Тест сынагын өзбек тилинде өткөрүүнү токтотуу талап кылынууда. Реферат кыргыз тилинде


Китеби Англияда жарык көргөн кыргыз илимпоз

Китеп Image caption Кемел Токтомушевдин "Кыргызстан - режим коопсуздугу жана тышкы саясат" аттуу китеби

Жакында эле Лондон шаарында жаш кыргыз илимпоз Кемел Токтомушевдин "Кыргызстан - режим коопсуздугу жана тышкы саясат" аттуу китеби англис тилинде жарык көрдү. Саясат - адамзаттын цивилизациясынын тарыхында мамлекетке, элдердин тагдырларына, адамдын жеке турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизип келет. Ал эми саясат таануу коомдук илимдердин арасында маанилүү рол ойноп келет.

Би-Би-Си Борбор Азия университетинин мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун илимий кызматкери Кемел Токтомушевди кепке тартып, китеби тууралуу суроо жолдоду.

Кемел Токтомушев: Бул китеп менин төрт жылдык Англиядагы "Экзетер" жана Кыргызстандагы Борбордук Азия университеттериндеги илимий сапарымдын негизинде жазылган. Мен албетте көп адамдарга ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алар бул китептин чыгарылышына чоң салым кошту.

Менин "Кыргызстан - режим коопсуздугу жана тышкы саясат" аттуу китебимди Британиядагы атактуу "Раутледж" басылмасы, Борбор Азияны изилдөө долбоорунун алкагында чыгарды. Китепте 1990-жылдардан бери 2011-жылга чейинки Кыргызстандын тышкы саясаты изилдөөгө алынган.

Image caption Кемел Токтомушев

Мен бийликтин режимин сактап калуу аракети, Кыргызстандын тышкы саясатына кандай таасир эткенин карап чыктым. Бул изилдөө аркылуу Борбор Азиядагы мамлекеттердин саясаты тууралуу түшүнүктү кеңейтүүгө аракеттенип, жалпы эгемендүүлүккө жаңы жеткен "алсыз" мамлекеттердин тышкы саясатынын булагы эмнеде экенин анализдедим.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы саясаты боюнча англис тилинде жазылган китеп жок болчу. Бул биздин коом үчүн чоң жетишкендик деген пикирдемин.

Би-Би-Си: Көп адистер Кыргызстанда илимий изилдөөлөр унутта калды деп айтып калышат, саясат таануу жаатында кандай жылыштар болуп жатат?

Кемел Токтомушев: Саясат таануу адамзаттын цивилизациясынын тарыхында маанилүү рол ойногон. Ал мамлекеттик башкаруу жана бийлик системасынын кемчиликтерин жок кылуу аракеттери аркылуу илим катары калыптанган. Политология деген түшүнүктүн өзү саясаттагы өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр, нормалар жана саясий турмушту камтыйт. Мисалы, байыркы мамлекеттерде коом саясатка таасир этип келген. Ал доордо Платон жана Аристотелдин чыгармалары жарык көргөн.

Ал эми саясат таануу илим катары жакында эле XIX кылымдын башында калыптанган. Демек саясат таануу илимий процесс, башка мамлекеттерде ал ондогон жылдары бою илим катары калыптанган.

Ал себептен Кыргызстанда саясатан таануу илими унутта калды деп айтуу катачылык болот. Кыргызстан коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу эркин болуп саналат. Мамлекетибизде айтылган илимдин өнүгүшүнүн жолу ачык.

Би-Би-Си: Кыргызстан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу демократиялык мамлекет катары саналат деп айттыңыз. Демек режимди сактап калуу аракеттери Тышкы саясатта канчалык маанилүү?

Кемел Токтомушев: "Алсыз" мамлекеттердин коопсуздугу деген түшүнүктү алсак, "алсыз" дегеним социалдык-саясий жагынан биримдиги жок мамлекеттер. Бул өлкөлөрдө орчундуу маселелер абдан көп.

Ал эми мамлекетти башкарган элита "коопсуздук дилеммасына" дуушар болот. Ага ылайык, айтылган элита күчтүү, туруктуу мамлекет куруунун оордуна, кыска мөөнөткө созулчу режим коопсуздугуна көңүл бурат.

Китепте "режим" деген сөздү бийликти колуна алган азчылык топ деп чечмеледим. Биздин мамлекетибизде аны президент жана анын айланасындагы расмийлер деп түшүнсөк болот.

Сүрөттүн автордук укугу AFP Image caption "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбор

Мен "Манас" аба майданындагы АКШнын аскердик базасына мунай жеткирүү процесстерди изилдеп, Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин айланасындагы адамдар өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, өлкөнүн саясатына таасир эткенин көрсөттүм.

Чынында "Манас" аба майданындагы АКШнын аскердик базасына мунай жеткирүү аркылуу байлык топтойм деген бийликке жакын адамдар Кыргызстандын тышкы саясатына таасир этишкен.

Би-Би-Си: Кыргызстан тышкы саясатын курап жатканда окумуштуулардын пикири жана идеялары эске алынабы?

Кемел Токтомушев: Бул өтө жакшы суроо. Себеби тышкы саясатты илимий иштер аркылуу аныктоо буга чейин көп болгон. Мисалы, АКШ 70-жылдары тышкы саясатын илимий анализ аркылуу, кандайдыр бир формуланы таап саясатын түзгөн. Ал өзүнчө илимий дисциплинага айланган.

Кыргызстандын тышкы саясатында өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон системалык стратегия жок болгондуктан, мамлекет бир тараптан, экинчи тарапка ооп жаткандай сезилет.Кемел Токтомушев

Ал эми Кыргызстанды алсак, айтылган суроого жооп табуу абдан оор. Менимче аны дипломатия жаатында иштеген расмийлер жооп берсе туура болот.

Тарыхты алсак, Акаев 90-жылдары илимий өкүлдөрдү тышкы саясатты жүргүзүүгө чакырган. Бирок көп жылдардан бери Кыргызстандын тышкы саясаты туруктуу болгон жок - башаламан, стратегия жок саясат жүргүзүлдү. Бул туралуу көптөгөн адистер, анын ичинде дипломаттар дагы айтып келишет.

Кыргызстандын тышкы саясатында өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон системалык стратегия жок болгондуктан, мамлекет бир тараптан, экинчи тарапка ооп жаткандай сезилет.

www.bbc.com

Кыргызстан: тейлөө кайсы тилде болушу керек?

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген. Image caption 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.

Өткөн апталарда Бишкектеги кышкы эс алуу жайларынын биринде кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылган түрк жараны тууралуу тасма коомдук сайттарда катуу талкуу жараткан.

Кыргызстандагы тейлөө, кызмат көрсөтүү тармактарында эмнеге кыргыз тили көп колдонулбайт деген суроо курч коюлду.

Интернетке тараган видеодо Өгүз Доган деп аталган түрк жараны кыргыз тилин мыкты билгени менен Бишкектин четиндеги тоолордо жайгашкан лыжа базалардын биринде тейлөө кызматындагылар аны түшүнбөй койгонуна нааразы болгону тартылган.

Тартылган тасмада түрк жараны: "Биринчиден, мен кардармын. Экинчиден, Кыргызстанда жүрөм. Эмне үчүн кыргызча кызмат ала албайм, муну мага түшүндүрүп бергиле. Мен чет өлкөдөн келгем, орусча билбейм. Аны билүүгө мажбур да эмесмин. Анткени биз Кыргызстандабыз", -деп айткандарын угууга болот.

Image caption Бишкектеги «Келгиле, китеп окуйбуз» акциясындагы сүрөт.

Бул окуя тил маселеси боюнча маал-маалы менен чыга калып жүргөн талкууларды кайра жандантты.

"Кыргыз тили автоматтык түрдө эле бардык тармакта, тейлөө кызматында көрсөтүлүшү керек. Дүкөнгө барасыңбы, дарыканага киресиңби, расмий мекемеге барасыңбы эң алгач кыргыз тили иштеши керек. Мейли орус, татар, өзбек бол, айырмасы жок, кыргызча кызмат көрсөтүшүң керек жана кызмат алышың керек. Мен Кыргызстандын кайсы жерине барбайын толук кандуу, көңүлүмө төп келген кызматты ала албайм. Мени менен толук кыргызча сүйлөшүшпөйт. Бул жерде менин Конституциялык укугум тебеленип жатат. Эгерде кыргызча сүйлөшкүлө деп чыксам, мени талоонго алышат, улутчулсуң дешет. Бул учурда мен кайсы жерде өз укугумду, тилимди коргоп алышым керек? Ушуну түшүнбөйм. Элибиз кыргызча сүйлөбөсө, биз кандай мамлекет куруп жатабыз? Байкуш эле болдук, кыскасы", - деди ТМС талдоо борборунун жетекчиси, медиа эксперт Тынчтыкбек Кожобеков.

Айтылган дооматтардын чын-төгүнүн билүү үчүн биз шаардагы жөнөкөй эле соода дүкөндөрүнүн бирине кирип, "Жаңгак кошулган таттуу барбы?",-деген кыргыз тилиндеги кайрылуубузга жооп алалган жокупуз. Биз баш баккан төрт дүкөндө тең кыргызча саламдашканыбызга карабай, орус тилинде тосуп алып, орус тилинде узатышты.

"Дагы бир чындык, Бишкекке келген кээ бир чет өлкөлүктөр оболу кыргызча үйрөнө баштап, бир аз өткөн соң орус тилине өтүп кетишет. Бул шаарда коомдук жайларда баары орусча сүйлөп, тейлөөнүн орус тилинде болуп жатканы менен байланыштуу. Чет өлкөлүктөрдүн Бишкекте кыргызчадан көрө орусча билүү пайдалуу экендиги менен түшүндүргөн учурлар көп эле кездешет",- дейт айрым активисттер.

"Мен Эл аралык университетке келип окуп жатканыма 3-4 жыл болду. Англисчем эркин. Бишкектен орусча үйрөндүм, бирок кыргызча түшүнбөйм. Орус тилди кантип үйрөндүндүң деп көп сурашат, окуу жайда да, жаштар арасында да, дүкөндөрдө да, такси кызматында да орусча сүйлөй беришсе практика болуп үйрөнүп калат экенсиң. Балким бул кызматтардын баары кыргызча болсо, азыр кыргызча эркин сүйлөйт элем", - дейт Би-Би-Сиге Индиялык Шайик Варисулла.

"Дүйнөлүк практикада эки тилдүү өлкөлөр бар, төрт тилдүү өлкөлөр дагы бар. Бизде мамлекеттик тил-кыргызча, расмий тил-орусча деп таанылган. Албетте мамлекеттик тилде артыкчылык көп, бирок расмий тил менен каршы келбейт. Бул биздин өлкөдө жарандарды тейлөө ушул эки тилде жүргүзүлөт деп айтылат. Бул кызмат көрсөткөн мекеменин эркине байланыштуу. Бирок мамлекеттик тил негизги тил болуп эсептелиши керек", - дейт Мамлекеттик тил комиссиясынын адиси Мундузбек Абдыжапар уулу.

Кыргыз тили мамлекеттик деген макам алганына келерки жылы отуз жыл болот. Бирок чейрек кылымдай убакытка чукулдап калганына карабастан кыргыз тили илимдин эмес, тейлөөнүн да тили боло албай жатат деген сындар ээрчип келе жатат.

www.bbc.com

Президенттикке талапкерлер тууралуу сандар тилинде

Кыргызстандагы президенттик шайлоого саналуу гана күн калды. Бул шайлоо өлкө тарыхындагы эң курч атаандаштыкта өтүп жаткан добуш берүү деп сыпатталууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка 13 талапкерди каттаган. Бирок соңку биригүүлөрдөн кийин талапкерлердин катары эки кишиге азайды.

Би-Би-Си талапкерлердин ишмердүүлүгүн сандар аркылуу көрсөтөт.

Social Media

Social Media

Social Media

Social Media

Social Media

Social Media

Social Media

Social Media

Social Meida

Social Media

www.bbc.com

BBC Kyrgyz - Кыргыз Республикасы

Кыргызстан парламент депутаттары Билим берүү жана илим министрлигинен жалпы республикалык тестти өзбек тилинде өткөрүүнү токтотуу талап кылууда. Ушундай эле талап менен бир катар жаштар уюмдары министрликтин алдында акция өткөрүштү. Министрликтин жетекчилиги жалпы республикалык тест он жылдан бери кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде мыйзамдуу негизде жүргүзүлүп жатканын айтып жооп кайтарууда.

Өзбек тилинде жалпы республикалык тест жүргүзүүгө каршы чыгып жаткан жаштар өздөрүн «Кыргыз эл баатырлар» кыймылы, “Кыргыз Эл жаштар кеңеши” уюмдарынан экенин айтышууда. Алар бүгүн билим берүү жана илим министрлигинин алдына келип, талаптары жазылган көрнөктөрүн илишип, жалпы республикалык тест кыргыз жана орус тилдеринде гана болушу керек, аны өзбек тилинде дагы жүргүзүү мыйзамсыз, ошондуктан токтотуу керек деген талаптарын билдиришти.

Жалпы республикалык тест Кыргызстанда он жылдан бери өткөрүлүп келатат. Жалпы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларына жалпы республикалык тестте алган баллынын негизинде гана тапшыра алышат. Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестти жогорку окуу жайларына тапшыруунун коррупциядан таза жолу катары белгилеп, быйылтан тарта бардык жогорку окуу жайларына тапшыруу жалпы республикалык тесттин гана негизинде болсун деген чечим чыгарган. Ошол он жылдан бери эле бүтүрүүчүлөр үч тилде, кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде тест тапшырып келатышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү башкармасынын башчысы Абдыманап Жолдошев министрликке келген жаштарга бул маселе жарандардын Конституцияда каралган укуктарын ишке ашыруу үчүн мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүп келатканын билдирип жооп кайтарды.

“Тесттин тапшырмалары үч жылда даярдалып, өткөрүлүп жүргөнүнө быйыл он бир жыл болот. Анткени Кыргызстанда 135 мектепте балдар өзбек тилинде окушат. Анын 91 бир гана өзбек тилинде окутат. Минден эки миңге чейин бүтүрүүчүлөр жылда республикалык тесттен өтүп жүрөт”,-деди Абдыманап Жолдошев.

Адистер тесттин өзбек тилинде болгону керекпи же жокпу деген маселе принципиалдуу эмес экенин, андан көрө өзбек жана тажик мектептерин окуп чыккан жаштардын кыргыз же орус тилде жогорку билим алуу даярдыгын жакшыртуу орчундуу маселе деп белгилешүүдө.

Кыргызстандын түштүктө жайгашкан областтарында жалаң өзбек тилинде жана кыргыз-өзбек аралаш тилде билим берген мектептер бар. Жалаң өзбек тилде орто мектепти бүтүп чыккан жаштар эгер кыргыз же орус тилин жетиштүү деңгээлде билбесе жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калууда. Жогорку окуу жайлар Кыргызстанда негизинен кыргыз жана орус тилдеринде гана окутат. Ош мамлекеттик университетинде, кыргыз-өзбек университетинде дагы өзбек тили жана адабияты боюнча адистиктер гана өзбекче окутат, калган адистиктерде окутуу баары кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.

“Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамдын алтынчы статьясында айтылат. Мамлекет мектепке чейинки жана мектептеги негизги билимди эн тилинде алууга жана мамлекеттик тилде алууга жана эки чет тилди окуп үйрөнүүгө тийиштүү шарт түзөт деп айтылат. Бул кыргыз тили жана эки чет тили деп мыйзамдын 2007-жылкы редакциясында айтылат. Ал эми башка тилде билим алуу жөнүндө ушул эле мыйзамдын статьясында айтылган эгерде тийиштүү мүмкүнчүлүгү болсо башка тилде билим алса болот деп. Мыйзамдагы мына ушул мүмкүнчүлүк азыркы учурда колдонулуп жатат. Өзбек тилинде, тажик тилинде билим алып жатышат. Бирок жогорку билим алууга келгенде келечеги жок деп эсептейм. Өзбекстанга бара алышпайт, ал жактагы билим берүүдө алфавити латыница болгондуктан келечеги жок. Менин жеке оюмда эл аралык тажрыйбаны эске алсак, кыргыз тили жана орус тили боюнча тойфел системасы боюнча тилди билүү деңгээли аныкталыш керек. Бул деңгээлди сертификат менен бекемдеген учурда биздин жогорку окуу жайга кабыл алса болот. Мындай тартипке башка тилде билим алган окуучу жана ата-энелер өздөрү кызыкдар болушу керек”,-дейт Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов.

Жалпы республикалык тестти өзбек тилинде дагы өткөрүү мыйзамдуубу же жокпу деген маселе бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын деңгээлинде да көтөрүлдү. Бул тармактын өзгөчөлүгүн жакшы түшүнгөн адистер билим берүү жана тил маселесиндеги проблемаларды шарт кесип ыргытуу ыкмасынын зыяндуулугун эскертип, укуктук консерватордук жолго түшүүгө үндөшүүдө.

www.bbc.com

Тажикстандагы кыргыздар тамырынан ажырагысы келбейт

Тажикстандын бийликтери этникалык кыргыздарды улуттук тамырынан ажыраткан жапырт тажиктештирүү саясатын жүргүзүп жатканын кыргыз интеллигенциясы айыптап, атайын кайрылуу жолдогон жатат.

Алардын жүйөөсүндө, соңку жылдары тажик бийликтери кыргыздар басымдуу жашаган Жерге-Тал, Мургаб райондорунда жер-суу аттарын тажикче атап, мектептеги окууну текши тажик тилине которуп, жетекчилик кызматтан кыргыздарды четке сүргөн басмырлоо саясатын жүргүзүүдө.

Аким Кожоев Тажикстандан Кыргызстанга журт которгонуна бир жылдан ашты. Ал Жерге-Тал районунда мугалим болуп иштечү. Тажик бийликтери кыргызча окуткан мектептердеги окууну тажик тилинде жүргүзүп баштагандан кийин бул жакта келечек жок деп ойлоп, Кыргызстанга келген.

“Жер-сууларыбыздын тарыхый аттары жасалма тажик аттарына көчүрүлдү. Кыргыз тили кысымда калды, мектептерде кыргыз тилиндеги сабактар кыскарды. Тажикстан тарыхынӨ географиясын которбой туруп эле кыргыз мугалимдерге таңуулап атышат. Отузга жакын кыргыз мектеп болсо, бир гана алтынчы класстын тарыхы гана которулган. Кыргыздар үчүн жашоо оорлоп, көчүүгө камынгандар көп”,-дейт Аким.

Тажикстандагы кыргыз мугалимдер өздөрү окуу китептерин кыргыз тилине которуп даярдап беришкен экен, бирок тажик бийликтери каражат жок деген шылтоо менен окуу китептерин чыгарбай, анын ордуна тажик тилиндеги окуу китептерин таңуулап жатыптыр.

“Ошондой эле Жерге-Тал районунда мамлекеттик башкаруу кызматтарында кыргыз улутундагылар жокко эсе болуп калды,-дейт Аким. – райондук администрация башчысы, анын орун басарлары, сот, прокурор, милиция башчысы, билим берүү башчысы баары тажиктер”.

Тажикстандагы Жерге-Тал районунда калктын 70 пайызы этникалык кыргыздар. Ал эми Мургаб райондорунда андан да көп. Башка райондогу кыргыздарды кошо алганда алардын саны алтымыш миңге барат.

Тажикстандагы кыргыздардын кысымга алынып жаткан абалы жөнүндө жакында Ишеналы Арабаев атындагы тегерек үстөл жыйынында чоң сөз болду. Бул жыйынга катышкан интеллигенция өкүлдөрү Кыргыз бийлигине кайрылып, Кыргызстандагы тажиктердин маданий-этникалык өнүгүү маселелери кандай чечилип жатса Тажикстандагы кыргыздарга да ошондой камкордук көрүүнү талап кылуу жөнүндө маселе менен тажик бийликтерине маселе коюуга чакырышты.

90-жылдарда Тажикстанда жарандык согуш убагында бул райондордон миңдеген кыргыздар Ала-Тоого журт которуп келишкен. Бирок соңку жылдары Памирлик кыргыздардын арасында миграция толкуну кайра көтөрүлдү. Түбү ошол жергеталдык журналист Жолдош Турдубаевдин айтымында, азыр элдин түп көтөрө көчүүгө түрткөн башкы себеп тажик бийликтеринин дискриминациялык басмырлоо саясаты болуп жатат.

“Эмне үчүн Кыргызстандагы тажик тилдүү жарандарга көрүлгөн камды ал жактагы кыргыздарга көргүлө деп талап кылбайбыз. Бизде деле түштүк тарапта жер-суу аттарынын кыйласы тажикче экен. Мисалы, Баткен деген шамалдын кени деген түшүнүктү берет экен. Айтылуу скульптор Тургунбай Садыковдун туулган Голсуар – уй минер, өгүз минер деп которулат. Буларды биз да өзгөртүшүбүз керекпи? Ушуларды эмне айтпайбыз? Муну токтотуш керек? Эки эл эзелтен бир тууган болгон, тарыхый тагдырлаш болгон. Географиялык жана башка жакындыгы, кызыкчылыгы да окшош. Ошого маани бербей наадандык кылып жаткандарды тыйыш керек. Республикалык жетекчиликтин деңгээлинде маселе коюш керек. Эгер чечилбесе биз дагы жооп кадамдарга барышыбыз керек”,-дейт Жолдош Турдубаев.

Кыргызстанда Баткен областында тажик тилинде окуткан мектептер бар, аларга мамлекет окуу китептерин тажик тилинде чыгарып берген.

Тажикстандын Бишкектеги элчилиги этникалык кыргыздардын абалы жөнүндө кыргыз интеллигенциясы көтөрүп жаткан маселеден кабардар. Арабаев атындагы университетте өткөн жыйынга Тажик элчилигин өкүлү катышып, Тажикстандагы этникалык кыргыздардын турмушунда кабатыр болчу эч маселе жок деген жооп кайтарган экен.

Тажикстанда жарандык согуш болуп жаткан 90-жылдары ал жактагы кыргыздарга вице-президент болуп турган Ф. Кулов гуманитардык жардам жеткирип барган. Андан бери өткөн жыйырма жыл ичинде Кыргызстандын бийлигинен бери эч ким барып кабар ала элек.

www.bbc.com

Тест сынагын өзбек тилинде өткөрүүнү токтотуу талап кылынууда

Кыргызстан парламент депутаттары Билим берүү жана илим министрлигинен жалпы республикалык тестти өзбек тилинде өткөрүүнү токтотуу талап кылууда. Ушундай эле талап менен бир катар жаштар уюмдары министрликтин алдында акция өткөрүштү. Министрликтин жетекчилиги жалпы республикалык тест он жылдан бери кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде мыйзамдуу негизде жүргүзүлүп жатканын айтып жооп кайтарууда.

Өзбек тилинде жалпы республикалык тест жүргүзүүгө каршы чыгып жаткан жаштар өздөрүн «Кыргыз эл баатырлар» кыймылы, “Кыргыз Эл жаштар кеңеши” уюмдарынан экенин айтышууда. Алар бүгүн билим берүү жана илим министрлигинин алдына келип, талаптары жазылган көрнөктөрүн илишип, жалпы республикалык тест кыргыз жана орус тилдеринде гана болушу керек, аны өзбек тилинде дагы жүргүзүү мыйзамсыз, ошондуктан токтотуу керек деген талаптарын билдиришти.

Жалпы республикалык тест Кыргызстанда он жылдан бери өткөрүлүп келатат. Жалпы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларына жалпы республикалык тестте алган баллынын негизинде гана тапшыра алышат. Билим берүү жана илим министрлиги Жалпы республикалык тестти жогорку окуу жайларына тапшыруунун коррупциядан таза жолу катары белгилеп, быйылтан тарта бардык жогорку окуу жайларына тапшыруу жалпы республикалык тесттин гана негизинде болсун деген чечим чыгарган. Ошол он жылдан бери эле бүтүрүүчүлөр үч тилде, кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде тест тапшырып келатышат.

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү башкармасынын башчысы Абдыманап Жолдошев министрликке келген жаштарга бул маселе жарандардын Конституцияда каралган укуктарын ишке ашыруу үчүн мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүп келатканын билдирип жооп кайтарды.

“Тесттин тапшырмалары үч жылда даярдалып, өткөрүлүп жүргөнүнө быйыл он бир жыл болот. Анткени Кыргызстанда 135 мектепте балдар өзбек тилинде окушат. Анын 91 бир гана өзбек тилинде окутат. Минден эки миңге чейин бүтүрүүчүлөр жылда республикалык тесттен өтүп жүрөт”,-деди Абдыманап Жолдошев.

Адистер тесттин өзбек тилинде болгону керекпи же жокпу деген маселе принципиалдуу эмес экенин, андан көрө өзбек жана тажик мектептерин окуп чыккан жаштардын кыргыз же орус тилде жогорку билим алуу даярдыгын жакшыртуу орчундуу маселе деп белгилешүүдө.

Кыргызстандын түштүктө жайгашкан областтарында жалаң өзбек тилинде жана кыргыз-өзбек аралаш тилде билим берген мектептер бар. Жалаң өзбек тилде орто мектепти бүтүп чыккан жаштар эгер кыргыз же орус тилин жетиштүү деңгээлде билбесе жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калууда. Жогорку окуу жайлар Кыргызстанда негизинен кыргыз жана орус тилдеринде гана окутат. Ош мамлекеттик университетинде, кыргыз-өзбек университетинде дагы өзбек тили жана адабияты боюнча адистиктер гана өзбекче окутат, калган адистиктерде окутуу баары кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.

“Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамдын алтынчы статьясында айтылат. Мамлекет мектепке чейинки жана мектептеги негизги билимди эн тилинде алууга жана мамлекеттик тилде алууга жана эки чет тилди окуп үйрөнүүгө тийиштүү шарт түзөт деп айтылат. Бул кыргыз тили жана эки чет тили деп мыйзамдын 2007-жылкы редакциясында айтылат. Ал эми башка тилде билим алуу жөнүндө ушул эле мыйзамдын статьясында айтылган эгерде тийиштүү мүмкүнчүлүгү болсо башка тилде билим алса болот деп. Мыйзамдагы мына ушул мүмкүнчүлүк азыркы учурда колдонулуп жатат. Өзбек тилинде, тажик тилинде билим алып жатышат. Бирок жогорку билим алууга келгенде келечеги жок деп эсептейм. Өзбекстанга бара алышпайт, ал жактагы билим берүүдө алфавити латыница болгондуктан келечеги жок. Менин жеке оюмда эл аралык тажрыйбаны эске алсак, кыргыз тили жана орус тили боюнча тойфел системасы боюнча тилди билүү деңгээли аныкталыш керек. Бул деңгээлди сертификат менен бекемдеген учурда биздин жогорку окуу жайга кабыл алса болот. Мындай тартипке башка тилде билим алган окуучу жана ата-энелер өздөрү кызыкдар болушу керек”,-дейт Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов.

Жалпы республикалык тестти өзбек тилинде дагы өткөрүү мыйзамдуубу же жокпу деген маселе бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын деңгээлинде да көтөрүлдү. Бул тармактын өзгөчөлүгүн жакшы түшүнгөн адистер билим берүү жана тил маселесиндеги проблемаларды шарт кесип ыргытуу ыкмасынын зыяндуулугун эскертип, укуктук консерватордук жолго түшүүгө үндөшүүдө.

www.bbc.com

Мамлекеттик тил майрамы: үмүттөр жана кооптонуулар

Image caption Интернеттин өнүгүшү менен бaсма сөздөн тартып, интернет сайттардагы, теле-радио тармактарынан бери тилдин эрежелерин, нормаларын одоно бузуу көрүнүшү кеңири жайылды

Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу өлкө аймагында расмий иш-чаралар өтүүдө. Өткөн жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган. Адистер мамлекеттик тилге байланыштуу маселелер али көп экенин айтып келатат. Ал ортодо парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде көпчүлүк партиялардын мамлекеттик тилдин нормаларын бузуп, сабатсыз ууран-чакырыктарды жазып жатканы коомчулуктун көңүлүн бурууда.

Бүгүнкү күнүм бир кызык окуя менен башталды. Эрте менен таң атпай уюлдук телефонума жакын эле курбу кызымдан билдирүү келиптир, анда мындай деп жазылуу: “Тил майрамың менен, детка. Элге кызмат кылып жүрө бер, не болей” деп турат. Же ыйларыңды, же күлөрүңдү билбейсиң. Сааттар өтүп жумушка келдим. Социалдык тармактарды ачаар менен бирин-бири майрамы менен куттуктаган эл. Баары таза кыргызча, кооз сөздөрдү жазууга аракет кылышыптыр. Бирок бул бир эле күн да, эртеңчи?

Сүрөттүн автордук укугу f Image caption Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев: Социологдордун сурамжылоосуна караганда, он эки жаштан жыйырма беш жашка чейинки жаштар чет тилинде сүйлөгөндү мода катары көрүшөт экен. Алар эне тили үчүн тынчсызданышкан жок, алар тилди мода катары гана пайдаланып жатышат

Интернеттин өнүгүшү менен бaсма сөздөн тартып, интернет сайттардагы, теле-радио тармактарынан бери тилдин эрежелерин, нормаларын одоно бузуу көрүнүшү кеңири жайылды. Кыскартылган сөздөр, жарымы кыргызча, жарымы башка тилде жазылган сүйлөмдөр каалабасаң да көзгө урунат. Муну Кыргызстандын тилчи адистери да айтып, мындай жагдай тилдин өнүгүшүнө эмес, майдаланып, жардыланышына алып келүүдө деп кабатыр болууда.

“Адегенде орфографиялык эрежелерден баштасам, бул норманы президент беките албайт, жалгыз Жогорку Кеңеш бекитет. Алар бекитип жаткандан кийин, бул норма салык сыяктуу эле мыйзам. Аны аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Эмне үчүн элдин көбү туура эмес жазып жатышат? Алар гезит-журналдарды, теле-радиолорду туурайт. Орфографиялык жактан да, пунктуациялык жактан да көп ката кетиришет. Бул кыргыз тилин артка тартып жатат”, - дейт филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев.

Султаналиев өз сөзүндө өзгөчө жаштардын тил сабаты начар экениндигин баса белгиледи:

“Социологдордун сурамжылоосуна караганда, он эки жаштан жыйырма беш жашка чейинки жаштар чет тилинде сүйлөгөндү мода катары көрүшөт экен. Мисалы, орусча аралаштырып сүйлөө мода экен. Алар эне тили үчүн тынчсызданышкан жок, алар тилди мода катары гана пайдаланып жатышат”.

Агайдын айткандарынын чындыгы бардай. Жаштардын кимисине суроо узатпа, көпчүлүгү тилди бурмалап колдонуп жатканы айкын болот.

Айчүрөк, 18 жашта: Мага телефондо орусча жазышкан аябай ыңгайлуу. Анын үстүнө досторум да так кыргызча сүйлөй албайт. Баарыбыз аралаш сүйлөйбүз. Интернеттин баары эле кыскартылган сөздөр болуп калбадыбы.

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg Image caption Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселеге кайра-кайра кайрылып, мамлекеттик саясат кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керектигин белгилеп келет

Чыңгыз, 22 жашта: Мен жакындарым менен интернет аркылуу саламдашканымда, “с.а.” деп эле коем. Алар муну жакшы түшүнүшөт. Не жаңылык дегенди болсо, “не ж-к?” дейбиз.

Ал ортодо активисттер жакында болчу шайлоонун үгүт иштеринде көпчүлүк партиялар мамлекеттик тилдин нормаларын одоно бузуп жатканын айтып чыкты. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев:

“Мамлекеттик тил мыйзамынын 27-беренесинде Кыргызстанда жашаган бардык жарандардын ортосунда байланыш тили - бул мамлекеттик тил деп жазылуу. Бүгүнкү күндө бул мыйзам одоно бузулуп жатат. Мисалы, шайлоо алдында түштүктө өзбекче, түндүктө орусча жазылган түркүн жарнамаларды көрүп жатабыз”.

Соңку мезгилде Кыргызстанда кыргыз тилинде сүйлөө керек деген чакырыктар кеңири тарай баштады. Айрыкча Жогорку Кеңеш депутаттары бул маселеге кайра-кайра кайрылып, мамлекеттик саясат кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керектигин белгилеп келет.

Кээ бир басылмалар муну ашынган улутчулдук катары сыпатташууда. Бирок байкоочулар муну улутчулдук катары кабылдоого негиз жок экенин айтып, тескерисинче мамлекеттик саясаттан тарта, коомдогу пикир алышууга чейин бир тилде жүрсө, бул өлкөдөгү улут аралык мамилени чыңдоого чоң себепчи болмок дешет.

www.bbc.com


Смотрите также