ильиной «Токтогул», Т. Т. Герцен проиллюстрировал Собрание сочинений Токтогула в 2-х томах. Искусствовед, доктор культурологии Л. А. Прыткова составила альбом «Токтогул в произведениях художников Киргизии».
Существуют сотни публикаций произведений Токтогула в периодике и в книгах на кыргызском и русском языках.
В 1965 г. учреждена Государственная премия Кыргызской ССР в области литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова. Имя Токтогула (в 1936 г.) присвоено ордена Трудового Красного Знамени Кыргызской государственной филармонии, городу, району, улицам, паркам, библиотекам, школам республики, ГЭС и водохранилищу. На родине акына и в центре столицы республики воздвигнуты монументы.
2014 год был объявлен Годом Токтогула Сатылганова в странах и регионах ТЮРКСОЙ, в рамках которого прошел ряд мероприятий.
Джоомарт Оторбаев: «Всем известна многогранность таланта великого поэта Токтогула Сатылганова, выходца этой земли, этого народа. Он поэт, которому нет равных, мастер искусства айтыш и виртуозный комузист. В своих песнях Токтогул воспевал свободу и независимость народа, за что терпел лишения, но оставался борцом за счастье простых людей».
msn.limon.kg
Токтогул Сатылганов (кирг. Токтогул Сатылганов; 25 октября 1864, кишлак Кушчусу, Кокандское ханство — 17 февраля 1933, с. Сасык-Джийде, Киргизская АССР), киргизский советский народный акын.
Исполнитель на комузе. С 12 лет слагал песни. Был сослан в Сибирь за сочинение сатирических произведений, бежал из ссылки в 1910.
Виртуоз комузист Т. Сатылганов родился в кишлаке Кыша в КетменьТюбинской долине Сусамырской волости Наманганского уезда (ныне Токтогульский район Ошской области) в семье бедняка. Грамоте не обучался. В 12 лет родители вынуждены были отдать его в подпаски к баю. Тесное общение с обездоленными людьми сыграло решающую роль в формировании его характера. Раннему пробуждению поэтического таланта в способном мальчике помогли родители. Отец Сатылган слыл острословом в своем кругу, сочинял и распевал свои песни. Мать — Бурма была остроумной женщиной, знала много народных сказок, легенд, преданий, сама сочиняла кошокн — причитания. Большое влияние на развитие творческих способностей у Токтогула оказали известные в то время певцыимпровизаторы Кетмень-Тюбинской и Таласской долин — Накен, Эсенаман, Чонду, и др., вдохновенные выступления которых приходилось ему слушать. С 13 лет сам стал слагать песни и играть на’комузе. В первых своих песнях «Из-за нищеты» («Жокчулуктун айынан»), «Кабак — мое обиталище» («Жүргөнүм Кабак жер болду») юный акын старается выразить жестокость и бесчеловечность своего хозяина — бая Казанбая, поет о своей бесправной нищенской доле. В 1882 г. Токтогул на поэтическом состязанииайтыше встречаетея с известным придворным певцом Арзыматом и одерживает над ним победу. На этом состязании Токтогул показал себя не только непревзойденным певцом, но и бесстрашным обличителем зла, защитником интересов бедняков. Слава о нем облетела всю Киргизию.
В середине 80-х гг. он создает лирические песни «Насылкан», «Суйумкан», «Алымкан» и др., ставшие классическими образцами киргизской любовной лирики. В своем знаменитом сатирическом произведении «Пять кабанов» («Беш каман»), песнях «Ростовщик Чакырбай», «Арзымату», «Песня, спетая на тризне Дыйканбая», «Муратбек», «Эшенкалпа» и др.,— высмеивает местных угнетате лей. Глубокого философского содержания и жизнеутверждающсго пафоса — его произведения «Наставление», («Насыят»), «Терми», «Назидательные песни» («үлгү ырлар»), «Песни мудрости» («Нуска луу ырлар»), «Не сойди с верного пути» («Туз жолуңдан чыкпагын»), «Насладись жизнью» («гүлдөп ал»), «Что привлекает?» («Эмне кызык?») и др., в которых акын воспевает смысл человеческого существования, его идеалы, нравственную чистоту, созидательпый труд. Вольнолюбивые стихи Токтогула вызывали ярую злобу баев, манапов, мулл, царских чиновников, которые жестоко преследовалн акына. В 1988 г. во время Андижанского восстания царские приспешники сфабрикозали донос об участии в этом восстании акына и в июне месяце арестовали его, а в августе суд приговорил Ток тогула к смертной казни, затем, по «царской милости», смертная казнь была заменена ссылкой на каторжные работы в Сибирь сроком на 7 лет. Прощаясь с родиной, земляками, акын создает свои знаменитые песни «Прощай, мать», «Прощай, мой народ». После трехлетних мытарств Токтогул попадает в Иркутск, оттуда — в Александровский централ, через ворота которого прошли тысячи революционеров со всех концов России.
Пребывание в Сибири, общение с русскими революционерамикаторжниками способствовали расширению политического кругозора, пониманию им того, что труженики всех национальностей едины в своем стремлении сбросить с себя оковы эксплуатации. Ссылка помогла Токтогулу окрепнуть в борьбе, отчетливо осознать свое место в жизни. Там, на каторге, он делает топором из сибирской ели комуз, поет о своей ненависти к манапам и тюремщикам в песнях «Орел, кружащий над горами» («Айланган тоонун Бүркүтү»), «Таков ли твой допрос?» («Ушундайбы сурагың?»), «Ад ская жизнь моя» («Азапка түштү өмүрүм»), «Песня узника», «В неволе», «Во время побега» и др. В этих стихотворениях содержится идея интернационального объединения людей труда.
В 1902 г. при помощи русских друзей Токтогул бежал с каторги и с величайшими трудностями в 1903 г. добрался до родных мест. Народ с огромной радостью встретил своего певца, и с новой силой зазвучали его песни. В это время он создает песни «При встрече с родной землей», «Здравствуй, желанный народ!», «Мама родная, жива ли, здорова?» и др., в которых с глубоким проникновением воплощает радость человека, обретшего вновь родину. В ряде произведений этого периода: «На встрече с акыном Барпы», «В доме мельника Джаналы» и др.,— акын пророчески заявляет, что скоро придет конец царизму и байманапскому владычеству, рассказывает о людях, которые ведут борьбу за счастье трудового народа, призывает соотечественников к дружбе со старшим братом по борьбе — трудящимся России. Злобствующие и ненавидящие акына волостные правители посадили его в Наманганскую тюрьму, однако в защиту народного поэта поднялась вся народная масса Южной Киргизии и Таласской долины, и власти были выпуждены освободить его.
Токтогул первым из народных акынов приветствовал Великую Октябрьскую социалистическую революцию и стал не только глашатаем новой эпохи, но и активным борцом за дело революции. В мто время он создает свое замечательное стихотворение «Какая женщина родила такого сына как Ленин?», которое по праву стоит у колыбели киргизской советской литературы. За годы Советской власти Токтогулом создан ряд песен о Коммунистической партии и Советах, о колхозном строительстве, о преобразованном крае кочевников.
Первые стихотворения поэта на русском языке стали издаваться в середине 30-х гг. Его произведения изданы на всех языках братских республик нашей страны, публиковались за рубежом.
Велико значение творчества Токтогула в истории становления и развития киргизской советской литературы и искусства. Создано немало произведений, отразивших его образ. В 1964 г. широко отмечалось 100-летие со дня рождения великого акына. В 1965 г. учреждена Государственная премия Киргизской ССР в области литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова. Имя Токтогула (в 1936 г.) присвоено ордена Трудового Красного Знамени Киргизской государственной филармонии, городу, району, колхозу, улицам, паркам, библиотекам, школам республики, ГЭС и водохранилищу. На родине акына и в центре столицы республики воздвигнуты монументы. Токтогул Сатылганов — выдающийся киргизский акьшдемократ конца XIX и начала XX века, основоположник киргизской советской литературы, учитель целого поколения советских киргизских поэтов.
www.foto.kg
ЖҮРГӨНҮМ КАБАК ЖЕР БОЛДУКедейге ырыс болбоду,Кесирлүү кызыр конбоду.Келе турган бакты жок,Казанбак бизди кордоду.Карабады жашыма,Капалык түшөт башыма.Кабагын бүркөп ачпады,Кызганып бышкан ашына.Казанбактын бейли тар,Өкүнүп кылам кимге зар?Токтогул тоодо жүрөбү?Томсорбой, ойноп күлөбү?Тотудай жаштын кадырын,Тозоктуу кудай билеби?Эш-Сай менен Абыла,Жашымда болдум дабылда.Ким күнөөкөр, кимдер ак,Кудай келер бекен агына.Таманым ташка тилинди,Тарлык заман билинди.Денеңден кетсе ысык жан,Өлгөндөр кайдан тирилди.Бутумда чокой чаначтан,Кимдерге кимдер карашкан?Түңүлдүм түндө байымдан,Казандан жарма талашкан.
БЕШ КАМАНАкмат, Дыйкан - алдамчы,Атакан, Миңбай - жалганчы.Эгемберди, Бактияр -Эл жегенге жардамчы.
Чыгым салып эл жедиң,Чыркыратып жардыны,Жалгыз атын сен жедиң.Жакын көрдүң байларды,Жам букара бирикти,Таба албассың айлаңды.
Жетим, жесир, алсызгаКарабадың, беш каман,Жетилсин деп жардыныСанабадың, беш каман.Жеп ичкенден башканыКаалабадың, беш каман.Он асыйга бир жыктың,Орозаалы карыны,Бүтүн элдин акысы -Өмүрүңдүн жарымы.
Көрө албайсың жардынынЖакшы ат таап мингенин.Акмат, Дыйкан, Атакан,Керкоолугуң бул сенин.
Талап алып тентиттиң,Боромбайдын Сарысын.Күндө жейсиң айыптап,Бүтүн журттун баарысын.
Тырмагың уу бүркүттөй,Тукумуң кантип жарысын?Өчөшсөң, Миңбай, Атакан,Мени да жыгып алаарсың,Тогуз айып салаарсың.Адатыңды карматсаң,Үй оокатым талаарсың.Канкорлугуң кармаса,Өлтүрүп каным жалаарсың.Уу тырмактуу беш канкор,Өлтүрсөң да жалынбайм.Эки келбейм жаралып,Өлгөн соң, кайра табылбайм.
ЖАШТАРГАЖакшы болсоң, азамат,Болбос ишке тырчыгып,Жаман сөзгө барышпа.Андан көрө жадырап,Жакшы сөз менен арышта.
Жакшы кийсең, жаш балдар,Көйрөңдөнүп элирбе.Жаш кезиңден кызмат кыл,Баркыңды билген элиңе.Өзүңө керек болбосо,Бирөөнүн жолун торгобо.Башкаларга жеткирбейт,Басыгы болот жоргодо.Пайгамбардын сөзү деп,Апырылтып калп айтса,Ишене бербе молдого.Кез-кез келчү мейманданТамагыңды катпагынДушманыңа алданып,Элиңдин сырын сатпагын.Бет алган жоодон качпастан,Ишеничти актагын.
Жаш кезиңде жаркылдап,Эмгегиңден талбагын.Карыганда калп айтып,Көрүнгөн жерге барбагын.Баркың кетип карганда,Шүмшүк болуп калбагын.Көрүнгөнгө карыз болуп,Сөз ээрчитпе артыңдан.Ачылып топко ырдабай,Адашып жүргөн калкымдан.Ашыра сүйлөп мактанып,Улууларга калп айтпа.Калпычы акта коносуң,Бир эмес, жалпы калк айтса
ЭСЕЛБАЙСен, Эселбай, Эселбай,Өмүрүң өттү бекерге ай!Ээлик кылып келгенбиз,Эрке кыз көөнүн кече албай.Калың берип, кыз алып,Кадырына жете албай,Байлыгыңа - байпагым,Шерменде болдуң кетерде ай!
Отурасың араңданБуттарыңды жыялбай.Кедейдин жаш баласынКантип алдың уялбай?Атасынын малы жок,Биздин кыздын -Апасынын багы жок.Көр турмушу болбосо,Анын койнуңа жатар чагы жок.
Санап-санап, мал берип,Сатып алдың, Эселбай.Сары алтындай сулуунуАбийириңден ажырап,Кантип алдың, Эселбай?
«Элбилге» блогунан алынды
ЖҮРГӨНҮМ КАБАК ЖЕР БОЛДУАлчы болуп жалдырап,Жүргөнүм Кабак жер болду.Кара ташы калдырап,Ашканым аска бел болду.
Кызыл-Бейит, Кулама,Кыйналганды сураба,Үмүт кылам айтар деп,Бул күндү кийин улама.
Казанбак качан сыйлады?Карып энем ыйлады...Картайганда атакемКара жанын кыйнады.
Кедейде ырыс болбоду,Кесирлүү кызыр конбоду.Келе турган бакты жокКазанбак бизди кордоду.
Карабады жашыма,Капалык түшөт башыма.
Кабагын бүркөп ачпады,Кызганып бышкан ашына.
Казанбактын пейли тар,Өкүнүп кылам кимге зар?Кара жер тартып өлбөсөм,Көрө турган күнүм бар.
Токтогул тоодо жүрөбү?Томсорбой ойноп күлөбү?Тотудай жаштын кадырынТозоктуу кудай билеби?
Эш-Сай менен Абыла,Жашымда болдум дабылаКим күнөкөр, кимдер акКудай келер бекен агына!
Таманым ташка тилинди,Тарлык заман билинди.Денеңден кетсе ысык жанӨлгөндөр кайдан тирилди?
Жокчулукту байкадым,Жоодурап көзүм жайнадың.Колумда малым жогунанИчимден бышып кайнадым.
Атам байкуш алсырап,Ичимен сызам канеырап,Жабырды тартпай не кылам,Кимге барам мал сурап?
Бутумда чокой чаначтан,Кимдерге кимдер карашкан?Түңүлдүм түндө байымданКазандан жарма талашкан.
Жакшыга жакшы жанашкан,Мен мусапыр адашкан.Байдын колун каратпай,Болсо боло карашкан.
Муздаса бутум тарталбайм,Муңумду ичтен арталбайм.Мусапыр болуп жүрсөм да,Бул сөзүмдү кайтарбайм.
Абыла аска, Токтобек,Казанбактан кетпейт кек.Кыйналганда ойлоймун«Аскадан учуп кетсем» — деп
Жүзүмдүү-Булак, Алма-СайЖүрүүгө жетет кандай шай?Жүрөгүм муңга кысталдыСырдашсаң боло, чыккан ай!
НАСЫЛКАНКимдин, кимдин көчөсү?Насылкандын көчөсү.Бүгүн айдын нечеси?Ай караңгы кечеси.
Тал чыбыктай буралатНасылкандын мүчөсү.
Алда кандай болду экенАрдактаган энеси?Сыр чечишип бир жүргөнСымбаттуу экен жеңеси.Күн-түн кетпейт оюмданНасылкандын элеси.
Айдай жүзүн жаркылдапКүлөсүңбү, Насылкан?Азап тартып жүргөндү,Билесиңби, Насылкан?Сырың ачып айтпаган,Мүнөзүңбү, Насылкан?Теңештирбейм миң кызгаБир өзүңдү Насылкан!
КҮЛҮЙПА, КҮЛЖАР АШЫК КЫЗКереге таштан эл көчөт,Кең арал дайра суу кечет.Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,Кейисем дартым кимге өтөт?
Үйгөн таштан эл көчөт,Үч арал дайра суу кечет.Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,Үшкүрсөм дартым кимге өтөт?
Калкагар таштан эл көчөт,Кара бир дайра суу кечет.Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,Кайгырсам дартым кимге өтөт?
Ак дөбөдөн эл көчөт,Алты арал дайра суу кечет.Ак маңдай сулуу ашык кыз,Азаптуу дартың кимге өтөт?
Көк дөбөдөн эл көчөт,Көп арал дайра суу кечет.Көңүлүм билген ашык кыз,Күйгүзгөн дартың кимге өтөт?
Ботолуу нарча жетелеп,Боз талаа менен өтөсүң.Борумуң башка экенсиң,Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,Боздотуп кайда кетесиң?
Кара нарча жетелеп,Как талаа менен өтөсүң.Кадыркеч жандан экенсиң,Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,Какшатып кайда кетесиң?
Сагызган учуп жеткисиз,Сары ойго көчүп кетипсиз.Сары чаң чаңдайт, шамал жок,Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,Санаада турат, амал жок.
АРЗЫМАТКАБекти көрсөң, мактайсың,Бекер ичкен аш үчүнКошомат кылып бегиңеБечараны каптайсың.Ханды көрсөң мактайсың,Кардың тойгон жериңдеКошомат кылып ханыңаКарыпты көрсөң, каптайсың.Хан Дыйканбай үйүндөЖүргөнүңдү ырдадың.Кошоматка кой союпКүлгөнүңдү ырдадың.Бий, болуштун астындаСен да билгениңди ырдадың.Казы менен картагаТойгонуңду ырдадың.Хан Дыйканбай ырчысыБолгонуңду ырдадың.Кара карга үндөнүпКаркылдаган, урганым!...Манаптан ичкен ашыңаМактанып жүргөн экенсиң,Мадырайган соргогумМени жакырсың деп кордодуң.Жакыр да болсом мен өзүмЖаандан чыккан жоргомун.
АЛЫМКАНАтка салган дилдейсиң,Ачылган кызыл гүлдөйсүң,Бир күнү оору, бир күн сооАлымкан, азабың тартсам билбейсиң.
Бетегелүү майданым,Пейли жакшы жайдарым!Көлөкөлүү майданым,Көөнү жакшы жайдарым!
Букардын тоосу бурулуш,Бурулуп учат улуу куш.Бурулуп мага келе кет,Алымкан, муңдуга салбай кыйын иш!..
Кашкардын тоосу кайрылыш,Кайрылып учат улуу куш.Кайрылып мага келе кет,Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..
Саркештеп тиккен жоолугуң,Сар санаа кылат жоругуң,Көккештеп тиккен жоолугуң,Көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен «Жаш кыял»Тыңдасаң боло, Алымкан.Ак шайы жоолук колго алыпБулгасаң боло, Алымкан.Аз күнчөлүк өмүрдөЖыргасаң боло, Алымкан!..
БАКТЫКЫЗКалемпир мончок тактыңыз,Казанат жандын барында,Каш кагып ойно, Бактыкыз!Казанат жаның өткөн соң,Каткырык күлкү, көп оюнКайрылып кайдан таптыңыз?Күдүмжан мончок тактыңыз,Күлгүн жаштын барындаКүлүп ойно, Бактыкыз!Күлгүн жашың өткөн соң,Каткырык күлкү, көп оюнКайрылып кайдан таптыңыз?!
КҮЛҮП КОЙСОҢ ЖАРКЫЛДАРЖазгы жамгыр болбосо,Жашыл чөп кайдан гүлдөсүн?Жаркырап ойноп жүрө бер,Алымкан, жашыңда Токоң үндөсүн.
Жаныңда турат алганың,Алымкан, жаман көрүп жүрбөсүн?Күзүндө жамгыр болбосо,Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн?Күлүп ойноп жүрө бер,Алымкан, күкүгүң Токоң үндөсүн.Күлүп койсоң жаркылдап,Алымкан, күйөбүң жаман көрбөсүн?
Аптапта аппак сарайсың,Алдыртан мени карайсың.Азабым тартсын дейсиңби,Алымкан, алдыртан чачың тарайсың?
Кундуздай кара чачыңдыАлымкан, кулпунтуп күндө тарайсың,Күйүтүм тартсын дейсиңби,Алымкан, күйгүзүп мени карайсың?
БОЛОБУЖайкалган жалы болбосо,Аттын көркү болобу?Жакшы сөзү болбосо,Карттын көркү болобу?Буралып шибер чыкпаса,Жердин көркү болобу?Жайылып малы толбосо,Төрдүн көркү болобу?Каз, өрдөгү болбосо,Көлдүн көркү болобу?Сайрабаса саратан,Чөлдүн көркү болобу?
Бүрдөбөсө буралып,Талдын көркү болобу?Ээгинде сакал болбосо,Чалдын көркү болобу?
Буралып эгин чыкпаса,Жердин көркү болобу?Көгөргөн музу болбосо,Белдин көркү болобу?Зарсымы жортуп жүрбөсе,Желдин көркү болобу?
ЧАЙКАМАКүүнүн башы чайкама,Жигитиңде жигит бол,Эч нерсени байкаба!Күүнүн башы чайкама,Көпчүлүк элге айтам а.Ойду коюп, дөңдү бас,Дөңдү коюп, ойду бас!Теңтушуңа кошулуп,Теңдешип ойноп кумар жаз.Кейиш менен таң атат.Күйөө менен кыз жатат,Күлкү менен таң атат.Жагалдантып аларды,Жашчылык курчуп баратат.
Атың күлүк болгон соң,Аштан-тойдон калган соң,Күлүктүгү не пайда?Алганың сулуу болгон соң,Аркырап беттен алган соңСулуулугу не пайда?Карагайдын бутагын,Кайрып алма не пайда?Кайран жаның өткөн соң,Катының ыйлайт бейпайда.Кескен терек жыгылса,Кесинди калып не пайда?Керектүү жаның кеткен соң,Келиниң ыйлайт бейпайда.Ичигиң түлкү болбосо,Тон сынамак не пайда?Күлүктү минген күндө мас,Көпкөн бойдок түндө мас.Зардалуу чечен топко мас,Жорго минген жолдо мас.Оймоктуу катын ишке мас,Ойношчул катын түштө мас.
ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЭШМАМБЕТТИН ЭШЕН-КАЛПАГА КАРАТА ЫРДАГАНЫ
Токтогул:Айгыр, кочкор айдаган,Теке менен букасыСуусамырды жайлаган,Азирети эшендерКемибептир пайдадан.Кетте-кичик кошулуп,Кекиртеги созулуп,Кер жорго минип алдындаКелаткан экен озунуп,Келтирип соогат сурачы,Эшмамбет, эки колду куушуруп.
Эшмамбет:Ассалому алейкум,Ак селделүү калпабыз,Ак теңгеге толгон бейм,Асынып келген калтаңыз.Ак шарият пири деп,Алдыңан салам айтабыз.Акындар ырдап келгенде,Аздыр-көптүр байкаңыз.
Токтогул:Шариятта, Эшмамбет,«Кулмун» десең береби?Кол куушуруп алдыңа,Турдум десең береби?Соогатыңа чубалтып,Селде берип жүрбөсүн?Же болбосо жанынанТеңге берип жүрбөсүн?Кошо чечип берет беймКийип турган күрмөсүн?Кара тилди безечи,Кантип эшен сүйбөсүн?Айдай албай баратат,Айгыр, кочкор дүйнөсүн.«Хаммасын бүт алгын» — деп,Марттык кылып жүрбөсүн?Элге бүтүн тараптырЭшендин берген топусу,Эми бермек болду бейм,Эки-экиден сүйлөшүп,Ийкеңдеп турат чокусу.
Эшмамбет:Ийкеңдетсе беребиЭкиден бизге допусун?Иш ара кылып жатпайбы,Алдына ийкеп чокусун.Мурут болгон калпа көпБиздин Кетмен-Төбөдө.Эшендин оюн байкасам,Дүнүйө кызык жөн эле,Бизге бербейт, Токтогул,Акарат кылба төрөгө,Андан көрө баралы,Аштан, тойдон калалы,Айлыбызга баралы,Аттын майын алалы,
Тамашага баралы,Тапканды бөлүп алалы.Коңур-өгүз жериңде.Өйүзгү саяк элиндеЭл чогулуп конот дейт,Эртең аш кеңеши болот дейт,«Коногун алып бөлөт» — дейт«Ырчысын ылгап көрөт» — дейт.Токтогул:Жүрсөң, жүргүн, кетели,Эшенди тооруп нетели.Ушулардан эч кимдинУзарбаган этеги.
ЖЫРГАЛЫ СЕНДИК ДҮЙНӨНҮНЖайлоого чыккан гүлкайыр,Жарашыктуу кыз шайыр.Биле жүргүн, жигиттер,Жайдары сулуу кыз жайын.Акактай аппак алкымы,Адамдын жайын бүт билгенАдамдан артык акылы.Көйкөлгөн шибер саз менен,Кошулушуп сүйлөшсөң,Көркөм сулуу кыз менен.Айдың жарык түн менен,Айкалышып сүйлөшсөң,Айнектей сулуу кыз менен.Булбул, тоту үн менен,
Сырдашып сырды чечишсең,Буралган сулуу уз менен,Жай салкыны тун мененКызгалдак кызыл гүл менен.Жашчылык өмүр сүрүшсө,Жарашкан сулуу кыз менен.Аргымак болсо мингениң,Акылман сулуу жан болсо,Абдан арзып сүйгөнүң.Тор чалыш болсо мингениң,Тотудай сулуу жар болсо,Тобокел кылып сүйгөнүң.Аргымак чалыш болсо дейм,Астыңдагы мингениң,Айнектей сулуу жар болсо,Өмүрдүккө сүйгөнүң,Өзгөчө болот жыргалыӨтүп кетчү дүйнөнүн.Гүлдөн чөлгө кайрылбай,Өмүрүң өтсө армансыз,Сүйгөнүңдөн айрылбай...Жашчылык гүлү ушундай,Жаркылдап өмүр сүрүшсөң,Өмүр бою бузулбай.Атыр жел согот жай менен,Жигитке таалай бүтпөйбүАкылман сулуу жар менен?Акылман болсо алганың,Өлгөнүңчө сүрөрсүңӨмүрдүн ширин жыргалын.Көркөм кийим кийинип,Көйкөлүп турса алдыңда,Тамаша таттуу сөз айтып,Жаркылдаса жаныңда.Өз өмүрүң өткөнчө
Сүйгөнүң менен сүйүшсөң,Сүйкүмдүү жакшы өмүрдөӨлгөнчө бирге жүрүшсөң...Уктасаң, түндө ойготуп,Сүйүп алган сулуу жарКайгыңды ачса сооротуп...Сырыңды тапса сулуу жар,Куралып келет колуңаАздыр-көптүр дүйнө мал.Арманың болбойт эч качан,Анык сүйсө, сулуу жар.Акылдаш болсо ойлонуп,Үйрүлүп түшсө толгонуп,Күйүмдүү болсо сүйгөнүң,Жыргалы сендик дүйнөнүн!
ЭРКЕ САРЫ(Күү ыры)Эрке сарым, элге дарым,Күйкө сарым, күйдү жаным,Сүйүмканым, сүйдү жаным.Жогору жагың базаркан,Төмөн жагың шааркан.Жети эшик алды жеке талЖеталбадым, Сүйүмкан.Жеткендерден бир саламАйталбадым, Сүйүмкан.Кара кырым каптал жолКайтмак элем, Сүйүмкан.Каттагандан бир салам,Айтмак элем, Сүйүмкан.Алкымың жыттап, кубаныпЖатмак элем, Сүйүмкан.
БОЛОСУҢ АКЫНОкубай, жазбай кат болбойт,Минбей буудан ат болбойт,Куйкасыз башта чач болбойт,Ичпей мамил чай болбойт,Кийбей кызыл шай болбойт,Минүүсүз жорго тай болбойт,Ак буудан баспай чаң болбойт,Акылынан адашпай,Адам уулу маң болбойт.Асмандан тийбей күн болбойт,Азап түшпөй адамга,Караңгы кирип түн болбойт.Улугуң калыс болбосо,Ушундай түндө ким коргойт?Жоргону минген жолдо өсөт,Күлүктү минген күндө өсөт,Душмандан кордук көргөндө,Уйкуң келбейт жатканда,Болосуң акын келтирипАр санатты айтканда.
ЭШЕН-КАЛПАКойгуласам жорголойт,Коңгуроодой комузум,Жаак тилди ирмесем,Кошо чыгат добушум.Кулак салгын сөзүмө,Ырдап турам өзүңө,Көптү көргөн болушум.Эстетсем, болуш, жаман ишЭлдин канын сорушуң?Алыстан келген меймандар,Аламын деп умтулганСилер да элдин шорусуң.
Эл ичинде кыдырганЭшен болот дечи эле,Элден алдап албаса,Кесел болот дечү эле.Эшен менен энчилешКалпа болот дечү эле,Аркасында асынганКалта болот дечү эле.Ажалга бербей байларды,Калка болот дечү эле,
Арабызда азгырганАлдамчы бар дечү эле.Туура сөздү билбеген .Жалганчы бар дечү эле.Куран ачып караганМолдосу бар дечү эле.Ыймам болуп теңге алганТойбосу бар дечү эле.
Эшендердин бейиштеАчып койгон даярдап,Эшиги бар дечү эле.Он карадан бир караКесими бар дечү эле.Көрүп келген бейиштиЖетиги бар дечү эле.Алдына келип ТоктогулКантип айтпай турамын,Ар кимден алып зекитти,Бекер малды курадың,Акыретти сүйлөгөнАкылмандар ушубу?Байгамбарлар баш ийип,Чакыргандар ушубу?Кара оокатка калп айтып,Сатылгандар ушубу?«Балакеттер кайда» — деп,Бакыргандар ушубу?Эл сыйынган кудайдынКурдаштары ушубу?Баарын көргөн немедей,Сырдаштары ушубу?
Эл кыдырган эшендер,Сыйлайсыңар урматтапОокаты көп кененди.Карабайсың көз салыпЭл ичинде кедейди.Олуя жакшы көрөбүДаамдуу тамак жегенди?Болушту издеп келишкенАк элечек адамдар,Эшен, бакшы, молдолор,Ажырабайт араңар,
Ак элечек оронгонБолчу эле биздин аялдар.Айылдап келген ак жоолукКаерде болот калааңар?Шарыяттан айтуугаКанчалык жетет чамаңар?Ажырата албадымАялга окшош караңар.Эпчилдик менен эшендерЭлден алып жейт экен,Жалган сөздү апыртып«Баарын билем» дейт экен,Ак элечек оронгонАлдамчынын шерти экен.
Бул ырды угушуп, эшен-калпалар жакаларын кармашып, шыбырашты. Болуш Токтогулга ачууланып: «Өз башыңды көп көрүп жүрөсүңбү? Менин меймандарымды ырдайсың, айта турган болсоң, жакшылап айткын, болбосо, жөн отур» деди. «Ар ким билгенине өзү кожоюн, мен ар кимдин кылган кесибин айткым келет. Туура ырдабаса, акындык бекер», - деди да, Токтогул дагы ырдады:
Болушсуң, элди бийлейсиң,Адамдын көөнүн оорутуп,Эл оокатын билбейсиң,Адилдикти ырдасам,Жактырбастан тилдейсиң.Чакырасың, келбесем,Корсулдайсың өзүмө,Кошуп ырдап бербесем.Келиптир эшен айлыңа,Келгенден Токоң дем албай,Ырдап турам алдындаОлуя чалыш мейманың,
Карасам окшош эмеспиКойнуңдагы зайбыңа.Эркек да болсо окшошотАялдардын жармынаАкын болуп чыккамынАтка минип жашыман,Айтып көндүм ар сөздүАйткан октой башынан,Келген сөздү кетирбейм,Айтып ырдайм атынан,Ырдын кени өзүмдө,Нак кымыздай ачыган,Айтсам алтын сөзүмдүАдам уулу жашыган.
Кылбагын, болуш чырыңды,Билбейсиң менин сырымды,Кожо, молдо, эшендерЖалган сөзгө сыйынды.Адиңден ашкан болушсуң,Кыласың күндө жыйынды,Оокаты жок кедейгеӨз оюңдан чыгарыпСаласың күндө чыгымды.Кордуктан кедей корккондоСатты го жалгыз сыйырды,Көрсөтөсүң кедейгеЖанга жакпас кыйынды.Келген эшен мейманың,Күтүп жаткан адамың.Алыстан келген ак эшенЭлден алдап алуунунЭсебин таптың, жарадың.Акыреттин ал-жайынБарып көрүп келишет,Алдамчынын салыгынАлсыраган букараАмал жоктон беришет.
БЕШ КАМАНАкмат, Дыйкан — алдамчы,Атакан, Миңбай — жалганчыЭгемберди, Бактыяр —Эл жегенге жардамчы.
Кол курады беш каман,Муруңкудай чапмакка.Короодогу кой турмак,Коргол бербейт жети ата!1
Жети атанын таш бараң,Таш бараңга батпаган,Чаап, талап, жеп жүрүпБукарадан айрылган —Рыскулбектин беш жаман.
Керимбай менен Мырзакан,Келсең, кардың жарылды,Төрт миң үйлүү жети атаТөкпөй койбойт каңынды.Жедирмек тургай жети атаАралатпайт Арымды.2
Балапандай уйпалапЧыгым салып эл жедиң,Чыркыратып жардыга,Эч бир теңдик бербедиң.Жалдыратып жардынынЖалгыз атын сен жедиң.
Жакын көрдүң байларды,Жам букара бирикти,Табалбассың айлаңды.
Букаранын санатыКинегеңе чийилди.Съезд кур деп жибердиБолушуң менен бийиңди.Табалбассың беш каман,Корголорго ийинди.
Жетим, жесир алсызгаКарабадың, беш каман,Жетилсин деп жардыныСанабадың, беш каман.Жеп-ичкенден башканыКаалабадың, беш каман.Он асыйга бир жыктыңОрозаалы карыны.'Бүтүн элдин акысы —Өмүрүңдүн жарымы.Көралбайсың жардынынЖакшы ат таап мингенин,Акмат, Дыйкан, Атакан,Көркоолугүң бул сенин.
Талап алып тентиттиңБоромбайдын Сарысын.Күндө жейсиң айыптапКүлдү журттун баарысын,Жыгып алдың, Атакан,Тоялынын чалышын.Токтотту далай бечараТой менен ашка барышын.Жетим менен жесирдинТыңдабадың арызын,Тырмагың уу бүркүттөй,Тукумуң кантип жарысын?..
Өчөшсөң Миңбай, Атакан,Мени да жыгып аларсың,Токтогул деп кекетсең,Тогуз айып саларсың.Адатыңды карматсаңҮй оокатым таларсың.Канкорлугуң кармаса,Өлтүрүп каным жаларсың.
Уу тырмактуу беш канкор,Өлтүрсөң да жалынбайм,Эки келбейм жаралып,Өлгөн соң кайта табылбайм.
ЭМНЕ КЫЗЫККүрбөң-күрбөң жүгүртүп,Күлүктү минсең бир кызык.Ай далыңды кубантып,Асылды кийсең ал кызык.Адырма адыр оттотупАйдап жүрсөң мал кызык.Азамат эрге табылса,Айнектей сулуу жар кызык.
Жакшы ат минип кубанып,Жалындуу жүрөк чыңалып,Жарашыктуу кийинип,Жагалданып сыланып,Жашыл көйнөк, шай көйнөкЖароокер сулуу кыз сүйсөң,Жашчылыгың бир кызык.
Эмгек этип жашыңдан,Элге жаксаң эң кызык.Эки курбу баш кошуп,Эркелешсең сен кызык.Эриккенче сүйлөшүп,Элестешсең тең кызык.Эл чогула келгендеЭлиришке мен кызык.
Келин-кызга жарашкан,Керенелүү шай кызык.Кары кемпир-чалдаргаКант салган кара чай кызык.Ойноо кезде балдаргаОоз жарма тай кызык.
Өмүрүңдүн ичиндеӨлбөгөнгө миң кызык.Алганың жакшы жар болуп,Айкалышып уктасаң,Ай жарыгы түн кызык.
ГҮЛДӨП АЛКара күрмө шай кийип,Бойлогула кыздар ай,Кадыр, көңүл бар чактаОйногула, кыздар ай.Кайрылып келбейт өмүрүң,Ойлогула, кыздар ай,Ойной албай, күлө албай,Ойногонду биле албай,Кайран жашты картайтыпКойбогула, кыздар ай!..
Кызыл күрмө шай кийип,Бойлогула, кыздар ай,Кызуу көңүл бар чактаОйногула, кыздар ай,Кылчайып келбейт өмүрүң,Ойлогула, кыздар ай.Ойной албай, күлө албай,Ойногонду биле албай,Кызык күнүң өткөрүп,Койбогула, кыздар ай!..
Кызыл жибек түрдө бар,Кызыл тилим, сүйлөп ал,
Кылчайып келбейт өмүрүң,Кыз экенде гүлдөп ал.Кыялданып качпагын,Кыз ойнобос көрдө бар.
Жашыл жибек түрдө бар,Жаңсап, тилим, сүйлөп ал,Жанып келбейт өмүрүң,Жаш экенде гүлдөп ал,Жалтанбагын, качпагын,Жаш ойнобос көрдө бар.
Кайран өмүр барында,Балалыктын чагында,Гүлкайырдай гүлдөп алКүлгүн жаштын барында.Карылык кууп жеткен соң,Кайран өмүр өткөн соң,Кара чым басып денеңдиКаларсың жердин астында.
ТҮЗ ЖОЛУҢДАН ЧЫКПАГЫНКалың топко сайраган,Акын Токоң мен мында!Сагынган элди көрөм деп,Көп элге ырдап берем деп,Кетмен-Төбө жеримденАтайы мында келдим да.
Жаш кезиңде жаркылдап,Калкыңа тийсин керегиң,
Билишимче кубултуп,Санаттан ырдап берейин.
Жаман адам жалтанган,Жалкоо болот карганча.Жаныңдан кетпейт жалтактап,Бир нерсең алдап алганча.
Аңчынын чери жазылбайт,Булкунтуп бүркүт салбаса.Туугандары жат болот,Бир-бирине барбаса.Арманда кылып калтырат,Бекерге кылган далбаса.Айдатып ийген ТокоңдуБайлардан чыккан каргаша.Түз жолуңдан чыкпагын,Бузуку сени алдаса!
Боз карчыга боодо ойнойт,Болумдуу балдар жоодо ойнойт.Болуму жок, шыгы жокАш талашып үйдө ойнойт.
Көк көгүчкөн көлдө ойнойт,Көлөкөсү жерде ойнойт.Көөдөнү жок, шыгы жокҮйдө жатып, үйдө ойнойт.
ДҮНҮЙӨБул дүнүйө бекерсиңБир күнү өтүп кетерсиң,Опосу жок дүйнөнүнТүбүнө ким жетерсиң?
Келериңде дүнүйө,Толукшуп чыккан айдайсың,Кетериңде дүнүйө,Суу жүрбөгөн сайдайсың.
Келериңде дүнүйө,Асмандагы күндөйсүң,Кетериңде дүнүйө,Кайгылуу көңүл кирдейсиң.
Келериңде дүнүйө,Өзөнгө бүткөн талдайсың.Кетериңде дүнүйө,Өлүмдөн бетер алдайсың.
Келериңде дүнүйө,Мөмөлүү дарак шактайсың,Кетериңде дүнүйө,Суу жетпеген кактайсың.
Келериңде дүнүйө,Алмач өркөч лөктөйсүң.Кетериңде дүнүйө,Тулпар минсең жетпейсиң.
Келериңде дүнүйө,Аргымак минип ойнойсуң.Кетериңде дүнүйө,Айланып учкан торгойсуң.
Келериңде дүнүйө,Адырдан соккон желдейсиң.Кетериңде дүнүйө,Кол жетпес аска белдейсиң.
Келериңде дүнүйө,Ай менен күндөй жарыксың.Кетериңде дүнүйө,Таманы түшкөн чарыксың.
Келериңде дүнүйө,Кош тегирмен ноодойсуң.Кетериңде дүнүйө,Көз жетпес бийик зоодойсуң.
Келериңде дүнүйө,Алтын жагоо куштайсың.Кетериңде дүнүйө,Кышкы чилде муздайсың.
Келериңде дүнүйө,Алтын така тулпарсың.Кетериңде дүнүйө,Артынан кууса жеткирбес,Айланып учкан шумкарсың.
Келериңде дүнүйө,Урууда күлүк дулдулсуң.Кетериңде дүнүйө,Уясын бузган булбулсуң.
Келериңде дүнүйө,Ташкын дайра селдейсиң.Кетериңде дүнүйө,Карматпас бороон желдейсиң.
Келериңде дүнүйө,Алтын тутка түркүксүң.Кетериңде дүнүйө,Туурдан учкан бүркүтсүң.
Келериңде дүнүйө,Кебелбес эрдин мүлкүсүң.Кетериңде дүнүйө,Керүүдөн качкан түлкүсүң.
Келериңде дүнүйө,Байгеден чыккан аттайсың.Кетериңде дүнүйө,Мөмөсү түшкөн шактайсың.
Келериңдн дүнүйө,Көңүлүң курсант болорсуң.Кетериңде дүнүйө,Көк шумкар алган коёнсуң.
Келериңде дүнүйө,Курбулуу тоодо уларсың.Кетериңде дүнүйө,Куйругун жанчкан жылансың.
Келериңде дүнүйө,Көк болот шамшар-канжарсың.Кетериңде дүнүйө,Көксөө болгон чалдайсың.
Келериңде дүнүйө,Жоо качырган эрдейсиң.Кетериңде дүнүйө,Кейиген менен келбейсиң.
Келериңде дүнүйө,Кериде жайык конушсуң.Кетериңде дүнүйө,Капкагы сынган комузсуң.
Келериңде дүнүйө,Чытырман калың токойсуң,Кетериңде, дүнүйө,Жыртылган тери чокойсуң.
Келериңде дүнүйө,Ак үйгө салган айнексиң.Кетериңде дүнүйө,Туткасы сынган чайнексиң.
Келериңде дүнүйө,Ала кар жаткан бийиксиң.Кетериңде дүнүйө,Мергенден качкан кийиксиң.
Келериңде дүнүйө,Көкөлөп өскөн чынарсың.Кетериңде дүнүйө,Шамалдан качкан тумансың.
Келериңде дүнүйө,Толкуган көлдө шардайсың.Кетериңде дүнүйө,Томугу түшкөн тайдайсың.
Келериңде дүнүйө,Жыйырма беш жаштайсың.Кетериңде дүнүйө,Жыдыган кара чачтайсың.Келериңде дүнүйө,Караңгы тамда чыраксың.
Кетериңде дүнүйө,Карышкыр жеген улаксың.
Келериңде дүнүйө,Айчыгы алтын туудайсың.Кетериңде дүнүйө,Соолгон кудук суудайсың.
Келериңде дүнүйө,Булутсуз тийген күндөйсүң.Жанаша чыгып ыргалганЖазгы талдай бүрдөйсүң.Кетериңде дүнүйө,Булут баскан түндөйсүң.Карарып алса көңүлүң,Кармаса колго кирбейсиң.
Келериңде дүнүйө,Түнкүсүн жарык айдайсың.Адамдын көөнүн сергиткенЖашыл гүлдүү жайдайсың.Кетериңде дүнүйө,Кайрылып карап койбогонКайыры жок байдайсың.
Келериңде дүнүйө,Жайкалган ыраң чөптөйсүң.Жашылданып буруксуп,Туш-туш жакка көктөйсүң.Кетериңде дүнүйө,Эшиктен төргө өтпөйсүң,Жардылыкка таянтып,Жакыныңды өрттөйсүң.
Келериңде дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,Кавхар, жакут чыраксың.Кетериңде дүнүйө,Душманымдан ырааксың.
Келериңде дүнүйө,Жаз бүрдөгөн терексиң.Жагалдантып көнүлдүЖаш, карыга керексиң.Кетериңде дүнүйө,Түбү түшкөн челексиң.
Келериңде дүнүйө,Бүр алган кырчын талдайсың.Таттылыгың тамшантып,Шекер менен балдайсың,Кетериңде дүнүйө,Азыткыдай алдайсың.Келериңде дүнүйө,Жасалгалуу үйдөйсүң.Кетериңде дүнүйө,Жакыныңды сүйбөйсүң.
Келериңде дүнүйө,Ташып чыккан булаксың.Кетериңде дүнүйө,Желсиз өчкөн чыраксың.
Келериңде дүнүйө,От жакпай оргуп кайнайсың.Күн тийгендей жаркырап,Күлө багып жайнайсың.
Дүнүйө чиркин ушундай,Колуңдан качкан кушуңдай.
АККАН СУУКырк миң жыл жердин алдынанКарып чыккан аккан суу.Толгон айдай жаркырап,Жарык чыккан аккан суу.Булаң куйрук, жез канатБалык чыккан аккан суу.Курт-кумурска жандуунуБагып чыккан аккан суу.Кара жердин алдынанЖарып чыккан аккан суу.
Көз жетпеген кара кырТоого чыккан аккан суу.Кош тегирмен паралууНоого чыккан аккан суу.Жети кабат жер мененЗорго чыккан аккан суу.
Көз жетпеген ала кырСайда болгон аккан суу.Чаңкаганда адамгаПайда болгон аккан суу.Азган менен тозгонгоАйла болгон аккан суу.Кызыл-тазыл жайнатыпГүл жараткан аккан суу.
Жер жүзүндө соноргоТүр жараткан аккан суу.Жашыл ала ыраң чөп,Миң жараткан аккан суу.
Баасы кымбат, эти алтын,Мал жараткан аккан суу.
Башатына көгөртүпТал жараткан аккан суу.Карыптарга күч-кубатАл жараткан аккан суу.
Жадыратып жайыккаЧөп жараткан аккан суу.Жашыл майдан салкынгаКөк жараткан аккан суу.
Агын дайра шар болупТолкуп турган аккан суу.Ак тулпар кечип өтө албайКоркуп турган аккан суу.
НАСЫЯТДениң соодо эринбей,Бекерликке берилбей,Эркиң менен жумуш кыл«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.
Эрдин күчү — сом темир,Эритүүгө эр керек.Эч оокатың болбосо,Эгин айдар жер керек.Эр жигиттин белгиси —Эпчил болот термелеп,Өз колуңда болбосо,«Өлдүм» десең, ким берет?Күчүң барда иштеп көн,Күлүп жайнап, эр жигит,
Күнүмдүктү ойлобой,Кулак байлап жер жибит.
Жакшы азамат түрдөнүп,Жалбырттаган жалындай,Өзүн өзү асырайт,Уурулукка малынбай,Уятын ойлоп ар убак,Ушак сөзгө чалынбай.
Түрүнүп иштеп, эр жигит,Тишиң барда таш чайна.Ирээтиңди түзөтүп,Иштебесең аш кайда?Эгин айдап, чөбүң чап,
Эмгегиңден пайда тап.Азамат болсоң, ак иштеп,Аздыр-көптүр малың бак!
Эр жигиттин белгиси —Кайраттуу болот жалындап,Өз колунда болбосо,Оңойбу оокат табылмак?
Өлмөйүнчө кор болбойт,Өксүгөн менен ниети ак.Жамандыкка чалынбайт,Өз башына өзү сак.
Өлбөй тирүү калбайсың,Жан аманат, ойлоп бак.Ыркырашпа тирүүңдө:Ырыс алды — ынтымак...Ачуулуу болуп, эр жигит,Аксымдыкка бут малба,
Көпкөндүккө жеңдирип,Көрүнгөнгө мактанба,Алып калгын ТокоңдунҮлгүлүү сөзүн укканда.Карыздар болбо эр жигит,Көтөрмөгө бурулуп.Абийириңди кетирип,Аласа келет чубуруп.Андан көрө эгин бак,Алың барда жулунуп.Кайда качат ырыскы?Өзү эле келет курулуп.
Эсиң кетсе, эчки бак,Эчки тууйт үч улак.Айраныңды мол кылып,Саан берет үч убак.Эч болбосо экиденЭгиз тууйт улагың,Эшигиңден эрмен жейт,Эстебей тоонун тулаңын.
Эгин айдап, жакшы бак,Жазында чыгат жалтылдай,Кампадан ашып кап толот,Баасы кызыл алтындай.Жашыңда кылгын мээнетти,Жалкоолонуп тартынбай.Карды тойбойт адамдынКайрат менен иш кылбай.
Качкы болот кээ акмакКара чака табалбай,Коё берет акырыКатынын эптеп багалбай.Иштеп жатса бир дыйкан,
Кыт-кыт күлүп табалайт.Дыйкан кууп жолотпойАйыл үйдөн талаалайт.
Андай сыйкыр шумдаргаАзаматтар байланбайт,Ачык-айрым азаматАргымак аттай шайдаңдайт.
Карыздар болбо сүткорго,Бардык малын сүт кылат;Бир жылда эки туудуруп,
Жарым сомун бүт кылат.Убагында бербесең,Бийге салат тыткылап.Бий-болуштар башыңан,Арылбаган жут кылат.
Кумарын жазат куш салган,Кымылдайт ичи кыз алган.Куюлтуп ырдап отурсам,Сөзүмдө барбы бир жалган?
Күнү-түнү тынчы жокАшка-тойго ат чапкан.Берекеси жок болотБекеринен мал тапкан.Чынчыл жакшы көрбөдүмЧыгым албай эл баккан.Эки колун тынчытпайтЭт башырып, от жаккан.
Мергендиктин белгиси —Бугу, марал, теке аткан.Үңкүйүп үйдө жатканчаИт агытып, сал капкан.
Курсагың сылап тынч жаткан,Тамак даяр болгондо,Ал урган кирип келет бир жактан.Жардылык, байлык кимде жок,«Жардысың» деп демитпе,Жамандашып, эр жигит,Бириңди-бириң кемитпе!
Аз өмүрдүн ичиндеАмандашкын күнүгө.Өлбөгөнгө табылатАздыр-көптүр дүнүйө.
Алакөөдөн акмактарАнтташкан сөзгө туралбайт.Айылына бата албай,Акыр өзү бураңдайт.
Как ошондой адамдынКаадасы калбайт карганча,Өткөн өөнү билинбейтӨлөр күнгө барганча.
Ырыс алды ынтымак,Өлмөйүнчө кол кармаш.Билими бар азамат,Бир-бириңе жардамдаш.Билинбей жүрүп бир күнүМүдүрүлөт алтын баш...
Өнөрүң болсо, өргө чап,Кор кылбай, асыл жанды бак.Эрдин көркү — эл менен,Эмгегиң менен элге жак!
САНАТ Аргымакты «жаман» деп,Бууданды кайдан табасың?Агайынды «жаман» деп,Тууганды кайдан табасың?
Ак саманды «жаман» деп,Чөптү кайдан табасың?Аз дүйнөнү «жаман» деп,Көптү кайдан табасың?Жарма, чайды «жаман» деп,Этти кайдан табасың?Акындарды «жаман» деп,Кепти кайдан табасың?
Агарган карда көп жүрсөң,Көзүң бир күн карыгат,Агайынден чет жүрсөң,Көңүлүң бир күн тарыгат.Тууганына батпаган,Душманына жалынат.Болбос жаман арамзаБолумсуз ишке малынат.Кийинкисин ойлобой,Кишинин көөнү калынат.Жакынына жакпаган,Жат кишини жамынат.Ханды кудай урардаКалкына жаман кас болот.Байды кудай урардаДөөлөтүнө мас болот.Кышты кудай урардаКүн жылымдап жаз болот,Эрди кудай урардаЭлүүндө жаш болот.
Жалпы жылдыз чогулса,Жарым шоола айдай жок,Тогуз улак бириксе,Баасы жалгыз тайдай жок.Карандай чайды көп ичсең,Бир кесим казы майдай жок.Өңкөй бөздүн сапатыБир кийимдик шайдай жок.
Бычак берсең, кындап бер,Кындап берсең, чындап бер,Берекесиз байларданБейил менен кун кетер.Жумуш кылсаң, мудаа кыл,Иштеп кетпе илдекер,Кара санап бирди алсаң,Колуңуздан миң кетер
Чечилишип сырдашсаң,Көкүрөктөн муң кетер.Баарың болсоң бир ооздуу,Душманың кантип былк этер?Булут кетсе асмандан,Күн ачылып жылт этер,Ажалың жетип, күн бүтсө,Кайран башың шылк этер.
Ак бараңдын кундагын,Аталбасаң сунбагын,Эрмин десең душманданЭки көзүң жумбагын.Өтүп кеткен иш үчүнӨкүнүп балаң урбагын.
Көпкөн жигит көп сүйлөйт,Чечен жигит эп сүйлөйт,Билбестерге жыйындаБир сүйлөөгө кеп тийбейт,Жөн жүрбөгөн жигиттерКөрүнгөндөн тепки жейт.Ким көрүнгөн кекенип«Ушунуку өттү» дейт,Көз карашың бузулса,Көргөн адам «көптү» дейт.
Сүт табакты жибитет,Айран тамса иритет.Пайдасы жок кеп айтып,Маңыз сөздү чиритет.Күлө сүйлөп үйүңөКүндө кирген күл ичет.Эки дүлөй кошулса,Бир-бирине күлүшөт.
Жинди менен жоолошпо,Суу куйбагын толбоско,Акмак болуп кетесиң,Ачууланба болбоско.Үгүт айтып чарчаба,Айткан акыл конбоско.Жолдош болсоң куу менен,Өмүр өтөр доо менен.Жыкмайынча качпагын,Беттешип калсаң, жоо менен.
Суктанбагын сулууга,Уят айтпа улууга.Тамаша айтсаң билбеске,Тар жерде катуу сындырат,Жамандардын адаты —Жалган сөздү чын кылат.Көптү көргөн адамдарКөнүлүңдү тындырат.Бекерчиден безе кач,Ушакчыдан көчө кач!Кызыктырып кыйыкты,Кыйын жерге жибербе,Билбестерди коркутуп,Алдоо менен имербе,Жаңшап турган Токоңдун —Насияты силерге.Жаның менен акыл айтЖакшы айтканың билерге.Колуңдан келбес жумуштуОюң менен бүтүрбө,Алыстан келер коноктунКабарын укпай күтүнбө.
Айталбаган сөз үчүнОозуңду бекер ачпагын,Мактаганга март болуп,Оокатыңды чачпагын.Колдон келер иш болсо,Коркуп бекер качпагын,Мурунку жаман ишиңдиКийинки жерде таштагын.
Жолдош болбо коркокко,Жүк артпагын торпокко,Иш кылдырба чоркокко.
Күлүк минсең күүлөнүп,Эки жагың каранба, —Көйрөң атка коносуңКөрүп калган адамга.
Сурап ичкен тамагың —Суу ичкен менен барабар,«Сук» атанып айлыңдаСуук болбо, жаш балдар!
Күлүк менен жарышпа.Билимдүү менен алышпа.Кейбир1 кылат өзүңдүКеп салбагын маңызга.
Көңүл калар кеп айтпаОору менен картаңга,Жанын сатат кээ адамЖарым чөйчөк талканга.
Бузук менен муңдашпа,Уятсыз менен ымдашпа,Болбос ишке кийликпе,Момундук жөнү бир башка...Алың менен күч керекАзык оокат тыңдашка.Акылсызга сөз айтып,Акмак менен сырдашпа.Аялыңды жек көрүп,Жамандыкты ырбатпа.
ҮЛГҮ ЫРЛАРДайранын көркү кемеде,Баланын көркү энеде,Акыл айтсаң тыңшабай,Акмактын көркү жемеде.
Бычактын көркү кынында,Жылкынын сыны кулунда,Азамат болсоң, эр жигит,Ардактуу иштен корунба.
Шибердин көркү — мал менен,Жылкынын көркү — жал менен.Жылдыздай жанган кара көз,Жигиттин көркү — жар менен.
Сакалдын көркү чалда бар,Сулуунун көркү калда бар.Суктанып жүрбөй ар кимге,Сүйгөнүңдү тандап ал.
Түн менен жойлой басканда,Түлкүлөр түшөт капканга,Түн экен деп, эр жигит,Максатыңдан жазганба.
Жаман Адам белгиси —Өз камы үчүн жүгүрөт,Жакшы адам белгиси —Эл камы үчүн күйүнөт.
Эчкинин көркү — төл менен,Эгиндин көркү жер менен,
Эликтин көркү — төр менен,Эр жигит көркү — эл менен.
Булбулдун көркү гүлдө бар,Ырчынын көркү үндө бар,Ак шумкар учса асманга,Амалың болсо үндөп ал!
Жайлоонун көркү кымызда,Кишинин көркү ырыста.Намысы үчүн жоо сайганБаатырдын көркү урушта.
Аяздын көркү музда бар,Алгырдын көркү кушта бар,Тамактын көркү тузда бар,Саамайдын көркү кызда бар.
Жамгырдын көркү туманда,Бүркүттүн көркү кыраанда,Байкабай жүрсөң кокустан,Кор болосуң жаманга.
Туйгундун көркү түлөктө,Баатырдын көркү жүрөктө.Балбандын көркү билекте,Өрдөктүн көркү чүрөктө.
Кулпунуп туурда таранса,Куштун көркү түлөктө.Кошоматчы куулардыКондурба да, түнөтпө.
Кылычтын көркү курчунда,Кундуздуң көркү сыртында,
Алышкан душман жоо келсе,Азамат көркү журтунда.
Бак-дарак көркү гүлүндө,Бакшынын көркү жининде,Мукам-мукам сайраса,Булбулдун көркү үнүндө.
Аргымак көркү жалында,Алманын көркү шагында,Ак жолборс келсе, тартынба,Алтын башың барында.
Мылтыктын көркү огунда,Милтенин көркү чогунда,Жайылып малың семирсе,Жайыттын көркү сонун да!
Туяктын көркү тулпарда,Канаттын көркү шумкарда.Кулундун көркү жылкыда,Каз канаттап эл турса,Аш, тойдун көркү ырчыда.
Темирдин көркү өгөөдө,Жыгачтын көркү мөмөдө.Баатырдын көркү маңдайда,Чечендин көркү таңдайда.Бирер түркүн эр жигитЖетишпей жүрөт ар кайда.Сыянын көркү каламда,Сырыңды айтпа жаманга.Сыр алышып, сыр түйгөнСырдашың келет саламга.Жабдыктын көркү жоргодо,Жаназа, доорон молдодо,
Жаман адам чырылдап,Жакын болот олжого,Жабыгып жүрсө, жигитти«Жакырсың» деп кордобо.
Козусу кошо жайылса,Койдун көркү ирикте,Акылы толук азамат,Айрылбас курбу иликте.Тунук мүчө, тулпар сынДубанды бузган күлүктө.
Сулуунун көркү келбетте,Шурунун көркү берметте.Колуңдан келбес бир ишкеКор болуп көңүл дегдетпе.
Ынтымак болсо калкыңда,Душманыңдан тартынба,Айбаты бар жигиттинАтагы калат артында,Күжүрмөн эрдин күчү өтөтКүмүш менен алтынга,Күчүң барда, эр жигит,Күмүш өңдүү жалтылда.
Эшендин көөнү зикирде,Уурунун көөнү пикирде,Орозодо молдолорОпулдашат битирге.
Сопунун көөнү азанда,Соргоктун көөнү казанда.Чын болсо да, жан кечтиЧыдай берет касамга.
Мергендин көзү милтеде.Опкоктун көзү күлчөдө.'Жакшы аттын көркү — жал менен,Сулуунун көркү — кал менен,Булбулдар таңшып сайрашатБуралган кырчын тал менен.Жайлоонун көркү ачылат,Жайылып жаткан мал менен,Карыса да кемпирлер,Калжаңдашат чал менен.
Жердин көркү ачылатЖайкы жашыл гүл менен,Жай сыпаты бир сонунЖандын баары дүрбөгөн.Дыйкандын көркү — жер менен,Күлүктү чабат тер менен,Кадырлаш болсо өлгөнчөКатындын көркү эр менен.
Эл тирилик кылганда,Эсирип уктап кур жатпа.Иш тапшырба жалкоого,Акыл айтпа чалпоого!
НУСКАЛУУ ЫРЛАРЭрдин эри майтаратЭриш бузган .жоо мизин.Кайраты демин кайтаратКара өзгөйлүү доо мизин.
Эр эшиги сом темир,Эритмекке эр керек,Тескерини түзөткөн,
Эрге дөөлөт бир келет.
Көрөм десең урматын,Уул үйлөп, кыз чыгар,Малыңды жутка алдырбай,Кам көбөйтүп, кыш чыгар.
Эндик, упа, каркыра,Кыз балага жарашар,Бетке сыйпап албыртып,Беш көкүлүн тарашар,Бейжай болсо энеси,Беш убак тиер жемеси.
Тарпты жесе жарашат,Карга, кузгун капыры,Арга барбы таланса,Бей-бечара бакыры.Кузгундардын колунан,Эзилди элдин жакыры...
ТОКТОГУЛДУН ТӨРӨЛӨРГӨ ЫРДАГАНЫ(Токтогулдарды кармоо үчүн келген жазалоочу отряддын офицерине карай Токтогулдун ырдаганы)
Калаадан келген чоңдорумБилесиң иштин болжолун,Кай жумушта турушатСилердин кылар ойлоруң?Кантип көрбөйт көзүңөр,Эшен, калпа, бай-манапЭлдин канын соргонун.
Керимбайга келишкенКалаадан чыгып солдаттар,Анык балаа бай-манап,Адамзатка жармашкан,Эшен, калпа дагы барБай-манапты жандашкан,Букаранын оокатынҮшүрү деп алдашкан.
Улук болсоң, сыначы,Ишенбесең өзүмө,Башкалардан сурачы!Калаадан келген күнадыр1,Кулак салып угуптурТпктогулдун ырларын,Адилет болсоң, текшерчиКедейди байлар урганын,Дүң букара көрбөдүДүнүйөнүн жыргалын.
Күнадыр, келдиң айылга,Күн тийбес тоого жайында,Улук болсоң көз салчыЖарды-жалчы — жабырга.
Көрүнөө айткан сөзүмдү,Күнадыр, уксун кулагың,Бекеринче «чыгым» деп,Байлап алат бий, болушКедейдин жалгыз улагын,Сен билбесең, ким билетЗарлаган элдин убалын?Көйнөгү жок кедейдиБалапанча басып жепКеримбай көрдү убайын.
Жарды-жалчы, кедейлерЖаралганбы кем болуп?Күн-түнү түшпөйт үстүнөнКуур тону тер болуп,Куураган кедей жүрөгүКайгы басып чер болуп,Жүдөп жүрөт букараКузгундарга жем болуп,Жүрө албады шордууларБай-манапка тең болуп.
«Чыгым» деп алат малдарын,Айрансыз коёт балдарын,Алсыз кедей амал жок,Көтөрөт байдын салганын.Улук болсоң, алып берКедейден байлар алганын.Улуктун ишин билбесең,Байдын сөзүн сүйлөсөң,Сен да тартып алып кет,Букаранын калганын!..
КОШ, АПАКЕ!(Айдалып бара жаткандагы энесине ырдаганы)
Боздодуң, апа, боздодуң.Кайгымды кайра козгодуң.Кайрат кылсаң болбойбу,Тирүүмдө жоктодуң...
Ыйладың, апа, ыйладыңЫйлаба, жашың кургасын.Убайым тартып ый-ыйлап,Уулуңду муңдуу кылбагын!..Айланайын апамсың,Анчалык неге жаш алдың?Айдалып барам алыска,Азабым тартып жатарсың.
Карууң кетет, кейибе,Кулак сал менин кебиме.Ажалым жетип өлбөсөм,Карчыга куштай айланыпКелермин кайра элиме!
Айланайын апаке!Балапандай баккансың,Ак сүтүңдү эмизип,Бооруңа басып жаткансың,Мага окшогон жалгыздыЗарлап жүрүп тапкансың.Алпештедиң, апаке,Адам кылдың асырап,Ачылар бекен кабагымУшул иштен ажырап?
Керимбай кылды кесирди,Кекенип мага эсирди.Жаш кезимден каршы элем,Журтумдан айдап кетирди.
Башыма түштү, көрөйүн,Ажалым жетсе өлөйүн,Кайгырбай, апа, үйгө бар,Кантейин, барып келейин.
Айланайын, апаке,Уккун менин сөзүмдү.Картайганда көп ыйлап,Алдырба муңга көзүңдү.Ажалым жетип өлбөсөм,Акыр бир күн алармынКеримбайдан өчүмдү.
* * *Алты сай бараң октолот,Алты дубан топ болот.Алты дубан топ болсо,Асылың Токоң жоктолот.
Жети сай бараң октолот,Жети дубан топ болот.Жети дубан топ болсо,Жетигиң Токоң жоктолот.
БИЗГЕ КЕЛЕР БЕКЕН КЕҢ ЗАМАНАйдалып кеттим ишим ак,Алым — карып, күнүм чак,Ага-ини, туугандар,Менин актыгымды ойлоп бак!
Жайкалып жүргөн Токтогул,Чынжыр түшүп колумаАзап түшүп башыма,Айдалдым Шибер жолунаКишен түшүп бутума,Айдалып кетип барамын,Кайрылып келер күн барбыМен калың кыргыз журтума?
Өзбек, кыргыз — калың журт,Өскөн элим, аман бол!Өмүрүмдү жыргатып,Өткөн элим, аман бол!Киндик кесип, кир жууган,Турган жерим, аман бол!Кичинемден бирге өскөнТууган элим, аман бол!Токоңдо айтар тил барбы?Торгойдой сайрап ТоктогулТолгонуп келёр күн барбы?Айдалып кеткен ТоктогулАйланып келер күн барбы?Ырыскулбектин беш каман,Пейли бузук беш жаман,Кеттим Шибер айдалып,Бизге келер бекен кең заман?!Залимдин түштүм торуна,
Айдалдым Шибер жолуна,Элебей жүргөн кезимдеЭшен чыкты шорума.
АЙДАЛЫП ЖӨНӨГӨНДӨЭки колум байлатып,Элимден кармап айдатып,Күнөө салды мойнума,Каршыкты манап жолума.Каргаша өлүм албаса,Кайрылып келсем ордума,Чыксам сологойдун оңуна,Күрсүлдөгөн Дөбөт ай! —Атакандын Керимбай,Минсем, кара эшек кылып мойнуңа!Карагыр, Арым жер калды,Калың кыргыз эл калды.Балээлүү ишке кептелтипБузуктар салды жаңжалды.
Ажырап менден турушат,Акыл-эси айран элАйдоого чындап мен кеттим,Аман бол эми, кайран жер.Кызыл-Үңкүр, Деңдерим,Кайналба, калган эрмегим.Кыялдан асты кетпейт гоКыятка кончу жерлерим.Сары-Бурчуң, ДендеримСандаган сарттар элдерим,«Сандалтып айдап кетти» — деп
Санаба, калган эрмегим!Санаамдан кетпей жүрөт гоСалкында, сарай үй тигип,Саякат кылчу жерлеримКарагай найза колго алып,Бел кармашып турушуп,Керимбай канкор ит мененКармашпайт белек бу жайда!Атадан калган жериме,Ак шумкар куштай айланып,Аман келсе алтын баш!Жазбаган сөздөн жаңылтканЖалакордун боору таш.Жалгандан колум байланып,Жаралуу көздөн акты жаш.Агаин тууган калың эл«Аман бол» деймин өзүңдү.Ажалга берди зулумдарАйнектен тунук көзүмдү.Ырайымсыз бу жоодонАлсам деймин өчүмдү,Албарсты баскан эмедей,Арам пейил Керимбай,Алсыратсам өзүңдү!Улуу-кары, кичи-жаш,Угуп кал айткан сөзүмдү:Туткундан келсем бошонуп,Тууганыма кошулуп,Душмандан алам өчүмдү,Тубаса макоо Керимбай,Турпактай чукуйм көзүңдү.
КЫЙЫНДЫК ТҮШТҮ БАШЫМАКыйындык түштү башыма,Шириндиги болбосо,Аманат жалган дүнүйө,Ар кимге болбойт ашына,Күнөсү жок, залимгеКармалып кетип баратам,Ой эми, каяктан келдим калкыма.Алганымды томсортпой,Жалгыз уулум Топчубай,Баламын өңүн бозортпой,Ак тузуң тартсын артыма,Чың этип чымын учпаган,Көк уюн көгөн тытпаган,Жайлоом Арым, СуусамырЖайыты кенен жер калды,Жалпы кыргыз эл калды,Күнөсү жок, сурабайАйдап кетип баратат,Күндө салып мойнума,Кыл чылбыр салып колума,Кармап кетип баратат.Өрдөк учуп коно албас,Көлгө кетип баратам,Өлгөндө добуш угулбас,Чөлгө кетип баратам,Жети атам тууп көрбөгөнЖерге кетип баратам.Жазыксыз жашты кармады,Жараткан башка салганы,Аркамда жалгыз баламдын,Атасынан айрылып,Армандуу күндө кайгырып,
Ичинде калды арманы.Толгон кыргыз калың элЖети атам кадам койгон жер,Мен элиме келгенче,Калкала жалгыз баламды.Балыкты менен Мазар-Суу,Кудайым сүйгөн Кутчу-Суу,Атамдан калган алтын туу,Анык чоң күч бар болсоң,Ата арбагы жар болсоң,Аркамда Эшмат, ТопчубайАсыра ини, баламды.Тулпарын минип туу аштап,Душманым келди жол баштап,Туз насибим үзүлүп,Тууганым, сенден ажырап,
Түрмөгө кеттим кыйгачтап.Топтоп чыккан Кара-Тыт,Токтогон жерим Балыгурт.Жай жегеним сары май,Жай жайлоом Карабай,Жайытың тулаң малга жай,Киндик кесип кир жууганАтанын журту калды деп,Алкымдан өтпөйт ичкен чай.Ажалга кетип баратам,Асырай көр, бир кудай!Жалгыз-Өрүк, Белек-Таш,Жалгаган жерим калды деп,Жашып агат көздөн жаш,Абалдан насип бар болсо,Ат башы менен эр башы,Кай жерде калбайт алтын баш.Токтобек менен Белек-Таш
Токтогон жерим сен калдың.Токтобой агат көздөн жаш.Тозоктуу күнгө калды окшойт,Томуктай болгон алтын баш.Балдары бараң аткан жер,Баркатта жаткан жерБалапан багып чоңойтконАман калчы, кайран жер,Көк-Мойнок, Шили, Кыркырак,Көлөкө майдан, көк шиберКөөнүмөн чыкпас буркурап,Ак кептер учту пар калды,Коёнек жүрчү сай калды.Ай тийбес аска жар калды,Көтөрөт экен буюрса,Насипке кудай салганды.Балдары жорго минген жер,Келини торко кийген жер.Сар-Чечекей, Жыланды,Аман калгын, кайран жер.Душманга кеттик кармалып,Залимге кеттик айдалып,Отуз төрт жашта оюлдум,Ой-Конуш менен Моюдум,Ойногон жерим калды деп,Ок тийгендей чоюлдум.Алтымыш киши айдалды,Аркамдан жетип кармады,Кудайдан коркпос залимден,Асыра кыргыз арбагы,Ажыдаар жаткан дабанданАшып кетчү бел кайда?Аябай жанды сенден деп,Каарданып камчы уруп,Айтышып келчү эл кайда?
Аралаш бооруң болбосо,Кайрылбайт экен мындайда.Караны, акты билбеген,Касамкор зулум турбайбы а!Жетим уул, тул катын,Арзын айтып ыйлаган,Адамга зыян кылбаган,Алты кетмен чапканда,Аттай салы кулаган,Айланайын Шамшыкал,Асырай көр баламдыАзуусу кандуу шумкардан,Арбашкан зулум булардан.Боздоп калган апамдаКайгылуу болуп жүрбөсүн.Карыптык тартып жүдөсө,Кас санашкан күлбөсүн.Кереге кестим салаалапКеттим Кабак аралап,Кедейге душман көп эле,Кеткен бойдон келбейт деп,Кеп кылгандар табалап.Калың менен кармалып,Кабак жол кеттим айдалып.Касташкан душман көп эле,Кармалды, кайтып келбейт деп,Калгандыр бизди табалап.Алеги жок шай калды,Аркамда жарды эл калды,Асыйга жаңы толду эле,Ак туяк күлүк мал калды.Алганынан ажырап,Алынан тайып калтырап,Алганым Тоту жар калды,Кыпкызыл өңү бозоруп,
Атасынан ажырап,Аркамда Топчу ал калды.Чыттан көйнөк, чыт ыштан,Башымда көргөн бир доорум,Чабар камчы,сүйлөр тил,Аркамда иним Эшматым,Кантти экен жалгыз бир боорум?Сыр айтпаймын душманга,Зыркырап сынды бир колум.Ак туяк эле мингеним,Ак сүтүн берип эмизген,Апакем калды үйдөгүм!Алдап тамак жегизген,Эмчегин ширин дегизген,Үч маал ак сүт эмизген,Апакем кантип калды экен?Душманга чала дегизбең!Кум-Кыя алыс кулан жол,Кучакташып бирге өскөн,Курбу-курдаш аман бол.
Айдалып кеттик алыс жол,Азилдешип ойногон,Ак гүлдөй жаштар аман бол.Эр өлтүрүп, куш тартпай,Нар өлтүрүп, пул тартпай,Кылмышы жок, неси жок,Кандайлыктан тарттык шор?Жоргосун аттын мине өскөн,Тоюнда торко кие өскөн,Толкуган кыргыз, аман бол!Айлаңар барбы алууга —Ак болоттун мизинен,Жыландын заар тилинен,Артымдан жетип кубалап,
Арбагың барбы, көп кыргыз,Ажыратып калууга?Уругум кыргыз калың эл,Улуу Кум-Бел, Кичи-БелУрматтуу элим сен калдың,Аман бол эми, кайран жер.Алтымыш киши кармалып,Айласын таппай таң калып,Амандашпай, коштошпойАга-иним калды саргайып,Ок жаңылган куландай,Куйругун үзгөн жыландайТууганым калды шалдайып,Туткун кылып карматып,Душмандын көбүн талкалап,Туурамжы кылып койдук деп,Душманым калды дагдайып,Кашаты бийик жарсыңбы,Карасам заман тарсыңбы?Касам урбай, дарт чалбай,Кармалып кетип баратам,Биз бечара карыптыКалкалар, кудай, барсыңбы?
АЙЛАНГАН ТООНУН БҮРКҮТҮКүн тийбес тамда жатамын,Күч кетип, эс ооп, алсырап,Алдымдан нымдуу сыз өтөт,Айласыз жатам жалдырап,Козголор менде дарман жок,Кол, бутта кишен шалдырап,Тим жатсам дале сабашат,Тил билбей солдат балдырап,Арачалар адам жок,Аябай эстен тандырат.
Айланган тоонун бүркүтүАк жерден торго чалындым.Комузду күүгө келтиргенКолума кишен салындым.Ойлонуп түшкө кирбегенКөркоолорго багындым.«Айланайын, тийбе» — деп,Айласыздан жалындым.Кысталгандан өлсөм дейм,Кымбатын кыйбайм жанымдын.Күү чертип, эркин сайраганКүкүк элем, наалыдым,Күжүрмөн тынбай чуркаганКүлүк элем, талыдым.Кор болбой турган алтын башКүйүттө жүрүп карыдым.Көз жашын эстеп, ич күйөтСүйүшүп алган жарымдын.Он жашар жалгыз баламдыОйлонуп күндө сагындым,Зарлантып койгон күнөөсүзЗаманага таарындым.
УШУНДАЙБЫ СУРАГЫҢ?(Түрмөгө бир улук киргенде Токтогулдун ырдаганы)
Арыз айтам, кулак сал,Калааны билген улугум.Мен бир туткун мусапыр,Алдыңда зарлап турумун,Ажырап калды аркамдаТирүүлөй жетим кулунум.
Эр өлтүрүп, кун тартпай,Элимден келдим айдалып.Эчтеме кылган күнөөм жок,Эки колум байланып,Куулуп келип жатамын,Кур азапка кармалып.
Кармады мени Керимбай,Каршылык менен каралап.Алыстан келдим айдалып,Кара жолдон, көп элденКайыр сурап, аралап,Колу, бутум байланганАли жүрөт жаралап.
Менин айткан сөзүмдү,Улугум, уксун кулагың.Азапта жүргөн адамдын,Ойлосоң боло убалын.Айдалып жүрүп нечен күн,Каруум кетип турамын.Аркама колум байланды,
Амал жоктон чыдадым,Ак кишини айдамак,Алал жерден кармамак,Ушундайбы сурагың?
Улук болсоң, карагын!Мага окшогон карыпты!Адилет болсоң, көрсөткүнТие турган жарыкты,Текшерип көрсөң болбойбу,Жалган менен аныкты!
АЗАПКА ТҮШТҮ ӨМҮРҮМ(Токтогулдун айдоодо бара жатканда жолдо ырдаган ыры)
Ой, дүнүйө, жалганы...Кантип чыгат көңүлдөн,Карып болгон көп журтумБоздоп ыйлап калганы,Караңгы күн кайгыныКузгундар башка салганы.Куу дүнүйө.жалгансың,Букараны боздотуп,Кайгыны башка салгансың,Күнөөсү жок адамдыКүн көрсөтпөй айдайсың.
Күнөөсүз түштүм байланыпКеримбайдын колуна.
Жөө түштүм сандалыпАт жетпеген жолуна,Чын эле кордук эмеспи,Чынжыр салды колума,Тил билбеген солдаттарТүшүп алды соңума,Жашабасын Керимбай,Чыккан го менин шорума
Шылдыратып бутумаЧыгарбай кишен салышты,Кадыры сиңген калың эл:«Булбул Током кетти» — деп,Буркурап ыйлап калышты.Кайран жаным кор болду,Кайдан табар экеминКадырлашар тааныштыПенделик түштү башыма,Ачкадан жаагым карышты.
Амалсыздан бет алдымЖетпей турган алысты.Оюма алып жүрөмүнАйланып элге барышты.Теңчилик кылып күнадырТекшерген жок арызды.Элимден чыккан КеримбайЭзелден мага жабышты...
Эки колум аркадаКарыштыра байлады.Эсил башым кор болду,Элсиз жакка айдады.Комузум жок колумда,Кор болду жаным жайдары,
Толкуган суудай ташыдыТоктогулдун арманы,Адилеттик кылбастанАзапты башка салганы...Жаак менен кызыл тилЖаңшап ырдап сайрадым,Куугунтук көрүп душманданКурушуп барат айдалым.Ажыратып эркимден,Алыс жакка айдадың.
Аркамда солдат балдырап,Жайымды айтсам тил билбейт.Жезитте1 колум байлануу,Же тилдебей тим жүрбөйт.Коркутуп айдайт теминип,Бутумдагы кишендиЧыгарууну бир билбейт.Камчылап айдайт, кашайгыр,Айтпады атка мингин деп.Күнү-түнү тынчытпай,Шаштырып турат жүргүн деп..
Кайгыда жүргөн карыпмын,Билбеди зулум жайымды.Улутунуп үшкүрөм,Укпады менин зарымды.Унутпасмын өмүрдөЖонума салган тагыңды...Карып болуп кайран жан,Кир басты кызыл өңүмү.Азаптан башым кутулбай,Ачпадым жарык көңүлдү.
Чулдураган солдаттарБилбейт го менин жөнүмдү.Азап менен өткөрдүмАйдалып жүрүп өмүрдү.Көзүмдүн жашы мончоктопКөкүрөккө төгүлдү.
Эки бутум тушалуу,Арбыбайт баскан кадамым.Жанымда жок жардамчыКайрылар жакын адамым.Жүрөгүм күйүп өрт болуп,Ачылбайт менин кабагым.Жылаңайлак таш басып,Тамтыгы жок таманым.Эки колум кишенде,Амалым жок барамын...Көзүмдүн жашы көл болуп,Жаш баладай ыйладым.Арасы алыс жол экен,Жан тынымын кылбадым.Жарым кесе жармагаЖайымды айтып ырдадым.Ушунча тартып кордукту,Эмне жазык кылгамын?
Сурадым элден жарманы,Токоңдун кетти дарманы.Кыйын экен мусапырТааныбаган адамданТамак сурап барганы.Айткан менен арылбайтАзаптуунун арманы.Айдоодо жүрүп кор болду,Элинде булбул жайдары.
Эсинен чыкпайт ТокоңунЭлинен алыс калганы,Азап көрүп булбулуң,Арманын айтып зарлады.Сары оору кылып айдаганСолдаттын тийбейт жардамы.
Пенде болуп жол бастымКомузум жок колумда.Армандуу көңүл ачылбайтСибирдин алыс жолунда.
Кер сары болуп сагындым,Кетмен-Төбө жерим ай,Карып болду угулбайКайран сонун кебим ай.
Кайда калдың адашып,Күйгөн оттой демим ай.Айдоодо жүрүп бөкчөйдүИйилбес менин белим ай.
Жазыгым жок, кантейин,Жазаны тартып жүрөмүн.Чынжыр менен байланып,Жара болду билегим.Жатпай жүрүп күнү-түнЖамандыктан жүдөдүм.
Жалпы элимден адашып,Жалындап күйөт жүрөгүм.Жалынган менен таппадымЖардамчынын бирөбүн.
Жаралуу билек сыздады,Жалганда жок бул кордук,Кантала менен бүргөдөнКаруубуз кетет таланып.Жер казабыз муңдууларКерээли-кечке сандалып.Кетмен, күрөк дапдаярКолго берет камдалып,Кечинде кайта камалып,Мылтыктарын төшүңөКесеп турат солдаттарКезүүлөшүп кайтарып,Балыгы сууда чалкыган,Куулары көлдө калкыган,Улары тоодон үн салган,Кийиги зоодон тынч алган,Бугусу кирип чакырган,Элиги черде бакырган,Жайлоосу жашыл жибектей,Жери жумшак балкыган,Токоюн жашыл бүр алып,Булбулдары таңшыган,Жыпар жыттуу асыл жер,Жетемби сага, кыргыз эл?Кайра барып көрөмбүЖе айдоодо жүрүп өлөмбү?Жүрөгүм толгон кайгы-зар,Ак элем, күнөөм кечилбейАр кимдин оозун караймынАтасы өлгөн жетимдей.
БОШ КОЙ БИР АЗ КОЛУМДУ!...Төрөлүк кылсаң, бош койгун,Чынжыр салбай, колумду.Эр өлтүрүп койгонсуп,
Катырдың мынча шорумду.Мен жеримде экендеБулбул элем таңшыган.Бүгүн колум бош күнүМуңдуулар угуп жашыган.Бук болуп тышка чыга албайЖатат ыр, күү ташыган,Бош кой бир аз колумду.Чыгарып ичтен муңумдуСайратайын булбулду,Түшүнсөң кана кургурду...
ТУТКУН ЫРЫЖаралдым беле насипсиз?Кармалып келдим жазыксыз.Жорго элем жолдон жаңылбас,Жорток болдум басыксыз.
Туулдум беле насипсиз?Тутулуп келдим жазыксыз,Дубанды бузган жорго элем,Топор болдум басыксыз.
Манаптар сага не жаздым?Басынып элден адаштым.Бутумда кишен шалдырап,Мусапыр болуп бастым.Кор кылдың, залим, кантейин?Кошогумдан адаштым.Капаска түртүп ийгендейКайсыныңды талаштым?
Жыйырма*беш жылга кесилип,Чынжырга бутум тешилип,Жыгыламын басалбайЖыңайлак таман эзилип,Аман кетер бекеминАзаттык күнгө кезигип?
Болуштан келдим кесилип,Бозоруп жүрөм эзилип,Боздотуп урат баспасам,Бүткөн бой терге тешилип,Бошонор күнүм бар бекенБоштондук күнгө кезигип?
Укпадым элдин кабарын,Күмөндөр тирүү табарым,Айдалып жүрүп мен өлсөм,Көмүлбөй жолдо каламын.
Күйүткө салдың, залимдер,Көрүндү беле залалым?Көзүн көрөр бекенминКүкүктөй жалгыз баламын?
Карыган энем шордуу экен,Кантип жүрөт болду экен?Ага-тууган кайрылса,Ал-абалың мол бекен?
Жайытың жайсыз болгондур,Жалгызым деп зыркырап,Жайылып жашың дыркырап,Койнуңду каптап толгондур.
Кырк миң солдат, мен жалгыз,Кыжылдайт тилин билбедим.Кыргыз калкым барындайКыялданып күлбөдүм.
Отуз миң солдат, мен жалгыз,Он ооз тилин билбедим.Омбудагы түрмөнүнОртосунда зилдедим.
Мурутум, чачым алынбай,Мусапыр болдум мамындай.Муңайып жүрөм СибирдеБошонор күнүм табылбай.
Башыма түштү карыптыкКара нан жеп, суу ичип,Кайран жан тартты арыктык.Көрөр күнүм бар бекенШор арылып, жарыктык?
Айдалып элден адашып,Ал кетип этим көк жашык.Караңгы тамга камалып,Каным калды бир кашык.
Карыптык тартып кардым ач,Агарды сакал, кара чач.Арылар күнү бар бекенАрмандуу көздөн аккан жаш.
Зар ыйлаткан күнөөсүз,Залимдердин боору таш,Кармалып жүрүп мен өлсөм,Кай жерде калат алтын баш?
Кишен салган атка окшоп,Чынжыр менен жөө басып,Кыдыртып айдап күнүгөКыйналдым кызыл өң азып.
Чымындай жаным кыйналдыЧым оодарып, жер казып,Эзилип кайгы шор тарттым,Эл-журтумдан адашып.
Түрмөдөн аман кутулуп,Туугандан татсам туз-насип...Аман-эсен бар бекенАркамда калган бир казык?
Күндүзүндө иштетип,Күүгүмдөн камайт далдага,Түнүнкүсүн уктатпай,Түгөттү канды кантала.
Түрмөдө жатып шордуулар,Түңүлбөй тарттык көп санаа.Аман бекен аркамдаТирүүлөй жетим бир бала?
Мусапыр менен муңдууданМиллион жатат түрмөдө,Бүткөн боюн талатыпКантала менен бүргөгө.
Атылып өлүп кетүүгөКолго бербейт жалгыз ок.Караңгы тамда шордууларБошонуп кетер айла жок.
Колго түшүп күнөөсүз,Кубардың кандуу кызыл жүз.
Ташка тийип кетилдиДалай болот, өткүр миз.
Карып болдуң, кайран башКачан токтойт аккан жаш?Кайраты бар жан элемКабыландан жалтанбас.
Муңдуу болдук биз жүдөп,Мусапырлар бир тилек,Мендей карып туткундарМиллиондон көп жүрөт.
Полицей келет балдырап,Басалбайм муунум дабдырап,Байлоодо жүрөм күнөөсүзПанардай көзүм жалдырап.
Жамандыгын ырдайм деп,Жазыктуу болдум манапка,Жазыгы жок эчендиМанаптар чапты канатка.
Армандуу энем жүргөндүр«Ардагым!» — деп жол кауап,Жалдыратам көзүмдүЖатсам-турсам көп санап.
Каршылаштык манапкаӨң букара бир тарап,Айдатып ийди залимдерАжалга бизди чын каалап.
Тирүү болсом барганым,Түгөнөр болсо арманым.Түңүлдү го ажырапТирүүлөй жесир калганым.
Арманыңды чеч, эне,Ак сүтүңдү кеч, эне.«Ак кепиндеп, аруу жууп,Ардагым көмсө» — дечү эле.
Калкымдан аздым көрүнбөй,Кайгы көп ичтен бөлүнбөй,Карыган энем сен турмак,Калармын мен да көмүлбөй.
Калкыма булбул болгондо,Каруум жетип толгондо,Камалып жатам алсырапКара темир коргондо.
Калкымы көздөй сызууга,Канатым болсо учууга,Кара темир коргондуКаруум болсо бузууга!
ТУТКУНДА ЖҮРГӨНДӨ(Токтогул туткунда жүргөндө мокок балта менен карагайдан комуз жасап алып, туткундагылардын көңүлүн ачканы.)
Балта берди колума:- Баскын! - деп айдап желкелеп,Салды токой жолуна.Айдап барып токойгоАтып салат экен деп,Ажалым жеткен экен деп,Ар нерсе кетти оюма,Жүрөгүм турбай ордуна.
Казак, кыргыз, өзбектен,Орус менен ногойдонКарасам адам көп экен,Кайгы тартып мен өңдүүКармалып келген эл экен,Күнөөлүүдөн башка адамКелбей турган жер экен.Чын айтсам, кепке ишенбей,Жалган кылды сөзүмдү.Айдоодо жүрүп чаң бастыНурдуу кызыл бетимди.
Алдырып коёр бекеминКүйүткө акыл-эсимди?Торгойдой Токоң тынбастан,Токойдон каздым дүмүрдү,Тоту элем элге сайраганТолгоп чертип күүмдү.Сандаган кыргыз калың элСагынгандыр үнүмдү.Азап менен өткөрдүмАйдоодо жүрүп күнүмдү,Өлбөй тирүү мен барып,Көрөр бекем үйүмдү?Кайтарат солдат кадалып,Албайт менин тилимди.
Карагай кесем, каруу жок,Кара суу ичем, алым жок,Бозоргон суук күн жааса,Жылуу үйгө баруу жок.Мен сыяктуу карыптыБир адам эске алуу жок...
Калың токой ичиндеДүмүрдү көөлөп казамын.Акылы жок айбанчаТокойдо мөгдөп жатамын.
Айта берсем түгөнбөйт,Көрүп жүрөм азабым.Кайсы күнү чыгаратКөкүрөктө капаны.Алал жерден мен тарттымАдам көрбөс жапаны.Сагынып ырдайм ар күнүКөтөрүп баккан апамы...
Токойдон дүмүр жыйнадым,Тобунда булбул ТоктогулТоргой жанды кыйнадым,Адам барбас талаадаЖабыркап жатып ыйладым.
Карагайдан комуздуБалта менен кылгамын,Булбул элем сайраган,Комуз жок чыдап турбадым,Тагып алып чертемин,Мандалиндин зымдарын.
Кыдырып жүрүп кыйналып,Таманым жарык чор болду,Бешенеден арылбасМага бүткөн шор болду.
Айдоодо биздей карыптынАчылар күнү бар бекен?Айлына жетип кумарыЖазылар күнү бар бекен?Азаптан башты калкалап,Качырар күнү бар бекен?Карагайдан балталапКомуз чаптым токойдо.Түндө чаап албасам,Күндүз колум бошойбу...
Айдап жүргөн солдаттарАдамдын жайын билеби?Комуз чертпей кор болуп,Токоңдун туйлайт жүрөгү.
Сомдоп алган комузумКапкагы калың карагай,«Жаныма жардам» болор — деп,Черте берем аябай.
Айдап жүргөн солдаттарТамашага үйрөндү,«Адамдан чыккан жорго»деп,Балдырашып сүйлөдү.Комузум жаман, сүйлөбөйт,Балта менен чаптым да,Кыйнап жүргөн солдатка,Кылык менен жактым да.Эригип жүргөн нечен жанЭрмек менен жүрүшөт,Ар улуттан келгендер,Аңгеме салсам күлүшөт,Булбулдугун Токоңдун,Мусапыр болуп жүрсөм да,Түрүмөн таанып билишет.Жаакка чапкан немедейОйноттум го колумду,Туткунда жүргөн көп элгеКөрсөттүм го сонундуАйдоодон аман калтырыпАчар бекен жолумду?
Көрүп жүрөм көз менен,Мен сыяктуу туткунду,Далайы ачтан өлгөнүн,Өлүктөрдү орогоСүйрөп барып көмгөнүн,Билген адам түшүнөтУшул иштин жөн-жөнүн.
Азабын тартып туткундунАча албадым көңүлдү.Ак таңдай элем сайраган,Адам билбейт жөнүмдү.Айран болуп кыялым,Алда нечен бөлүндү,Азап менен өткөрдүм,Айдай толгон өмүрдү.
Иштеп жатат канча адам,Ачкалыктан жыгылып,Апта сайын бир төрөКөрүп кетет кыдырып.Калган экен кабарымАл төрөгө угулуп,Бир күнү келип тилдеди,Жин тийгендей жулунуп.
Комузду алып колуман,Ташка чаап сындырды,Камап салды жапжалгыз,Караңгы тамга кургурду,Карагайдан комузумКанча жаным кыйналса,Кардыккан жок добушум.
Комузду алып ырдасам,Ыйлаттым го муңдууну,Кыйноодо жүрүп картайды,Кыргыздын мендей булбулу.
КАЧКАНДАГЫ ЫРАшуусу бийик көрүнбөсБелим алыс калды эле,Атагы чыккан ФарганаЖерим алыс калды эле.Сарттар, багыш, көп саякЭлим алыс калды эле.Атаны арман күн болду,Ал-кубатым кеткенде,Абалым сурар ким болду?
Өзүм жалгыз талаада,Өлсөм кайда каламын?Күүгүм кирип, күн батса,Кайдан жолду табамын?Алыстан бошоп туткунданАдашып кетип барамын.
Өлүп калсам, Токтогул,Кол-бутумдан сүйрөшүп,Колотко таштап коёт бейм.Көөмп коёр адам жок,Карга-кузгун чокушуп,Кара көзүм оёт бейм.
Айлымды көздөй жол тарттым,Ак шумкар куштай кагынып,
Алты аркар жылдыз батканчаАлты айланып эмизген,Айланайын апакем,Ак сүтүндү сагындым!...Кетмен-Төбө жеримеБарып өлсөм арман жок,Керимбайдан кегимдиАлып өлсөм арман жок.Агайын-тууган, элимдиКөрүп өлсөм арман жокАмандык сурап колумду,Берип өлсөм арман жок
КАЧЫП КЕЛЕ ЖАТКАНДАТүндө көрбөй уйкунуЖүрүп келе жатамынЖолдон чыккан үй болсо,Сурап ичип тамагынКирип келе жатамын,Элге жетип калгансыпКөтөрүлүп жүрөгүмКүлүп келе жатамын.
Комузумдун кулагынБурап келе жатамын.Ар намысты ойлобой,Эл кыдырып, кайырдыСурап келе жатамын.
Балта менен сомдогонКомузум оор карагай,Ал карагай комузум,Оокатыма жарады ай.
Айыл болсо, келемин,Аябай чертип беремин.Кыз-келиндер чогулса,Кызыган менин' өнөрүм.
Кабагым ачып көңүлүмКаткырып Токоң күлөмбү?Аркамда калган баламдыАлдыма алып өбөмбү?Кардым ачып кайгырдым,Кубатымдан айрылдым,Адалдан айдап кор кылдың,Бай-манап, сага не кылдым?Аркамда калган баламдыАйдоодо жүрүп сагындым.
КӨЧӨДӨ ӨЛЧҮ КҮНҮМБҮ?(Сибирден жөө качып келе жатып, курсагы ачып, бир үйдүн терезесинин түбүнө туруп ырдаганы.)
Калаанын баарын кыдырдым,Кондурбайт эч ким үйүнө,Канчалык сайрап турсам да,Түшүнбөйт айткан тилиме.Туулган карып экеминКайгылуу күндүн түнүндө.Бир күнү жатар жер таппай
Пааналап тамдын түбүнө,Кардым ачка, каруу жок,Калабы жаным тирүүгө?Кармап берген залимдинЖамандык кылдым кимине?«Жакшылап бизди айтпайт»-деп,Жазгамын кызыл тилиме.Алымды сурар жан барбыАйнектүү тамга кирүүгө?Кор болбой элге жетүүгөКолумда жок дүнүйө,Кайыр сурап, жан сактап,Келе жатам күнүгө.
Бир күнү жатып кетейинАйнектүү сенин тамыңа,Сооп болор кондурсаңБир чымындай жаныңа.Же кишини тааныбайм,Жолотпойт эч ким жанына,Мен бир жүргөн мусапыр,Кетип турат алым да...
Айткан сөзүм уксаңчы,Угуп үйдөн чыксаңчы,Бир эле түн жатамын,Мага ырайым кылсаңчы.
Курсагым ач, каруу жок,Турамын айнек түбүндөТил билбеген жан экен,Олтурат жылуу үйүндө.
Көтөрүм болгон жылкыдайЫрдап турам калтырап,Курган жаным кейидиКурсагым ач алсырап.Айдоодон аман барамбы?Айлымды барып табамбы?Көркөмдүү булбул жан элем,Көчөдө өлүп каламбы?Элге жетип кур десе,Айталбастан саламды?Уруксат кылсаң бир күнчөУлагаңа жатайын,Кейишке башым түштү эле,Келип турам атайын.
Өнөрүм бар колумдаБешенеме жаралган,Эр өлтүрүп, кун тартпай,Айдалып келдим алалдан.Ачкалыктан ар жердеКөз тунарып карарган...
«Баркымды кошуп айтпайт»-деп,Бай-манап мага кадалган.Ат жетпеген алыстыЭки жыл басып жол кылдым,Ардактуу алтын сөзүмдүАл жерге айтып кор кылдым.
Карагай менин комузум,Күүгө келбейт колдурап .Кардым ачка, каруу жо,к,Кантсем мени кондурат?
Улар элем сайраган,Укпайт адам үнүмдү,Уштап берип душмангаУбайым кылды күнүмдү,Ар жерге барсам кондурбаит,
Ачкадан өлчү күнүмбү?Өз элиме жете албайӨлөр күнүм бүгүнбү?Көтөрүп баккан ТопчубайКөп эстеп ыйлап жүргөндүр,Көрөмбү сенин түрүңдү?Көк чынарда сайраган,Көрүнөө булбул жан элем,Көчөдө өлчү күнүмбү?
Жалаа кылып бай-манап,Жазалуу кылдың башымды.Көзүмдөн агат мөндүрдөй,Ким шыпырат жашымды?«Кеткин» деп кыштак кондурбайт,Ким билет курсак ачымды?Ачкадан өлсөм көчөдө,Ала карга чокуйбуАлтындай болгон башымды?Азапка салып сенделттиАнык булбул асылды...Ыйлап жүрүп өткөрдүмЫшкылуу өмүр жашымды..
Кардым ачка каруу жокКаршы кылдың өлүмдү,Кайта көрбөйт экенминКадыркеч, курдаш теңимди?Кайгы менен өткөрдүмКайран жаштык өмүрдү.Кашаты ак кар тоосу барКалың кыргыз элимди.Каргадай болгон Топчубай,Кайрылып көрбөйт экенмин,Карегим, сенин өңүңдү?
Кайрылар тууган менде жок,Кармап берген залимденКантип алам кегимди?Кара көздөн аккан жашКара суундай төгүлдү.Жан күйөт, издер тууган жок,Жалгыздыгым билинди,Жаралуу аркар кийиктейЖалдыраган күнүмбү?
Адаштым акыл, жоргомдон,Аягым түлөп, чор болду,Адамдын көөнүн эриткенАкын Токоң кор болду,Аралап издеп таппадымБир күнү жатар коргонду.Алым жетпейт, кантеминАйткан залим зорлордуАзаптуу күндө мен көрдүмАлты айлык Сибирь жолдорду,Ар жерге барсам кондурбайт,Ачкадан өлчү болжолбу?Келерге издеп бала жаш,Кетпеген мээнет шор болду,Аман көрөр бекеминАскалуу жайлоо, тоолорду?Күкүк элем сайраган,Күлүк элем талбаган.Күлпөтү болуп дубандынГүлү элем элдин жайнаган.Күлдү залим бузуктарКүнөөсүз кармап айдаган,Күү чертчү кайран эки кол
Күндө бекем байланган,Күнөөсүз жаттым түрмөдө,Күн көрбөй көзүм жайнаган.Кайгырып ыйлап жүргөндүрКаргадай балам-чырагым.Калаага келсем кондурбайт,Кардым ачка, кубат жок,Кайгырып ыйлап турамын,Калкты эриткен кайран тил,Уруусу башка калааданУялбай кайыр сурадым.Айдаткан залим оңбосун,Айласын кандай кыламын?
Жылаңайлак жол басыпЖарылды менин таманым,Күнгө күйүп эзилдиКүзгүдөй тунук жамалым.Убайым тарткан энемеУгулду бекен кабарым?Ачкалыктын зарпынанАр жерде кыштак үйлөрдү
Бирин койбой санадым.Убайын көрбөй каламбыУрматын жалгыз баламдын?Азабын тартып нечен жылБай-манап кылган жалаанын,Калаалык келсем кондурбайт,Кай жерде өлүп каламын?
Айланып өрдөк учпаганКөлгө бардым, кайран жан,Атам тууп көрбөгөнЖерге бардым, кайран жан.
Ак куулар учуп жетпегенЧөлгө бардым, кайран жан,Айыбы жок, каптаганСелге бардым, кайран жан.Кайрылып өрдөк учпаганКөлгө бардым, кайран жан,Кабарын угуп көрбөгөнЖерге бардым кайран жан.Канаттуу куштар жете албасЧөлгө бардым, кайран жан...
ЭРИКТИМ ЭКИ АЙ ЖОЛ ЖҮРҮПЭриктим эки ай жол жүрүп,Эзилдим таштак кыяда.Эсил жан сени шор басып,Келе жатам пияда.Кейпимен тайдым бузулуп,Кейиште турам кысылып.Эт кетти, тери жыртылып,Кыйналды го шордуу жан,Жыртылды таман кыркылып.Күүгүм кире, күн бата,Элдин алды жуп жатаТаягымды таянып,Талайт деп итин каранып, ?Бардым бир Жомалай деген адамга.Бир чымындай жанымданЖамандык ишти күтпөдү,Катыны менең баласыБешенемди тиктеди.
— Көрүнөсүң мусапыр,Бер келип оокат ич-деди.Көөнүмө кайгы толтуруп,Капшытында үстөлгөКөчүгүм коюп олтуруп,Жай алдырып жанымды.Эч жазыгы жок туруп,Кесепеттүү залымдар,Кетирдиң кубат-алымды.Таалайыма табылганБарганым жакшы киши экен,Үмүт бир кылдым жаныман.Кубанып тердеп олтуруп,Комузумду колго алдым,Шаңкылдатып күү чалдым,Мурунтан комуз укпаганБардык айлы чогулуп,Мусапыр кайдан киши деп,Жабылып тиктеп калды да.
Жакшы көрүп, кубандыӨнөрпоз келип алдына.Айылдын элин чогултуп,Баары келип жабыла,Эки сомдон, бир сомдонБерип жатат аны да.Үч ай жаттым ал жерде,Жан кыйнаган тамандынЖарыктары бүткөнчө.Унутулуп азганым,Убайым-кайгы тартканым,Оюн-күлкү баштадым,Туурасынан жарылганТуурук шордуу бутумдунЖарыктары бүткөнчө
Үйдөн чыгып баспадым.Жылан чакпай кыйналып,Өлүп бир кала жаздадым.Жазыксыз жанды манаптарЖамандык күнгө таштадыңҮч ай, үч күн болгондоКеркимди тетир аштадым.Кетсемби дей баштадым.Тузун таткан жер менен,Тууган болгон эл мененАмандашып, коштошуп,Кайтсамбы дей баштадым.Жомалай деген адамгаЭртең менен кеп айттым,Мен жөнөйүн деп айттым.Айылда казак бар экен,Тилмеч болгонЧыкырып алып жамаатын,Кайран эр өлүп калбасын,Бергиле деди кайырды,Түшүндүрдү барынаМенин ал-жайымды.Эптеп-септеп беришетЭшикте турган көп жыйынЭки теңге, кырк тыйын.Элимди издеп табалбай,Эптеп алган мен кыйын!Алты теңге, кырк тыйынЖолуна кубат болсун депЧогултуп берди ал жыйын.Комузумду колго алыпКубангансып кеп айттым.Кош, Жомалай, деп айттым.Жомалай келди жаныма,Беш-алты нан чогултуп,
Салып койду кабыма.Талаада жүргөн мусапырСыйындым жазуу багыма.Жомалай деген жакшы адамКайрылып тиктеп кеп айтты.Азыгың мол түгөнбөйт,Алты күнү жол жүрүп,Эл табасың деп айтты.Алды жакта сөз угар,Кара калпак, кең чалбар,Кайрымдуу казак эли бар.Конуп, түнөп казаккаКалкыңа баргын деп айтты.Зыкымын коюп, аш берер,Мартына баргын деп айтты.Өлбөсөң оокат кыларсың,Элиңе жетип кубанып,Балдарың менен турарсың...Эки басып, бир басып,Элди карай жөнөдүм,Ойлодум: «өлбөй көрөрмүн»,Жыйырма төрт күн дегенде,Орун алып мен бардымУлуту казак элине,Кыскага узун уладым,Жан курусун чыкпаган,Жакшы адам ким сурадым.Жомалайдын элиндеИтке чегип чананыАлганын көрдүм алардын.Иттери койду кайтарыпБарганын көрдүм алардын.Бугуга чегип чананыАлганын көрдүм алардын.Ак коюн ити кайтарып,
Барганын көрдүм алардын.Былдырашып сүйлөгөн,Түшүнүп тилин билбеген,Чалдарын көрдүм алардын.Эч айламды табалбайКалтырап кетти дарманым.Жерге жетип, эл мененЭсендешер бекем деп,Ичимде турду арманым.Ат-араба почтовойМингенин көрдүм алардын.Божурашып сүйлөшүп,Жүргөнүн көрдүм алардын,Өрдөк моюн, кумар көзСүйгөнүн көрдүм алардын.Каргадай башты жүк басып,
Калтырап кетти дарманым.
КАЗАК ЖЕРИНДЕГИ ЫРСалам айтып турамынБир тууган казак жалпыңа!Самтырап турам мусапыр,Сагынган менен жеталбай,Санжырга кыргыз калкыма.Азамат элем элимде,Арызым айтып калайын.Агайын калкым силерге.Ала-Тоо кыргыз калкымдаТоктогул акын мен элемТозоктон чыгып жөнөдүм,Тозоктуу зулум пашанынОрунан качып келемин.Салтанат кыргыз калкымаСайраган булбул мен элем,Сандалып туткун жолундаСапар тартып келемин.Калкың кыргыз элимдеКайраттуу булбул мен элем,Капас жолдо ТоктогулКайырчы болуп келемин.Улуу жүз казак туушкан,Уккула менин муңумду.Көрсөм деп качып баратамКарегим жалгыз уулумду.Каркыра, Жайсаң жериңе,Көксөйүн бир аз муңумду,Көрсөм деп кетип барамынКөркөм кыргыз туурумду.Токтогулду курутуп,Карып калган замана,Карабаган чамама.Жетим кылган замана,Жеткизбей тилек санаама,Жеталбай, тентип талаадаЖетим калган баламаЖеткиз деп кетип барамын.Жетсем деп күйүп барамын.
Бир кезекте мен дагыКомузду тилге келтиргенКоргошундай жан элем.Буралган кырчын тал элем.Түптүү калктын тили элем,Топ жыйындын гүлү элем,Акын элем жашымданАйтып көргөн ар сөздү
Аткан октой башынан.Айтып сөздү сүйлөсөмАла-Тоо муңу жазылган,Асылган душман башынан.Кулак сал, казак туушкан,Сүйлөйүн, жаке Жамантай,Эшиткин, курдаш Узакбай.Эрмек болуп берейин,Карыя Сарсенбай.Кимдин жайын ким билет,Бир азыраак иш кылбай,Сүйлө дедиң, сүйлөйүн,Азамат жигит, элиңде,Сулайман менен Эсентай.Жапан жүргөн мен шордууЖаза көрдүм ушундай.Өз жайымды айтайын:Туурда жалгыз туйгунмун,Бутакта жалгыз булбулмун,Азапка тууган кургурмунАдашып жүргөн муңдуумун.Агайын казак калкымаАрыз-арманым козгоюнЗулум падыша НиколайСурабай көздү жаш кылганШылдыратып кишенинЗынданга байлап жаткызган.Сибирге айдап, шордотуп,Зилдетип мени пас кылган.Сибирде тоңуп өлсүн деп,Жылаңаяк, жылаңбаш,Токойдон дүмүр каздырган.Омбудагы түрмөдөКамап жатты отуз ай
Залим паша НиколайСолдатына урдуруп,Зар какшатты ушундай.Аттай кылып адамдыЧанага кошуп көндүрдү.Оролдук казак Осмонду,Орусча сөздү билет деп,Ак төрө атып өлтүрдү.Арстан эле Осмонум,Көрүндө туруп көмгөмүн.Казактан чыккан жан эле,Кабылан сыны бар эле.Оёз менен кармашып,Ак жеринен кесилген,Орусча окуп, тил билген,Окумуштуу жан эле.Айтайын заман зулумунАйдалып жүрүп, Токтогул,Алыс жерде курудум.Адамзат пенде көрбөгөнКөлгө бардым, Токтогул.Жапан жаткан саргайыпЧөлгө бардым, Токтогул.Кайберен басып жүрбөгөнЗоого бардым, Токтогул.Оролдогу ормондуу1Тоого бардым, Токтогул.Тирүүлөй түшүп тозоккоЖондо калдым, Токтогул.Туткундарды күлдүрүпЖорго салдым, Токтогул.Байкал көлү жанындаТордо жаттым, Токтогул.Адамга каршы башынанЖоодо жаттым, Токтогул.
Он жылы жатып түрмөдө,Канымдын баарын сордурдум,Кантала менен бүргөгө,Талаада жатып үшүдүм,Ачкалыктан шишидим.Карайсың мени таңданып,Казак калкым, жарданып.Кечеги болгон тоюңдаТурдум четте арданып.Түрмөдөн качып келдим деп,Айтамынбы жар салып.Той башкарган Дован бийӨлөң айт деп шылдыңдайт,Жинди го деп мыңкылдайт.Кошоматчы акындарАндай тойдо жылтылдайт.Жардам кылды ал күнүЖакеси жакшы Сулайман,Жакшылык көрсүн Кудайдан.
Айланайын туушкан,Адилсиз заман куруткан,Бир кезекте мен дагыБулбулдардын бири элем.Жашыман бери бар элеКызыл тилде өнөрүм.Түгөнбөгөн кен элем,Кызыл тилде өлөңүм.Комузчу жигит мен элемКоңур тоо кыргыз жеринде.Жүйрүк элем талбаган,Кызыл тилим сайраган.Кызык өлөң чыгаргамКыз-келинге арнаган.Бул кезекте карасаң,Айылга келсем ит үрөт,Кайырчы болуп баратам.Үстүмдө бүтүн кийим жок,Жамачылар самтырап,Талаада үшүп калтырап,Ар кимден сурап Кудайы,Келе жатам жалдырап.Кийгеним чарык тешилген,Бүткөн бой терге эзилген,Ыйлап жүрөм мусапыр,Жыйырма беш жылга кесилгем.Аягөз, Семей калаасы,Ала-Тоо кыргыз арасыАлыс экен казак эл,Омбудан бери жөө келемОрус жерин аралап,Байкалда сексен тешкен тоо,Басып өтүп келатам.Жолдо тосмо көпүрө,Качып өтүп келетам.Канатым казак туушкан,Кабар ал менин муңумдан.Барың келип турасың,Жашырбастан айтайынБолгон иштин ырасын.Тозок тарткан ТоктогулЖоргосу жок турамын.Токойлуу жерди аралапТогуз ай болду качканым.
Айдалып келип болуштан,Агаин таптым орустанТутулуп келип болуштан,Тууган таптым орустан.Боорукер эл орускаКомуз чертсем орусча,Жай беришти конушка.Кондурбай кууду ууру деп,Казактан чыккан Бурулча.Бай болсо да Бурулча,Куну кеткен ушунча.Айдалып жүрүп туткундаБир тууган таптым орустан,Солдаттар мени тилдесе,Харитон, Семен болушкан.Асыл Токо качкын деп,Элиңди эсен тапкын деп,Эзилип жүргөн гуйгунсуңЭлиңе ырдап калгын деп,Эрмегиңе баргын деп,Айланайын СеменумАкыл айтты безилдеп.Ачкычын таппай Харитон,Мойнумдагы чынжырдыСеменум бурап сындырды.Кусейин ыйлап бышактап,Харитон өптү көзүмдөн.Кайта-кайта кучактап,Семен менен КусейинКомузду берген колума,Азаптан орус бошотуп,Аманат салды жолума.Айрылганда Семенум:- Адил заман келет — деп,Тилегиңди берет — деп,Зулумдун торун үзөт — деп,Ак падыша жыгылып,Акыры тактан түшөт — деп,Акыры заман оңолуп,Ак, караны билет — деп,Боштондук колго тиет — деп,Айланайын Семенум:Айлыңа аман кайткын — деп,Айлыңа барып айткын — деп,Аманат сөз тапшырды.Кайыкчыга кат жазып.«Тез жөнө!» деп шаштырды.Алты күн жүрүп акмалай,Кайыкка келдим кат алып.Кайыкчы орус жигитиОкуп көрдү бат алып.Дарыядан өткөрдүКайык менен түн катып.«Аман-эсен баргын» — деп,Акча берди жыргатып.Агайын казак туушкан,Азап көрдүм болуштан.Аталап таптым орустан,Айылдан чыккан зулумдарАры экен деди доңуздан.Карматып мени ак жерденКаргаша болуп асылган.Айлымдан чыккан беш каман,Доңуз тууган атадан.Артымдан түшүп каралап,Ак падышачыл төрөгөАкча берди паралап.Каардуу душман айдады,Карагат көзүм жайнады.Омбуга чейин барат деп,Колу-бутум байлады.Уруп солдат желкелеп,Убайда жүрдүм энтелеп.Үй көрбөдүм он жылыАк жеримден темселеп.
Туура сөздөн танбагам,Бөлүнүп элге сайрагам.Көралбастан тилимдиБөйөн, чаян арбаган.Ошон үчүн кузгундарАртымдан түшүп калбаган.Чыккан кыргыз жергеден,Чапса байге бербегем,Күлүк элем тер жеген.Качып чыгып шордуу менКалкыңа сайрап турамын,Ак падыша НиколайАдил кылбай сурагын.Ойрон болгон замандаЖетим, жесир ыйлаган,Момун шордуу куураган.Малай болду нечендерБаш көтөрүп турбаган.Каргыш тийген заманаКакшаганга карабайт,Зарлаганды сурабайт.Мени, Жаке, сурадың,Сандалып турган убагым.Эл экенбиз башынанКазак, кыргыз бир тууган.Туушкан элди бөрүлөрБир-бирине кас кылган.Бул замандан мурункуКыргыз элде арман көп,Молдолор сөздү көп айтат,Сөздөрүндө жалган көп.Манаптар элди бийлешип,Карыптарды кул кылган,Катындарды тул кылган.Кендирин кесип жетимди,Байгеге сайган жесирди.Эшиткен элем, Сарсенбай,Ормонхан менен АбылайКалкты кырып өттү деп,Уккандырсың, Жакетай,Кененсары, НорузбайДалайдын канын төктү деп.Сулайман иним, сурадың:— Аталаш тууган барбы? — деп.Атадан жалгыз мен карыпАзабым көп, кайгым көп.Энеден жалгыз бала элем,Тотудай сайрап үн салганТили булбул жан элем.Атадан калгам жашыман,Армандуу болгом башынан.Асыл энем тирүү бар,Аны да басты кайгы-зар.Алган жарым бар эле,Жыргалым жалгыз бала эле.Ботосу өлгөн ингендейЭнем боздоп ыйлаганЧырагым уккун, Сулайман,Жоо душмандын колундаЖабыр көрүп арыдым.Жол тартып жүрүп карыдым.Ак калпак кыргыз калкымдыАйдоодо жүрүп сагындым.Ала-Тоого жетсем деп,Алда таала ТеңиргеАйдалып жүрүп жалындым.Караштың иним Сулайман,Үч күн жаттым үйүңдө,Уктай албай түнүндөАр нерсе келет оюма.
Аманат жүрөм мен карып,Азаптуунун жолунда.Көрүнбөй качып келатамЖашынып элдин тобуна.Кайта түшүп калам депКанкорлордун колуна.Карыя жаке Сарсенбай,Кулак салгын, Узакбай,Куугунда жүрөм ушундай,Карагым жигит Эсентай,Качып жүрөм ушундай.
Той тараганча Токтогул Жамантай деген адамдыкына жатат. Тойдон кийин Жамантайдыкында бир түнү таң атканча ырдады. Андан кийин да 15 күн туруп, айыл кыдырып ырдай берди.
Бурулча деген бай кемпирге келсе Токтогулду үйүнө кондурбай, тамак бербей кууйт. Ошол Бурулчаны мындай деп ырдаган:
Кондурбады Бурулча:«Мал уурдайсың» деп айтып.Сөөгүмдү какшатты,Кордоп, сүйлөп, ыйлатып.Боору таш экен Бурулча,«Сандалбастан кет»деди.Мында неге келдиң деп,Мылтыгын мага кеседи.Тамак-аш бербей боктоду,Уурусуң деп соттоду.Ушул адам алды деп,Жоголгон малын эстеди.Айыптуу кылып өзүмдү
Ак жеринен кектеди.Карып болгон ТоктогулКачтым ыйлап буркурап.Сай сөөгүм зыркырап.Бурулчанын малайы,Артыман келип бу шордуу,Айтып берди бу жолду.Бурулча деген байбичеУшинтип мени кордоду.
«Бурулчага таарынсаң да, жалпы казак элине таарынба. Ал жерге кирсин, өзү кемпир, бая күнкү тойдогу Дован төрөнүн эжеси. Анын колунан бечарага жакшылык келбейт» — деген Сулайман. Ошондо Токтогулдун ырдаганы:
Айдоодон качкан ТоктогулАйткан элем сырымды,Эшиткен элең ырымды,Түшүнгөн элең, Сулайман,Менин көрүп сынымды.Айткан элем чынымды,Айланайын Сулайман,Эми эшиттим өзүңдөнДован деген чырыңды.Сабатмак экен Дован бийКөк чыбыкка бөлөтүп.
Бурулчанын музоосунАлмак экен төлөтүп.Курутмак экен шорумдуКайта Омбуга жөнөтүп.
Токтогул ошол айылда Абдылда деген адамдын үйүндө олтуруп, Авитай жана Ахмат деген эки бирин жакшылыгын, алардыкынан тамак жөөзүнүн жыртык-тешигин жаматып алганын ырдайт:
Айлансам болот элдерденАвитай ишке жарады.Авитайдын аялыЧапанымды жамады.Агасы Ахмат бечараАл жайыма карады.Козу союп, эт берди,Алдыма чобур ат берди.Азык кылып кеткин деп,Актаган таруу сөк берди.Ээрчитип келип АвитайКөпүрөдөн өткөрдү.Толгонуп карап көз салды,Токтогулдай карыпкаТөө берген окшоду.Астымда минген ат болду,Азап күнүм шат болду.Айтып берди Авитай:Ашуусу бийик тар жолду,Туздуу эчен көлдөрдү,Жолдогу кургак чөлдөрдү.Жакын казак эл деди.Жатсаң шибер жер деди.Байсейит деген айылдыБаана кылып ал деди.Ал жерде менин жээк-жаатымАбдылда деген бар деди.Азык берет ал сага,Кайгырба да, ыйлаба,Ушинтип мени дайындап,Авитай сага жиберди.Кулак салгын, Абыке,Куурагандын сөзүнө.Назар салып карагынТоктогулдун көзүнө
Өлбөй келип олтурамОрток болуп ашыңа,Эгин, чөбүм чаппастан,Жайып малым бакпастан,Жабыр түштү башыма,Кармалып кайра өлбөйүн,Түн катып эми кетейин,Түркүк элге жетейин.Аягөз, арка Семейден,Караганда, СоркөлдөнКараңгыда өтөйүн.Ыраазымын, казак эл,Уруксат бер кетейин.Узакбай менен Сулайман,Жамантай, Жаке бир тууган,Кудай мени оңдурбасЖакшылыгың унутсам.
КҮҢГҮРӨНӨ КҮҮ ЧАЛДЫМКүңгүрөнө күү чалдым,Күсөгөн калкым уксун деп,Айдоодон башы бошогонАкыным Током экен деп,Арзыган үнүм уксун депКылмышы жок эч кандайКандай балээ жетти депКалпалар кылган жаңжалда,Каргаша чыгып кетти деп.
Кайгырган элим сен элеңНасибим буйруп туз тартып,Калкыма келген мен элем.Аш менен тойдо тургандаАтагын айтса түгөнбөс,Алты сан кыргыз эл элең.Алышып душман жетпеген,Айлампа тунук көл элең.Өмүргө шерик өскөн элКөңүлдөн кетпейт дээр элем.Көмүскө кетип жок болгон,Кош көмөкөй жез таңдайКүкүгүң Токоң мен элем.Карагер миндим семиз депКыл торко кийдим тегиздеп.Кадырлаш тууган калды деп,Кайрылып келдим сени издеп.Туткун болуп кармалып,Тууганым кайгы жеди эле.Түрмөдөн колу бошонуп,Тууруна Токоң келди эле.Кулданбай, Таакы аралашСадырдын уулу Карабаш,Кедейге намыз талашкан.Бешкемпир уулу эр ТөрөБул дүйнөдөн өтөрдө,Каркыра тартып жол баштап,Караңгы сапар кетердеКурманбек менен АккандайСени менен Ширгели,Кыяматтык дос эле.Барсаң ошол доңузгаСалам дуба деди эле.Атабыз кыргыз калкынанАтантай, Жоомарт, ТөрөдөнАйрылдык өлүм зарпынан.Ажалы жетип, күн бүтүп,Аракет жайга жөнөттүк,Айыкпаган дартынан.Туурунан чоочутупТуйгун эрди качырдык,Тутам боосу үзүлүп,Туура белди ашырдык.Турпагы бийик мүрзөгөТуйгунуңду жашырдык.Агаин, тууган турган элДубасын айттым асылдын,Ак коюң союп жаткандаАк тузуң татьга, эт жедим,Аманы го башымдын.Түрмөдө жатып көз жумган,Дубасын айтып асылдың.Курдаш элең, Ширгели,Кутулдум бекен карзыңан.Көрөмбү деген өзүңдүКурбуң эле арзыган.Өл деген менен өлөмбү?Кел деген менен келемби?Айдоого кеткен кыргыздынЖармы өлдү, жармы бар.Уругу кыргыз баласынБир көрүшкө ынтызар.Туурунун үстүнөнТуйгунум боосу чечилди,Өлгөнүнөн калганыЖыйырма жылдан кесилип,Түрмөдө калды шекилди.Калайлуу туур үстүнөн,Карчыгам боосу чечилди.Калпалар кылган жаңжалда,Жазыксыз көп эл кесилип,Камакта жатат шекилди.Алакчын, саруу тобунда,Сологойдун оңунда,Кайрадан сайрап отурам,Комузум алып колума,Кайрылып келип эл таптым,Таластын узак жолундаМуунумду муң баскан,Көңүлүмдү кир баскан,Акын элем бир чакта,Палицей жүрүп артымдаБош койбогон бир паска.Караны кийсем, бойдо жок,Калың кыргыз элимеКайрылам деген ойдо жок.Кызылды кийсем, бойдо жок,Кыямат күндө жатчу элем,Кылчаям деген ойдо жок.Айылдан кеткен адашты,Абактан оокат талашты.Ак туйгун куштай чеңгелдеп,Ак тузум таткын, бер кел деп,Ата журтум ШамшыкалАлып келди карачы.Байланып колу жүрбөсүн,Бечаранын баласы.Букадай булчуң эт кетти,Панардай кара көз кетти,Акыл качты, эс кетти,Ушу жакка жөнөрдөБаймамбетти аксылыкКарышкыр талап жеп кетти,Таластын өзөн суунда,Курбу-курдаш турсуң да,Барыңарга БаймамбетСалам дуба деди эле.Кандай күндө жатат депБаарыңдан кайгы жеди эле.Кутулдум элдин карзынан,Сөз уктуң муңдуу жарчыдан,Айткан сөзүм орунбу?Тели-теңтуш калган элБек кармайын колуңду!Кадырлаш калган дос болсоң,Бир жыттайын мойнуңду.Сандаган кыргыз калың элСайраган Током күүсү деп,Сагынгандыр ойнумду.
ЖЕРДИ КӨРГӨНДӨКөмүскө кеткен пенде элем,Көргөздү кыргыз элимди.Көгөрүп турган көк жайлоо,Көңүлүм сага берилди.Амандашып көрүштүмКөөнүмдө-турган кебимди,Туурумдун башынанТуйгунум боосу бошонду.Эшендер кылган жаңжалдан,Туткун болуп кармалып,Түрмөдө жаттым ошондо,Калайлуу туур башынанКарчыга боосу бошонду,Калпалар калбаа кылганда,Кара жол Сибирь айдалып,Караңгы тамдын түбүндөКамакта болгом ошондо.
Каткырып ырдап тартынбай,Калкымда жүрдүм биерде.Кабыргам тилип туз салып,Карыш эркин баса албай,Кайгыда жаттым тиерде.Акыры, бактым бар экен,Ага-тууган калган эл,Кайрылып келдим силерге,Зоолу салды мойнума,Айыбы жок кез келдимАк падыша торуна.Так он жылы өткөндө,Олтурдум конуш ордума,Кара-Моло, Ийри-Суу,Кааладым эле жеримди,Саргарып тамдын түбүндөСагындым эле элимди,Сагынган элим, силергеСайрайын алтын кебимди.Алмалуу тескей, Шар булак,Уста-Сай менен Сары-Булак,Кайгылуу болгом тиерде.Каршылык кылган ит кыйнап«Айылыма жетсем»—деп,Эңсеп кетип барамын,Кетмен-Төбө жеримдиБеттеп кетип барамын.Керимбайдын кылганынКектеп кетип барамын.Жетим, жесир калгандыЭстеп кетип барамын.
«Элге барып өлсөм»— деп,Тилеп кетип барамын.Кызыл тилим сайратып,Бүлөп кетип барамын.Өңчөй карып элдергеТүнөп кетип барамын.Алып учуп денемдиСүрөп кетип барамын.
Кетмен-Төбө кенен сай,Эңсеген жерим көрүндү.Токтото албай боюмду,Көңүлүм нечен бөлүндү.Сагынган жерди көргөндө,Көзүмдүн жашы төгүлдү.Таласты көздөй мен чыгып,Сагынган элге ырдадым.«Булбул Током келди»—деп,Кубанышты курбалым.
«Элиме эрте жетсем»—деп,Бир жерге бир күн турбадым.Эңсеп жүргөн эсимдеЭлимдин көрсөм жыргалын.Беш-Таштан ашып жөнөдүмКетмен-Төбө жериме.Бутакка конуп сайрасам,Болчу элем эрмек элиме,Жорго болуп аталып,Жолуккам ырдын кенине.
Түнөрүңкү көрүнгөн —Тууган жерим карааны,«Эркелетип өпсөм»— дейм,Эрмегим жалгыз баланы.
Узун Акмат — улуу суу,Улуу жер ээлеп туруучу,Убайымдуу ТокоңдунКелген кези мына ушу.
Сары-Булак, Айыктык,Ичи мөмө жарыктык.Эл-журтумду көргөндө,Эсиме түштү карыптык.
Кош Ийри-Суу — биздин жер,Кой семиртчү Семиз-Бел,Жаткан экен аркамдаАманым тилеп калың эл.
Аркасы Талас, кең Арым,Ар жуманын түнүндөКүйүп турган панарым.Коргон-Ата, Мазарың,Колдон чыккан жан элем,Көрдүм Ак-Чий базарын.Көйтүндө1 жүрүп Токтогул,Көп тарттым залил азабын.
Астында аккан балы бар,Үстүндө салган тамы бар,Күндүзгүдөй түнүндөКүйүп турган шамы бар.Алты миң төөгө жүктөсө,Аяктай жери оюлбас,Оодарма тунук салы бар.Келип турам өзүңөКенен жерим, Шамшыкал.
ЭҢСЕГЕН ЭЛИМ АМАНБЫ?Эңсеген элим, аманбы?Ээгимдеги сакалымЭлсизде жүрүп агарды.Булбулуң элем сайраган,Муңканып айтам саламды.
Жеңе-желпи, карындашЖергеси менен келишти,Жер сагынган Токоңо,Жетине албай сүйүнүп,Кучакташып көрүштү.
Азабын тарттым баланын,Көрбөдүм алтын жамалын.Башкага тийип кетиптирБашында сүйүп алганым.Азапта башым кор болупАрылбады арманым.
Кайгылуу жүрөк чер болуп,Көзүмдөн аккан кара жашТоктолбоду сел болуп,Жаралган экем жалгандаКүйүттүү булбул мен болуп,Кейибеймин кеткенге,Өкүнбөймүн өткөнгө,Мен ыраазы боломунЭл-журтумду көргөнгө!
Келбей турган болгон соң,Кейиген менен келеби?Айнектей болгон баламдыАлган кудай береби?
Арзып жүргөн ажырап,Элим, аман барсыңбы?Ээрчишип өскөн жашымдан,Теңим, аман барсыңбы?
Кызыл кыргак тагынган,Келин, аман барсыңбы?
Мен кеткенде аркамданЧыккан аман барсыңбы?Кулак салып, ырымдыУккан аман барсыңбы?
Канча жылы көрбөгөн,Калкым, аман барсыңбы?«Токтогул» деп кыйкырганЖалпың аман барсыңбы?
Малай болуп жалданып,Ыйлагандар аманбы?Көр оокатка жандарынКыйнагандар аманбы?
Жан тынымын дүйнөдөКылбагандар аманбы?Көк келтекке жыгылыц,Кыйрагандар аманбы?
Коюн багып байлардын,Кул болгондбр аманбы?Бир жыл акы — бир көйнөк,Пул болгондор аманбы?Жайы-кышы жаангаСуу болгондор аманбы?
Күч-кубатын байларгаСордургандар аманбы?
Каны качып алсырап,Болдургандар аманбы?Жылаңайлак тоо-таштыЖол кылгандар аманбы?
Сар самандай саргайыпЗарлагандар аманбы?Жыйын-топту аралапБарбагандар аманбы?
Каршылык менен кармалып,Калкымдан кеттим айдалып,Калың кыргыз элимеКайтадан келдим айланып.Душманга кеттим байланып,Тууганым көрбөй зарланып.Тушоолу тулпар өңдөнүпЖүргөмүн анда саргайып.
Күйүп-күйүп чок болдум,Күйүттүү күнгө токтолдум,Күкүктөй сайрап жүргөн жерГүлүмө кайттым окшодум.
Кайнап күйүп чок болдум,Кайгылуу күнгө токтолдум.Калың кыргыз элимеКайрылып келген окшодум.
Каргашалуу заманды,Кайгырып көрдүм амалды,Кайрылып келип турамын,Кадырман журтум, аманбы?
Манаптар мага кас болуп,Пашаанын түштүм торуна.
Байкуштук тартып алтын баш,Байландым азап жолуна.Жандарма, төрө, залимдерЖаралган менин шорума.
Канаты түшкөн шумкардайУча албадым Токтогул,Каргашалуу душманданӨч албадым Токтогул.
Залимден кармап кегимдиАла албадым Токтогул.Зар заманда жайчылыкТаба албадым Токтогул.
Айдалып жүрүп туткундаАрбыны кетти алымын.Аргымактай жүгүргөнАлмадай болгон кайран башАзапты тартып карыдым.Аскасы бийик дабандын,Азабын тарттым замандын,Айнектей көзүн көрбөдүмАркамда жалгыз баламдын.
Күңгөйү бийик дабандын,Күйүтүн тарттым замандын.Күмүштөй жүзүн көрбөдүмКүкүктөй жалгыз баламдын.
Ак шумкар алтын мүрүмдү,Айланып көрдүм элимди,Арман менен өткөрдүмАбалкы жаштык күнүмдү.Айлымдан келип таппадымАркамда жалгыз инимди.
Басайын десем, муунум жок,Отурар алтын туурум жок,Оюмдан кетпес бул кордук,
Ойнотом десем, уулум жок.
АПАКЕМ, АМАН БАРСЫҢБЫ?Сексенде энем сен элең,Сенделип кеткен мен элем,Ак сүтүң менен чоңойтконАгын дайра кен элең.
Алты аркар жылдыз батканча,Алты айланып эмизген,«Анык акын ТоктогулКимдин уулу?» дегизген.
Жетиген жылдыз батканча,Жети айланып эмизген,«Жергелүү журтта сайраганКимдин уулу?» дегизген.
Ардактап мени төрөгөн,Алдейлеп сүйүп бөлөгөн.Айланайын энекем,Айдоодон аман келдим мен.Ардагым жалгыз канекен?
Эсендигим сураган,Эмгегимден сылаган,Кагылайын энекем,Кайрылып келдим туткундан,Каралдым жалгыз канекен?
Туулгандан жалгыз туягым,Күйгүзөт ичти кыялың.Көзүмдөн аккан жашымды,Күйдүргүм, кантип тыямын?
Жашыңда кеттиң чырагым,Жаз куураган чырпыктай.Жан чыгарда болгондурЖагалмай алган чымчыктай.
Жаның чиркин кеткенде,Жаш булбул калдың үн чыкпай.Жаңгактай көрдүн түбүнө.Жалгызым, кантип жаттың тумчукпай?
Күлгүнүңдө кетипсиң,Күз куураган чырпыктай.Тыбырадың өлөрдөТурумтай алган чымчыктай.Күзгүдөн көзүң жумулуп,Күкүктөй тилиң буулуп,Күйдүргүм, калдың дем чыкпай.
Азуусу бычак залимденАйдалып атаң тарп болгон.Кыжылдаган солдаттанКыйналып жүрөк дарт болгон.
Кылчайып келсем үйдө жок,Кыргыйым качкан оң колдон.Арылбадың, алтын баш,Ботосу өлгөн каймалдайБошотпо, эне, муунумду,Өмүрүңдүн жарымынМуң-кайгыга жуудуңбу?Көрдүң, эне, кайрат кыл,Көз көргүс кеткен уулуңду.
Тайлагы өлгөн каймалдайТалытпа, эне, муунуңду.Таза жүрөк каныңдыСанаа-дартка жуудуңбу?Саламат көрдүң шүгүр де,Забайкал кеткен уулуңду.
Карыганча өмүрүңЖашка жуулган энем сен,«Каралдым кайта бир келсе,Көрүп өлсөм» деген сен.Кайгы-шорум күбүлүп,Кайрылып аман келдим мен.
Соолгон экен ым калбай,Ташыган татты булагың.Өчкөн экен жел тийипӨмүрү кыска чырагың.
Өлүм менен өкүмдүн —Экөөнө тең чыдадың.«Өлдү» деген ТокоңдуКайта тууган убагың.
Кой, энекем, ыйлаба,Кадырыңды сурадым.Торго түшкөн ТоктогулТолгонуп келип турамын.
Айланып келдим алыстан,Актоого ак сүт карзыңды,Алдейлеп мени чоңойткон,Апакем, аман барсыңбы?
КОРГОЛ ЫРЧЫ ТОКТОГУЛДУН БАЛАСЫНЫН ӨЛГӨНҮН УГУЗГАНДАКоргол:Айталы сизге саламды,Эшендер кылган жаңжалда,Ак жеринен кармалып,Айдоого кетти дечү эле.Булбул үндүү, куш тилдүү,Айнегим, Током, аманбы?Түрмөдө турдуң зар болуп,Сар оору кесел дал болуп.Кайрылып элге келгенче,Кайран жан кайгы кор болуп.Жапасы күчтүү заманаЖабыркатты адамды,Сен алыстан келгенче,Амандашып көргөнчө,Ноктоолуу башка бир өлүм,Токо, аткардык жалгыз балаңды...
Калпалар кылган жаңжалда,Караланып кармалып,Калкынан кетти дечү эле,Калганың кайгы жечү эле.
Кара жаак, кайчы тил,Канатым, Токо, аманбы?Калайлуу туур башынан,Кайгылуу өлүм касынан,Токо, качырдык жалгыз балаңды!.Токо, араладың гүл менен,Адамга жактың тил менен,Сен алыскы соттон келгенче,Өзүңдөн ашык болду эле,Аркаңда жалгыз ТопчубайАткардык жалган дүйнөдөн!..Пендени пенде билбеген,Белгилүү жүрөк зилдеген.Бербейт экен кара жер,Перзентиң жалгыз ТопчубайБегене1 болгон дүйнөдөн.Учук өтпөс ийнеден,Уулуң жалгыз Топчубай,Убайым болбо, кейибе,Учурдук жалган дүйнөдөн.Жибек өтпөс ийнеден,Жибердик жалган дүйнөдөн...Түздөгү коңур салкынча,Жаркыра күмүш, алтынча,Муунуңду бошотуп,Жалпы агайын эл турса,Жашыба жаман адамча.
Буурулду минип тердеткен,Булумду кийип кирдеткен.Муңайба жашык адамча,Булбулуң жалгыз ТопчубайМусапыр сапар жол кеткен.
Күлгүндү кийип кирдеткен,Күлүктү минип тердеткен.Күкүгүң жалгыз ТопчубайКүн тийбес сапар жол чеккен.
Карадан жорго тердеткен,Кара киш2 кийип кирдеткен,«Кайрылар күнү барбы?»—деп,Калың элин дегдеткен.Кайгырба, калың эл турса,Канатың жалгыз ТопчубайКараңгы сапар жол кеткен...
Токтогул:
Алтындан саат бурама,Азапты менден сураба.«Айнегиң кетти»— дегенге,Алсырап бошоп турам а.
Күмүштөн саат бурама,Күйүттүү меңден сураба,«Күкүгүң кетти»— дегенгеКүчүмдөн тайып турам а.
Кайнап, күйүп чок болдум,Кайгылуу күнгө токтолдум.Калайлуу туур башынан,«Карчыгаң жалгыз учту» деп,Кайгырта турган окшодуң.Калтырап муунум бошоду,Каруу-күчүм кетирип,Кантип бир айттың ошону.Коргол, каяктан ичтиң бозону?
Айтамын алтын санатты,Мени армандуу күнгө жаратты.Кабарын айтып турупсуң,Сынды деп жалгыз саадакты.Каруумду кетирип,Коргол, каяктан ичтиң аракты?
Жамгыр тийбей көчкүдөй,Ак топурак жер беле?Атасы келсе Сибирден,Амандашып көрүшпөс,Топчубай, азапка туулган жан беле?!
Тамырына суу тийбесБоорго тиккен тал беле?Өтүп кеткен дүйнөдөн,Топчубай, өлүмгө бүткөн жан беле?!Жабырга мынча салгыдай,Менде кудайдын өчү бар беле?!
Туура-туура басканда,Турумтай сыны бар эле,Туурга эсен жеткирсе,Дубанга чуркаар тай эле.
Кайра-кайра басканда,Карчыга сыны бар эле.Каруу күчкө толгондоКалк үчүн чуркаар жан эле.
Каркылдап каздар көл сактайт,Кара ылаачын чөл сактайт,Карып калган атакеңКай жака барып жан сактайт?!
Куркулдап куулар көл сактайт,Куу ылаачын чөл сактайт,Куурап калган атакеңКуюгуп кайда жан сактайт?!
Түнүндө жарык панарым,Туурумда калган карааным,Түрмөдөн жаңы келгендеКүйүтүн тарттым баланын.Түн уйкумду үч бөлсөм,Түйшөлүп чыкпайт кабарың...
Кармаган жарык панарым,Кайрылар жалгыз карааным,Камоодон кайтып келгендеКайгысын тарттым баланын,Кайгырып ыйлап турсам да,Кайрылып чыкпайт кабарың...
Булбулум учуп бурулду,Чыгарбай ичтен муңумду,Кантейин, тирүү көрбөдүмКаргадай жалгыз уулумду.Кайгысын тартып күнү-түнүКартайып шорум куруду...
Күкүгүм учту элимден,Күлпөтүм кетти жеримден,Көзүмдөн чыккан кара жашМөлтүрөп жерге төгүлгөн,Көрбөдүм көзүн баланынКөңүлүм калды өлүмдөн!..
Жамгыр тийбей куланганАк топурак жар белең?
Аксы, Анжиян, Таласта,Акындыгым бар белең?Аркамда жалгыз Топчубай,Ажалга туулган жан белең?
Бүчүрү түшүп куураган,Тамырын кырккан тал белең?Кубанчым, сени көрбөдүм,Кууратар мени жан белең?..
Алтын айдай нур жүзүңКөрөр бекем дегемин,Абактан колум бошонуп,Келер бекен дегемин.
Айнегим чыкса алдымдан,Өбөр бекем дегемин.Арман кылбай дүйнөгөӨлөр бекем дегемин.
Күлдү кыргыз журтумдуКөрөр бекем дегемин.Күкүгүм чуркап алдымданКелер бекен дегемин.Күйүттүн муңун чыгарыпӨлөр бекен дегемин...
Алтындан чидер өрбөдүм,Абактан колум бошонуп,Агайын-журтка келбедим,Амандашып, көрүшүп,Жалгызым, анан өлбөдүң...
Мууну болот жалбыздын,Муңу болот жалгыздын,Гүлү болот жалбыздын,Күйүтү күчтүү жалгыздын.Ат арытып жол келсе,Сыйлары болбойт жалгыздын.Ажал жетип, күн бүтсө,Ыйлары болбойт жалгыздын...
Карайган дарак чарбагым,Карааның көрбөй зарладым.«Калкыман кетип калды эле,Кайраным атам экен» деп,Учурашып алууга,Топчубай, келээр бекен дарманың?!
Айнегим, Топчу, эрмегим,Арманым атаң көрбөдүң.Арманын ичтен чыгарыпАнан кийин өлбөдүң.Караны миндим жел үчүн,Кайрылып келдим эл үчүн,Калкымды көрдүм, каниет,Колдон келер иш эмес,Топчубай, козголбос эми мен үчүн!..
ТУТКУНДАН КЕЛГЕНДЕЖети кез коргон пайдубалЧарбагын кошуп ырдайын,Жеримден айдап Сибирге —Алганын кошуп ырдайын.Жеңе-желпим чуркурап
Калганын кошуп ырдайын.Алтымыш киши айдалганАрманын кошуп ырдайын,Күндө коога, күндө урушКөрбөдүм жандын жыргалын.
Туткунга кеттим кармалып,Тууганым көрбөй зарланып,Түрмөдөн бошоп мен келдим,Турумтай куштай айланып.
Азапка кеттим кармалып,Айлымды көрбөй сандалып.Азаптан бошоп мен келдим,Ак шумкардай айланып.
Күнөөсү жок, соту жок,Айдап кеткен болучу,Күкүктөй көзүм жалдырапЖайнап кеткен болучу.Гувурнатор-генералКармап кеткен болучу.
Аргасыз кылып залимдер,Алып кеткен болучу.Азаптуу күндү башымаСалып кеткен болучу.Кыямат түшүп башыма,Токоң, карып кеткен болучу.
Элимден кеткен жан элем,Эл көрүүгө зар элем.Эсил башым кор болгонЭнеден жалгыз бала элем.
Айлымдан кеткен жан элем,Айыл көрүүгө зар элем.Азиз башым кор болгонАтадан жалгыз бала элем.
Калкымдан кеткен жан элем,Калк көрүүгө зар элем,Кайран башым кор болгонКаргадай жалгыз бала элем.
Айланып келип шумкардай,Айлымды таап турамын,Ак калпактуу көп кыргыз,Амандыгың сурадым.
Элирип келип шумкардай,Элимди таап турамын.Эзелки тууган агаин,Эсендигиң сурадым.
Каруусу кеткен тулпардайАрып келдим, Токтогул,Кара жол Сибирь айдоогоБарып келдим, Токтогул,Кайран жашты жоготупКарып келдим, Токтогул.Азаптуу күндүн зордугунКөрүп келдим, Токтогул,Ар кыл кыйноо турмушкаКөнүп келдим, Токтогул.Элимдин жүзүн көрүүгөКөксөп келдим, Токтогул,Эчен шумдук кордуктуТепсеп келдим, Токтогул.
АЗЫРААК ЧЫКТЫ АРМАНЫМТүрмөдөн чыктым, оолуктум,Туш келтирди бу насипТууганым, сага жолуктум.Абактан чыктым, оолуктум,Азаптан колум бошонуп,Ага-ини элге жолуктум.Ак шумкар куштун уясыАйлампа кара зоододур,Эсенбай жаман болгонуТаба эместир, тоободур.Эсенбай, Жолдош, Жолборсту1Ак падыша улукка,Каршылык кылып, кармардаАгып өлдү деп уктукАк дайра Нарын чулукка.Көк кагазга жазылып,Эсенбай, Жолдош өлдү деп,Дайын болду төмөнкүГувурнатор улукка.Суу түбүнө чөкчүдөйКоргошун бекен, таш бекен?Дайрадан калкып учкудайӨрдөк бекен, каз бекен?Адырга коюн бактырганЭсенбайдын айтканынАким, найып жактырган.Ак жерден торго чалынтып,Багыш, саяк урууданАлтымыш адам сап кылган.
Экөө бир өлгөн.
Күнгөйгө коюн бактырган,«Эсенбай айтты, болду» — деп,Гувурнатор жактырган.Көңүлүң арам, кызталак,Көп адамды сап кылганКериге коюн бактырган.Кетте акимдер жактырган.Кеткен элдин баарысынКейиштүү күнгө сап кылган.Анда тилмечтин көөнү ток экен,Кетмен-Төбө, НарындаТил билер киши жок экен.Көп адамды кууратып,Кыз-келинин ыйлатып,Эсенбай залим шок экен.Алдаймын деп орустуКүнөөсү түшүп мойнуна,Өзүнө тийген ок экен.Эски кегим алам деп,Эсимден чыкпай келди эле,Эсенбай элде жок экен —Кара сакал ЖанаалыНайыптар менен сүйлөшүл,Сакалын күнгө жайкаган,Өлөр сайга келгенде,Эсенбай кепти байкаган,Эсенбай сууга түшөрдөБирин-бири кармашып,Агын сууга батпаган.Кошо кетти дайрагаЖолдош — жолдоштугун актаган.Ажалдан калган ЖолборстунЖонун отко кактаган.Жесир калды алганы,Жетим калды балдары.
Бака, балык жем кылып,Нарындан экен ажалы.Алдаймын деп орустуОбу жок жаман иш кылып,Ичинде кетти арманы.Кармашканды жок кылып,Калкында жүрөт көкөлөп,Кара сакал Жанаалы.Азыраак чыкты көрүнөтКөкүрөктө көк түтүнТоктогулдун арманы.
ЖАРДАМ КЫЛДЫҢ КАЛЫҢ ЭЛКаардуу залим колунан,Качып чыктың камалдан,Кайгырып жүрүп карыдымАкыйкатсыз замандан.Ала албадым кгимдиАч тырмак зулум тажаалдан.Ажыратты ак жерденАял менен баламдан.Азапка жакын киши экем,Ошондой күндө жаралган.Ак сүтүн берген энемдиЧыгарбай жүрдүм санаамдан.Карагай кесип, тал кыркып,Капалуу күндө жүрсөм да,Калтырдым жанды ажалдан.Кечээ мен качып келе жатканда,Кайрылдым Акбай, Бабырга.
Кармалган катар биз мененМырзабек бар жанымда.Агайын жардам кылбаса,Алыскы Кетмен-ТөбөгөАлым жок эле барууга.Ат-тондуу болуп баргамын,Туулуп өскөн Арымга.Тууганым — кедей-кембагал,Душман элем залымга.Аттуу бардым, жөө баспай,Энем турган айылга.Жардам кылдың, калың эл,Мендей начар шайырга.
kmb3.kloop.asia
октогул Сатылганов 1864-жылы Азыркы Токтогул районуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Сасык-Жийде айылында кедей-кембагалдын бүлөсүндө туулган. Энеси Бурма эл оозуна алынган кошокчу болчу. Ал сөздү жамактатып сүйлөй билген, ырга да шыктуу аял эле. Токтогулдун ырчылыгына, төкмөлүгүнө дал ошол энеси Бурма түркү берген.
Токтогул бала кезинен ырга ынак өсүп, кезиндеги элдик ыр-күлөрдү жатка билген. 13 жашынан эл аралып ырдай баштаган жаш акындын лирикалык жанрдагы "Алымкан", "Насылкан", "Кызыл жоолук" аттуу ырлары күнү бүгүнкүгө чейин өзүнүн баасын жоготпой ырдалып келет. Өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы, терең ой жүгүртө билген инсаны катары, Токтогул элдин кайгы-муң, ой-санасына себепкер социалдык калыссыздыкты, курч маселелерди көз жаздымында калтыра алган эмес. Мисалы, атактуу "Беш каман" аттуу ыры элди эзип, күн көрсөтпөгөн беш бир туугандарды сынга алган. Токтогул өз чыгармаларында жашоо-турмуш жөнүндө философиялык көз караштарын да чагылдырган. Анын "Өмүр" аттуу ыры жашоонун, жаштыктын түбөлүк эместигине өкүнүү сезимдерин билдирет.
Токтогул элдик оозеки чыгармачылыкта салттуу болуп эсептелген санат, арман ырларын ирилетип, чоң чыгармаларга айланткан. Анын ырчы-төкмөлүк жактан калыптанышына улуу курактагы акын-ырчылардын устаттыгы чоң таасир берген. Алардын катарында атактуу Эсенаман, Ниязаалы, Сары Ырчылар бар.
1882-жылы Токтогул Дыйканбай аттуу манаптын Арзымат деген ырчысы менен айтышка чыгат. Бул айтыш эл арасында азырка чейин айтылып калган. Анда 18 жаштагы өткүр, сөзү курч Токтогул өзүнөн бир топ жаш улуу дасыккан ырчыны жеңип кетет. Акындын өмүр баянын изилдөөчүлөр бир ооздон белгилегендей, ошол айтыш кайсы бир деңгээлде анын тагдырын чечип, төкмө акын терең ойлуу, курч сөзгө да, комузга да шыктуу, үнү да мукам ырчы эле эмес, эл таламын талашып, кедей-кембагалдын мүдөөсүн бий менен байларга жар салган акын катары таанылат. Ал ошонусу менен эл башкаруучуларга жагалданып, аларды мактап күн көргөн "ырчы" аттуулардын көздөрүн далай кызыткан.1884-жылы Токтогул үйлөнүп, Топчубай аттуу уулдуу болот. Уулу төрөлгөн соң акын энесинин туугандарынын айылы Ийри-Суу деген жерге көчүп келип 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнө катышы деген жалаа менен акын камакка алынып, Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенге чейин жашап калат.
Ошол кездеги салт боюнча ар бир болуш-бийдин жан-жөкөрлөрүнүн катарында аны мактап, эл чогулган жерде жар салып турган ырчысы болгон. Токтогулдун талантына тамшанган далай бай-манаптар аны өзүнө ырчы кылгысы келген деп айтылат элде. Бирок Токтогул эч кимисине баш берген эмес. Аларга башын ийип жагынып, же алардын кокту толгон малын, сандыгы толгон дүнүйөсүн мактап ырдап кошоматтык кылган эмес. Акындын өмүрүн изилдөөчүлөрдүн пикиринде, анын сүргүнгө жалган жалаа менен айдалышына дал ушулар себеп болгон.
Токтогул Сибирде да өз өнөрүн таштабай, токойдо дарак кыйып жүрүп, кайыңдан комуз чаап кыргыздын ырлары менен кошо, орус ырларын да чертип өзүнө окшоп, эркинен ажырагандардын көңүлүн көтөрөт. Токтогул Иркутскинин түрмөсүндө жети жылдай жатат. Бир нече жолку аракеттен кийин ал өзүнүн түрмөлөштөрүнүн жардамы менен качып чыгып, жөө-жалаңдап бир топ жыл дегенде өз мекенине жетет. Жолдо казак жеринде эле Токтогул деген атты уккан карапайым эл ага жардам кылып, курсагын тойгузуп, баш паана берип, колунан келгени атын миңгизип, ал эптеп айылына келет. Бирок азып-тозуп эптеп элине жеткен Токтогулду үйүндө да кайгы күтүп алат. Кичинекей уулу Топчубай каза болуп, жубайы башка менен турмуш куруп кетет. Болгону аны эки көзү тең күйүттөн көрбөй, жаман алачыкта жалгыз калган энеси тосуп алат. Бирок эрки күчтүү, кайраттуу, сабырын колдон чыгарбаган Токтогул баарына туруштук берет. Элине, жашоого, акындыкка болгон сүйүүсү жеңип кетет…
1910-жылы алыскы сүргүндөн качып чыккан Токтогул мекенине совет бийлиги менен тең чамалаш жеткен деп айтылат анын өмүр баяны жөнүндө түрдүү булактарда. Эл үмүтүн жандырган жаңы замандын келишин даңазалаган ырлар ошол кездеги Токтогулдун чыгармачылыгынын өзөгүн түзүп, анын ырлары элдин добушуна айланат.
Токтогул Сатылгановдун алгачкы "Кедейкан" аттуу китеби 1938-жылы Казань шаарында басылып чыккан. Ага чейин 1928-жылы болсо Кыргыз автономиялык Республикасынын Агартуу боюнча элдик комиссариаты Токтогулду Фрунзеге чакыртып, комуз менен аткарган 18 чыгармасын жаздырып алган.
Ал эми акындын комузга салып черткен күүлөрү кыргыз фольклордук музыкасынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. "Чайкама", "Чоң кербез", "Тогуз кайрык" ж.б. күүлөрү комуз эле эмес оркестрге салынып аткарылып жүрөт.Токтогул 1933-жылы 69 жаш круганды өз айылында каза болгон, сөөгү да ошол жерде коюлган. Уулу Бабажан да атасынын жолун жолдоп комуз четип, Кыргыз филармониясынын артисти болгон.
Ырлары жөнүндө кыскача
Токтогулдун "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", сыяктуу лирикалык ырлары, жакшы жүрүм-турум, улуу-кичүүнү сыйлоо сыяктуу таалим-тарбиялык маанидеги "Үлгү ыры" сыяктуу санат, насыят ырлары эл оозунда калган. Айтылуу "Алымканды" да Токтогул жараткан. Айылдын сулуусу, ажарлуу Алымканга болгон акындын аруу сезими, экөөнүн тең күйүттүү тагдыры тууралуу 1965-жылы да көркөм тасма тартылган.
Көп ырларында акын жашоонун баркы, чыныгы бийик мамилелер, чыныгы сезимдер жөнүндө ой толгоп, эмгек, ынтымак, адамкерчилик сапаттарды сыпаттайт.
Мисалы:
Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың?
Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың?
Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?
Аз дүйнөнү жаман деп, көптү кайдан табасың?
деп акын элди ынтымакка, колдо барды барктоого, токпейилдикке чакырат.
Ошол эле мезгилге элдин зар-муңун, оор турмушун баяндаган "Замана" аттуу ыры да жаралат:
Далайларды кор кылып,
Зарланткансың, замана,
Кедейлерди байларга
Карматкансың, замана
Ажыдаардай залимге
Арбаткансың замана
Желмогуздай байларга
Жалматкансың замана
Акын "Элиме качан жетемин?", "Туткундагы арман", "Айланган тоонун бүркүтү", "Ушундайбы сурагың?", "Азапка түштү өмүрүм" сыяктуу сүргүндө жүрүп кайгыга, өз жерине болгон кусалыкка, акыйкаттын жоктугунан өкүнүчкө толгон ырларын чыгарган.
Сибирден кайтып келгенден кийинки ырларынын ичинде уулу Топчубай каза болгонун уккандан кийинки чыгарган, кошок түрүндөгү "Балам жок" атуу ыры бар. Бул ырды Токтогулдун замандаштары жана шакирттери Эшмамбет, Калык, Коргоол, Алымкулдар көп кайталап ырдашкан.
Совет доорунун башталышы менен Токтогул "Жашасын совет өкмөт!", "Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду" сыяктуу салатанаттуу мактоо ырларын жаңы заманга арнап ырдаган.
Токтогулдун өмүрүнүн акыркы жылдарында жаралган "Бала элем", "Карылык" сыяктуу арман ырлары анын шакирти Атай Огомбаевдин аткаруусунда жазылып калган. Аларда акын үнү булдбулдай таңшыган жаштыгын эскерип, арман кылганы менен акылман карыя катары жаштарга өз насаатын да айткан.
Улуу акын жаштайынан эле өз чеберчилиги менен жумурай-журтту өзүнө тартып турган адам болчу. Токтогул тиги же бул айылга келип конуптур деген кабарды уккан эл жөө-жалаңдап болсо да, адырды ашып, сууну кечсе да, ошол жерге барып акындын таңшыган үнүн угуп кайтышар эле. Ал ошол кездеги атактуу акындар Алымкул Үсөнбаев жана Эшмамбет Байсеитов менен көп айтышка түшкөн. Тилекке каршы, Токтогулдун өзүнүн айтышканы жазылып калган эмес. Бирок башка акындар алым сабак иретиндеги айтыштарын кайра калыбына келтирип, азыркыга чейин сюжеттүү, көркөм сөзгө жана мазмунга бай чыгарма катары аткарып келишет.Токтогулдун улуу чеберчилиги жана кайталангыстыгы — анын көп кырдуу талантында. Токтогул Сатылганов баштап кеткен элдик музыкалык-поэтикалык искусствону анын шакирттери жана кийинки муундагы сөз, күү чеберлери азыркыга чейин улантып келет.
1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык негизделип, ал республиканын искусствосуна эмгеги сиңип, зор ийгиликке жеткен чеберлерге ыйгарылып келет.
Кыргыз улуттук филармониясы Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт.
chabarman.kg
Грамоте не обучался. В 12 лет родители вынуждены были отдать его в подпаски к баю. Тесное общение с обездоленными людьми сыграло решающую роль в формировании его характера. Раннему пробуждению поэтического таланта в способном мальчике помогли родители. Отец — Сатылган слыл острословом в своем кругу, сочинял и распевал свои песни. Мать—Бурма была остроумной женщиной, знала много народных сказок, легенд, преданий, сама сочиняла кошоки — причитания. Большое влияние на развитие творческих способностей у Токтогула оказали известные в то время певцы-импровизаторы Кетмень-Тюбинской и Таласской долин — Накен, Эсенаман, Чонду, и др., вдохновенные выступления которых приходилось ему слушать.
С 13 лет сам стал слагать песни и играть на комузе. В первых своих песнях «Из-за нищеты» («Жокчулуктун айынан»), «Кабак—мое обиталище» («Жургенум Кабак жер болду») юный акын старается выразить жестокость и бесчеловечность своего хозяина — бая Казанбая, поет о своей бесправной нищенской доле.
В 1882 г. Токтогул на поэтическом состязании-айтыше встречается с известным придворным певцом Арзыматом и одерживает над ним победу. На этом состязании Токтогул показал себя не только непревзойденным певцом, но и бесстрашным обличителем зла, защитником интересов бедняков. Слава о нем облетела всю Киргизию.
В середине 80-х гг. он создает лирические песни «Насылкан», «Суйумкан», «Алымкан» и др., ставшие классическими образцами киргизской любовной лирики. В своем знаменитом сатирическом произведении «Пять кабанов» («Беш каман»), песнях «Ростовщик Чакырбай», «Арзымату», «Песня, спетая на тризне Дыйканбая», «Муратбек», «Эшен-калпа» и др.,— высмеивает местных угнетателей.
Глубокого философского содержания и жизнеутверждающего пафоса — его произведения «Наставление», («Насыят»), «Терме», «Назидательные песни» («Улгу ырлар»), «Песни мудрости» («Нуска- луу ырлар»), «Не сойди с верного пути» («Туз жолундан чыкпа- гын»), «Насладись жизнью» («Гулдеп ал»), «Что привлекает?» («Эм- не кызык?») и др., в которых акын воспевает смысл человеческого существования, его идеалы, нравственную чистоту, созидательный труд. Вольнолюбивые стихи Токтогула вызывали ярую злобу баев, манапов, мулл, царских чиновников, которые жестоко преследовали акына.
В 1988 г. во время Андижанского восстания царские приспешники сфабриковали донос об участии в этом восстании акына и в июне месяце арестовали его, а в августе суд приговорил Токтогула к смертной казни, затем, по «царской милости», смертная казнь была заменена ссылкой на каторжные работы в Сибирь сроком на 7 лет. Прощаясь с родиной, земляками, акын создает свои знаменитые песни «Прощай, мать», «Прощай, мой народ». После трехлетних мытарств Токтогул попадает в Иркутск, оттуда — в Александровский централ, через ворота которого прошли тысячи революционеров со всех концов России.
Пребывание в Сибири, общение с русскими революционерами- каторжниками способствовали расширению политического кругозора, пониманию им того, что труженики всех национальностей едины в своем стремлении сбросить с себя оковы эксплуатации. Ссылка помогла Токтогулу окрепнуть в борьбе, отчетливо осознать свое место в жизни. Там, на каторге, он делает топором из сибирской ели комуз, поет о своей ненависти к манапам и тюремщикам в песнях «Орел, кружащий над горами» («Айланган тоонун буркуту»), «Таков ли твой допрос?» («Ушундайбы сурагыц?»), «Адская жизнь моя» («Азапка тушту емурум»), «Песня узника», «В неволе», «Во время побега» и др. В этих стихотворениях содержится идея интернационального объединения людей труда.
В 1902 г. при помощи русских друзей Токтогул бежал с каторги и с величайшими трудностями в 1903 г. добрался до родных мест. Народ с огромной радостью встретил своего певца, и с новой силой зазвучали его песни. В это время он создает песни «При встрече с родной землей», «Здравствуй, желанный народ!», «Мама родная, жива ли, здорова?!» и др., в которых с глубоким проникновением воплощает радость человека, обретшего вновь родину. В ряде произведений этого периода: «На встрече с акыном Барпы», «В доме мельника Джаналы» и др.,— акын пророчески заявляет, что скоро придет конец царизму и бай-манапскому владычеству, рассказывает о людях, которые ведут борьбу за счастье трудового народа, призывает соотечественников к дружбе со старшим братом по борьбе — трудящимся России. Злобствующие и ненавидящие акына волостные правители посадили его в Наманганскую тюрьму, однако в защиту народного поэта поднялась вся народная масса Южной Киргизии и Таласской долины, и власти были вынуждены освободить его.
Токтогул первым из народных акынов приветствовал Великую Октябрьскую социалистическую революцию и стал не только глашатаем новой эпохи, но и активным борцом за дело революции. В это время он создает свое замечательное стихотворение «Какая женщина родила такого сына как Ленин?», которое по праву стоит у колыбели киргизской советской литературы. За годы Советской власти Токтогулом создан ряд песен о Коммунистической партии и о колхозСоветах,ном строительстве, о преобразованном крае кочевников.Первые стихотворения поэта на русском языке стали издаваться в середине 30-х гг. Его произведения изданы на всех языках братских республик нашей страны, публиковались за рубежом.
Велико значение творчества Токтогула в истории становления и развития киргизской советской литературы и искусства. Создано немало произведений, отразивших его образ. В 1964 г. широко отмечалось 100-летие со дня рождения великого акына. В 1965 г. учреждена Государственная премия Киргизской ССР в области литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова. Имя Токтогула (в 1936 г.) присвоено ордена Трудового Красного Знамени Киргизской государственной филармонии, городу, району, колхозу, улицам, паркам, библиотекам, школам республики, ГЭС и водохранилищу. На родине акына и в центре столицы республики воздвигнуты монументы. Токтогул Сатылганов — выдающийся киргизский акын-демократ конца XIX и начала XX века, основоположник киргизской советской литературы, учитель целого поколения советских киргизских поэтов.
ОТДЕЛЬНЫЕ ИЗДАНИЯ
на киргизском языке:Кедейкан. —Ф.-Казань: Кыргызмамбас, 1938. — 173 б.Токтогулдун ырлары. —Ф.: Кыргызмамбас, 1938. — 100 б. Стихи Токтогула.Токтогулдун ырлары жана Калыктын эстеликтери. — Ф.: Кыргызмамбас, 1940. —95 б. Стихи Токтогула и воспоминания Кадыка (Акиева).Ырлар. —Ф.: Кыргызмамбас, 1940. —264 б. Стихи.Чыгармалар. —Ф.: Кыргызмамбас, 1950. —392 б. Сочинения.Ырлар. —Ф.: Кыргызмамбас, 1950. —392 б. Стихи.Ырлар. —Ф.: Кыргызмамбас, 1954. —344 б. Стихи.Чыгармалар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1956. —325 б. Избранные произведения.Жашагын кецеш екмвт: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. — 69 б. Здравствуй, Советская власть.Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы: 1—2-т. — Ф.: Кыргызстан, 1964. Собрание сочинений в двух томах.Кандай аял тууду экен Лениндей уулду. — Ф.: Кыргызстан, 1964.— 15 б. Песня о Ленине.Эшен-калпа: Ырлар. —Ф.: Мектеп, 1964. —55 б.Алымкан: — Ф.: Мектеп, 1965. — 7 6.Кандай аял тууду экен Лениндей уулду. — Ф.: Кыргызстан, 1965.— 110 б. Песня о Ленине.Улгу ыр. —Ф.: Мектеп, 1965. —7 6. Образцовый стих.Ленин женунде ыр СССР элдеринин тилинде. — Ф.: Кыргызстан, 1966. — 126 б. Песня о Ленине на языках народов СССР.Чыгармаларынын 2 томдук жыйнагы: 1—2-т. — Ф.: Кыргызстан, 1968. Собрание сочинений в 2-х томах.Ленин жонунде ыр. — Ф.: Кыргызстан, 1970. — 38 б. Песня о Ленине.Тандалган ырлар. —Ф.: Кыргызстан, 1976. —95 б. Избранные стихи.Насыят: Ырлар. —Ф.: Мектеп, 1977. —39 б. Назидания.Насыят: Ырлар. — Ф.: Мектеп, 1978. — 40 б. Назидания.Тандалмалар: Ырлар. —Ф.: Кыргызстан, 1984. — 130 б. Избранное.Санат ырлары. —Ф.: Мектеп, 1985. —20 б. Нафдания.на русском языке:Избранные произведения. —М.: Гослитиздат, 1940. — 168 с. Избранные произведения. — Ф.: Киргизгосиздат, 1950. — 108 с. Избранные произведения. —Ф.: Киргизгосиздат, 1954. — 168 с. Избранное: Стихи. *— М.: Гослитиздат, 1958. —279 с. Ленине: Стихотворения. —Ф.: Киргизгосиздат, 1958. —36 с. Сборник стихов. —Ф.: Киргизгосиздат, 1959. •—78 с.Избранное: Стихи. — Ф.: Кыргызстан, 1964. —278 с.Певца послушай, молодежь. —Ф.: Мектеп, 1964. —59 с.Песня о Ленине на языках народов СССР. — Ф.: Кыргызстан, 1965. — ПО с.Назидания: Стихотворения. — Ф.: Мектеп, 1987. — 20 с.Певца послушай, молодежь: Стихотворения. — Ф.: Адабият, 1989.— 64 с.на языках народов СССР:Горный орел: Стихи. —Ф.: Киргизгосиздат, 1949. —78 с.— дунг. Сборник стихов. — Ф.: Киргизгосиздат, 1959. —78 с, —дунг. Избранное: Стихотворения. —Киев: Днипро, 1977. —» 151 с.— укр. Стихи. —Нукус: Каракалпакстан. 1983. —65 с. каракалпак.
Понравилась статья? Поделиться с друзьями:
www.open.kg
Материал из Википедии — свободной энциклопедии
Текущая версия страницы пока не проверялась опытными участниками и может значительно отличаться от версии, проверенной 20 декабря 2015; проверки требуют 13 правок. Текущая версия страницы пока не проверялась опытными участниками и может значительно отличаться от версии, проверенной 20 декабря 2015; проверки требуют 13 правок.Токтогул Сатылганов (25 октября 1864, кишлак Кушчусу, Кокандское ханство — 17 февраля 1933, с. Сасык-Джийде, Киргизская АССР) — киргизский советский народный акын.
Исполнитель на комузе. С 12 лет слагал песни. Был сослан в Сибирь за сочинение сатирических произведений, бежал из ссылки в 1910.
ru.bywiki.com