Начальная

Windows Commander

Far
WinNavigator
Frigate
Norton Commander
WinNC
Dos Navigator
Servant Salamander
Turbo Browser

Winamp, Skins, Plugins
Необходимые Утилиты
Текстовые редакторы
Юмор

File managers and best utilites

Кыргыз тили жана жазма маданияты. Реферат кыргыз тили


Кыргыз тили

Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, түрк тилдеринин курамына, анын ичинде кыргыз-кыпчак тобуна кирет. Кыргыз Республикасынын түптүү калкынын, Кытайдагы, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Каракалпакстан, Ооганстан, Түркия, Орусияда жашап жаткан кыргыздардын эне тили. 2009 ж. өткөн элди жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасында кыргыз тилин 3830556 адам өз эне тили катары көрсөтүшкөн жана 271 187 адам кыргыз тилин экинчи тил катары биле тургандыгы аныкталган . Бул КРсындагы калктын 76% кыргыз тилинде сүйлөйт дегенди билдирет. Кыргыз тилинде 1 720 693 адам орус тилин дагы билише тургандыгын көргөзүшкөн. Бул 2 109 863 адам кыргыз тилинде гана сүйлөй билишет дегенди билдирет. Болжолдуу эсеп менен дүйнө жүзү боюнча кыргыз тилинде 5100 000 адам сүйлөйт.

Кыргыз тилин шарттуу түрдө

Көпчүлүк окумуштуулардын (Б. Б. Радлов, В. Томсен, С. Е. Малов, М. Е. Массон, И. А. Батманов ж. б.) пикиринде Хакасиядагы, Тувадагы, Тоолуу Алтайдагы, Моңголиядагы, Таластагы, Кочкордогу жазуу эстеликтеринде сакталып калган жазуулар б. з. ч. 3 к. - б. з. 10-11-кк. чейин кыргыздар колдонуп келген тил болуп эсептелет. Бирок аталган тил андан мурунку доорлордо кезигерин унутпашыбыз керек. Мисалы, кийинки түркологдордун кээ бири (кара: Дроздов Ю. Н. Тюркская этнонимия древнеевропейских народов. М., 2008) сактардын тили дагы түрк (кыргыз) тилине жакын экендигин далилдеп жатат. Бул жерде «түрк» деген сөз жалпылама мааниде колдонулуп жүрүшү мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек (кара: Кононов А. Н. Опыт анализа термина «турк». //СЭ. № I, 1949). Ал эми байыркы кытай маалыматтарында сакталып калган хунндардын 20 чакты сөзүнүн (мисалы, ch’eng-li - «көк» = «асман», hiep-hō - χiәp-γәu = «йабгу», «жабгу», eu-ta - wo-lu-to, ao-t’ot = «ордо», «кынгырак» - байыркы түрк. kɨŋrak = эки миздүү ийри бычак) уңгусу түрк тилине келип такалат. Демек, кыргыз тилинде колдонулган жазуулар Орхондогу жазуу эстеликтеринен эрте пайда болуп, кийин архаикалык мааниде айрым фонетикалык, грамматикалык, структуралык өзгөрүүлөргө ээ болушу мүмкүн. Орхон түрктөрү өз жазуу системасын түзүүдө байыркы кыргыздардын жазуу маданиятындагы тажрыйбаны пайдаланышкан (Шилтеме керек). Бул жазуу системасы ошол учурдагы кыргыздар пайдаланган тил катары мамлекеттик иш-кагаздарынын, дипломатиялык алакалардын талабына толук жооп берген дешке болот.

10-кылымга чейин саясий-согуштук кырдаалдар, согуштук аракеттер, миграциялар, кыргыз тилинин эволюциялык өнүгүүсүнө тийгизген таасири тууралуу өз алдынча изилдөөлөр азырынча жүрө элек. Бирок Махмуд Кашгариде Киркиз, Кифжак, Угуз, Тухси, Йагма, Жикил, Уграк жана Жаруктардын тили – бир, таза түрк тили туркиййя мах̣д̣а луг̣а вāх̣ида экенин, Йамак менен Башгирт тили аларга жакын экени эскертилет. Ошону менен эле бир катар «бардык Йагма, Тухси, Кифжак, Йабаку, Татар, Кай, Жумул жана Огуздар «з» тыбышын «й» менен алмаштырып салышарын, башкача айтканда бул топтогулардан башкалар (анын ичинде кыргыздар дагы) кайыңды (жыгач, бак) «казиң», кийизди «кизиз», кездеменин кыйыгын (кыйык) «кузук» деп сүйлөөрү белгиленген. Негизи окшоштугу жагынан Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө колдонулган сөздөр дээрлик азыркы кыргыз тилинде, эң эскилерин алиге чейин түштүк кыргыздары колдонорун белгилөөгө болот. Мисалы, Махмуд Кашгариде «курум» – «аска-таш», «амаж» – соко. Азыркы учурда жергеталдыктар үйүлүп калган шагыл ташты курум дешсе, жалпы түштүктө сокону амач деп аташат. Бирок байыркы Энесайлык кыргыздардын жазуу тили азыркы кыргыздардын тилине тийгизген таасирин так кесе айтууга болбойт. Мисалы, кээ бир окумуштуулар (кара: Петров. К. И. Очерки происхождения киргизского народа. Фр., 1963) «XIII-XV кылымдарда Тянь-Шанда калыптанган тилдин моңголдордун чабуулуна чейинки (XIII кылымга чейинки)Тянь-Шанда жашаган калк жана енисейлик кыргыздарга тиешелүү тилге жатпагандыгын» баса белгилеген. Кыргыз тилинин моңголдордун чабуулуна чейин өзгөрүүгө учураганын академик Болот Жунусалиев (Юнусалиев) дагы көрсөтөт. Мисалы, «кыргыз-алтай тилинде лексика, фонетика жана морфологиядагы окшоштуктардан тышкары кыргыздын тагай, адигине уруулары колдонуп, бирок ичкиликтерде кезикпеген өзүнчө сөз тобу бар. Алар мындай: «сонун», «белен», «каалга», «унаа», «керээз», «арга», ж. б. Эми, биринчиден, бул сөздөр моңгол тилине кирген бардык тилде (анын ичинде жазуу тилинде да) кезигет, экинчиден, кыргыздын жогоруда көрсөтүлгөн урууларынан башка азыркы алтай, тува, кээде хакас тилинде да жолугуп, бирок булар менен уялаш башка элде колдонулбайт. Бул эмне дегендик? Мындай сөздөрдүн жалпы ортоазиялыктарда жана батыш түрк тилинде жолукпай, моңгол тилинде гана кезигип, кыргыздар менен алтайлыктар аны моңгол тилдүү элден кабыл алуусу төгүнгө чыкпай турган далил болуп эсептелет. Анда, алар аны качан, кайсы жерде кабыл алган деген жүйөлүү суроо туулат. Кыргыздар аны Орто Азияны моңголдор каратып алган мезгилде кабыл алды дешке негиз жок, эмне үчүн дегенде, ал сөздөрдү (жок дегенде кээ бирин) казак, өзбек, уйгур, тажик, түркмөн же башка элдер да кабыл алышы керек болчу. Моңголдор аларды да басып алган. Ошондуктан адигине жана тагай уруулары аталган сөздөрдү кыргыздар алтайлыктар менен алардан мурда аралашып, саян-алтай бөксө тоолорунда жүрүп кабыл алган деген тыянак чыгат. Ал эми мындай сөздөр ичкиликтердин диалектисине кирбей калышы – ичкиликтер ал туугандарынан өтө оолакта калганын, же кыргыз эли моңгол тилин сөзүн кабыл алып жүргөн мезгилде алардын алыскы түштүк-батыш чегинде калышканын далилдейт. Бул фактылар башка фактылар менен да түз байланышып турат» (кара: Юнусалиев Б. М. К вопросу о формировании общенародного киргизского языка."Труды ИЯЛ АН Кирг. ССР", 1956, вып. VI). Соңку ислам дининин таасири менен кыргыздар араб арибин пайдаланууну өздөштүрүшкөн. Дал ушул мезгилден кыргыз тилине ислам дининин, кошуна жашаган түрк-иран тилдүү элдердин таасири астында иранизм, арабизм лексикалары кире баштаган. Ошол мезгилден тартып, азыркы Кыргызстанда 1928 ж. чейин, Кытайдагы кыргыздарда азыркы учурда дагы кыргыз тилинде жазуу араб арибин колдонуп жүргүзүлгөн. Айрым изилдөөчүлөрдун тыянагы (Н. А. Баскаков) боюнча кыргыз тили 10-к. тартып кыпчак тилинин таасирин күчтүү ала баштаган. 10-13-кк. тарыхый кырдаалдардын соңунан энесайлык жана теңиртоолук кыргыздардын тилдери өз алдынча өнүгө баштаган.

Эне-Сайдагы кыргыздардын тили 1703-ж. чейин өз алдынча өнүгө берген. Бул кыргыздар Жунгарияга сүрүлгөндөн соң, энесайлык кыргыздар өз алдынча этностук өнүгүү негизинен ажырап калышкан. Ошол кыргыздардын тили бүгүнкү хакастардын, тувалардын, шорлордун, карагастардын, түштүк алтайлыктардын тилдеринин калыптанышына башкы ролду ойноду, энесайдагы кыргыз тили кийинки жашоосун улантты.

Теңир-Тоодогу кыргыздардын тилинин өнүгүүсү улана берген. 19-к. Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо ж. б. араб ариби менен кыргыз тилинде өз чыгармаларын жарата алышты. Чагатай жазуу маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздарда өз жазуу маданияты өнүгө берди. Муну бүгүнкү кытайлык кыргыздардын араб арибине ыңгайлашкан жазуу маданиятынан көрүүгө болот. Араб арибинде Осмоналы Сыдык уулу өз эмгектерин жазган, 1917 жылы төңкөрүштүн соңку жылдарындагы гезит-журналдар, алгачкы алиппелер буга мисал боло алаары анык. К. Тыныстан уулу, И. Арабаев, Б. Солтоноев ж. б. илим адамдары өз илимий эмгектерин араб ариби, андан соң латын, кийинчерээк кириллицага негизделген жазуу менен даярдашкан. Жаңы кыргыз тили төңкөрүштөн кийинки мезгилде биротоло калыптана баштады. Кыргыздын алгач араб арибине, латынга, андан соң кириллицага негизденген адабий тили, улуттук интеллигенция, окуу-маданий, улуттук искусство борборлору калыптана баштады. Алгачкы илимий басылмалар жарыкка чыкты, мамлекеттик стандарттагы атайын окуу китептери, окуу куралдары, адабий чыгармалар басылып чыга баштады. Учурдагы кыргыз тили өнүгүү жолунда. бүгүнкү илимий-техникалык жана башка керектөөлөрдүн бардык талаптарына жооп берген, өнүгүп жаткан улуттун тили. Азыркы кыргыз тилинин 1928 жылдары реформаланган араб алфавитинин негизиндеги, 1927-1940 жылдары латын алфавитинин негизиндеги жазууда болгон. 1935-жылы кыргыз тилинин ариптерин кириллике өткөрүү боюнча катуу талкуу жүрүп, 1940 жылдан тартып кирилликте жазуу системасы колдонулууда. Жазуу системаларынын өзгөрүүсү менен чогуу Кыргыз тилин орфография эрежелери да улам такталып келе жатат. Азыр колдонулуп кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген.

1940 ж. орус арибинин 33 тамгасынын негизинде, ө, ң, ү, кыргыз тамгалары кошулуп, жалпысынан 36 тамга болуп түзүлгөн.Кыргыз адабий тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар. Анын он төртү (8 кыска, 6 созулма) үндүү, 25 үнсүз тыбыш: (б, в, г, г, д, ж, д, ж (аффриката) з, й, к, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ) 22 тамга менен белгиленет.

( Көк-Түрк алфавити, Турaн алфавити, Бaйыркы Түрк алфавити, Бaйыркы Түрк элдери алфавити,)

tyup.net

Кыргыз тили жана жазма маданияты

Элдин тилин кадырлабаган адам - элди да кадырлабайтБолот ЮнусалиевКыргыз тили - эң байыркы тилдерден. Америкалык илимпоз Каннен Катинер "Дүйнө тилдери" деген китебинде "Эгер изилдөөлөргө таянсак, түрк элдеринин ичинен эң байыркысы кыргыз экенин көрөбүз. Алардын жазма эстеликтери мындан 2000 жыл илгери эле кезигет", - деп жазат. Ал эми айрым окумуштуулар енисей кыргыздары андан да мурда Аршакиддер империясы учурунда эле арамей жазуусуна негизделген бир жазууну колдонгонун айтышат. Илимпоз Ч. Т. үмөталиева "Предки кыргызов, хакасов и алтайцев говорили на одном древнокыргызском языке", - дейт. Ал эми түрк тилдерине кыргыз, казак, өзбек, азербайжан, туркмен, татар, башкыр, чуваш, якут, каракалпак, тува, балкар, кумук, хакас, алтай, карачай, крым татары, уйгур, гагауз, ногой ж. б. элдердин тилдери кирип алардын негизин кыргыз тили түзгөнүн көптөгөн окумуштуулар айтып келишет. Муну белгилүү түрк ишмери Орхан Инал мырза да бекемдеп: "Биз, түрк эли, сиздер менен тарыхыбыз бир экендигин, түпкү тегибиз кыргыздардан тарагандыгьш жакшы билебиз. Түркиядагы ар бир түрктөн тегин сурасаңыз ушундай деп жооп беришет" дейт.Чоң чулу таштарга, аска бетгерине чегилген байыркы руна сымал жазуу (Орхон-Энесай түрк алфавита) 6-7-кылымдарда пайда болуп, 10-12-кылымдарга чейин колдонулган. Мындай эстеликтер Энесай, Саян, Тува, Монголия, Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Ал жазуулар идиштерге, тыйынга, аска бетине, эстеликтерге чегилип, бүгүнкү күндө илимге кеңири белгилүү. Ал жазууларды биринчи жолу 1893-ж. даниялык илимпоз В. Томсен (1842-1927) жана орус түркологу В. Радлов (1837-1918) окутан. Бул эстеликтер дин кыргыздарга таандык экендигин айтышкан алгачкы окумуштуулар В. Радлов, В. Томсен жана орус тилчиси, түрк тилдерин изилдөөчү С. Е. Маловдор (1880-1937) болгон. Малов "Енисейлик түрктөрдүн жазуусу" деген эмгегинде "5-кьшымдагы енисейлик жазуу эсте - ликтеринин тили - байыркы кыргыздардын тили" деп аныкта - ган. Бул эстеликтерди изилдөөгө баш оту менен киришкен кыр¬гыз окумуштуусу - Четин Жумагулов. Анын эсеби боюнча Кыр - гызстандын аймагынан акыркы 100 жыл ичинде 20 руна жазуу - су табылган. Демек кыргыздар руна сымал жазууларды пайда - ланышкан. Ал эми «Син Тан шу» деп аталган XI кылымдагы кытай тарыхы боюнча жазылган эмгекте кыргыздардын жазуусу жана тили уйгурлардыкьша окшош экени айтылган. Кыргыздар кийин араб алфавитин колдонушкан.1929-ж. 29-ноябрда кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфаЬитине 1930-жылдын 1-январынан тартып өткөрүү боюнча иштердин аякташы жөнүндө Кыргыз АССР БАКынын Президиумунун чечими кабыл алынган.1941-ж. 31-январда латын алфавитиндеги кыргыз жазуусун орус алфавитине (кириллицага) которуу жөнүндөгү мыйзам чыккан.Филология илимдеринин доктору Магомед Исаев "СССР элдеринин тилдери жөнүндө" (Москва, "Илим") деген илимий эмгегинде совет элдеринин тилдерине талдоо жүргүзүп, кыргыз тилин өзгөчө карап, анын өнүгүшүн тарыхый планда үч доорго бөлүп караган. Биринчиси, байыркы кыргыз тили (8-9-к.), экинчиси орто кыргыз тили (10-15-к.) жана үчүнчүсү жаңы кыргыз тили (15-к.).Орто кылымдагы кыргыз элинин эки залкары, ойчул, философ, окумуштуу Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагындын, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан гений жазуучу Чьщгыз Айматовдун чыгармалары кыргыз элинин эле эмес, дүйнө элдеринин да рухий кенчине айланган.Совет мезгилинде балдар кыргызча окуп, китептер кыргызча чыгып турган. Бирок совет элин акырындык менен бир гана улутка айландыруу саясаты тымызын жүргүзүлгөндүктөн, кыргыз тилинин арымы акырындык менен кыскартьшып, иш кагаздары орус тилинде гана жүргүзүлүп келген. Ошонун айынан кыргыз тили жакырланып, айрым сөздөр архаизмге айлана баштаган. Ошондуктан 1989-жьшы кыргыз тилинин мамлекетгик статуска ээ болушу кыргыз эли үчүн чыныгы майрам болгон. Бирок тил саясаты тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүктөн кыргыз тили ушул күнгө чейин иш жүзүндө толук мамлекеттик статуска ээ боло элек.Ал эми элин жоголуудан сактап калууну көздөгөн акьшман эл биринчи кезекте тилин сактоого, өнүктүрүүгө аракет кылат. Мисалы,1957-ж. Малайзия эгемендик алган. 1967-ж. малай тили улупук тил деп жарыяланган. Бул мезгилде Малайзиянын калкынын 20 пайыздайы гана малай тилин билүүчү экен. 1972- ж. калкынын 90%и малай тилинде сүйлөй баштаган. Ал эми өткөн кылымдын 80-жылдарынын акырында Япониянын Хоккайда аралында өздөрүнүн айну тилинде сүйлөгөн 8 гана адам калган экен. Бүгүнкү күндө бул тил кайрадан жаралууда. Арменияда болсо өз тилин таза сактоо үчүн балдар тарых сабагын армян элинин байыркы кол жазмалары сакталуучу Матенедаранда окушат экен. Биз да ушундай деңгээлге жетсек гана атаганат.Дүйнөдө 7 миндей тил, 2,5 миң улут бар. 192 улут эгемен эл. 83 тил кеңири тараган.Жылкынын сымбаты орус тилинде 18-20 сөз менен сүрөттөлсө, кыргыз тилинде 800дөй сөз менен айтьшат экен. Аскер куралдары орус сөздүгүндө ЮОдөй терминди камтыса, "Манаста" согуш куралдарынын эле 220 түрү бар экен. Кыргыз тилинде сары түстүн эле ондон ашык түрү бар. Мисалы, сары, алтын сары, жез сары, кочкул сары, күлгүн сары, күнүрт сары, сапсары, мала сары, ак саргыл, саргыч, чийкил сары, эжигей сары ж. б. Ал эми оору орус тилинде болезнь деп бир эле сөз менен айтылса, кыргыз тилинде жаныбардыкы - ылаң, өсүмдүктүкү - илдет, адамдыкы - оору, сыркоо, дарт, кесел ж. б. сөздөр менен оорунун деңгээлине жараша айтылат. Адамдын жакшы, жаман мүнөздөрү эле жүздөгөн сөздөр менен сыпатталат.Кыргыз эли тойлору түгүл, жамандыкты да ыр менен угузган ыр жандуу эл. Мына ушундай уникалдуу тил байлыгыбыз, өнөрүбүз болуп туруп, камчысы катуу совет мезгилинде эле (1989-ж.) кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болгонуна карабастан кыргыз мамлекетинде жашаган кыргыз аткаминерлердин кыргызча сүйлөй албаганын, кыргызча жаза албаганын, мамлекеттик деңгээлдеги иш кагаздары адегенде орусча жазылып, андан кийин гана академиялык келегей тил менен кыргызчага которулаарын, үч кыргыздын башы кошулса тамтандап орусча сүйлөшөөрүн эстегенде каңырыгым түтейт, арданам. Тажнк эл акыны Мирзо Турсун Заденин "Эне тилин билбеген адам акылы кем балага окшош", - деген сөзү көкүрөгүмө тык эте түшөт. Шаардык киргиздердин же кыргызчаны жакшы билбей, же орусчаны жакшы билбей арабөк калгандарын аяйм. Ушул жерден орус декабристеринин "биздин аталарыбыз француз болгусу келген эле - орус бойдон калышты, а биз болсо француз болуп калдык - орус болгубуз келет", - дешкен сөздөрү төп келип турат. Биздин балдарыбыз кыргыз болгубуз келет деп, эстерине келгенде кеч болуп калат. Ошондуктан азыртадан ойлонолу... Дүйнөлүк терминдерди баса калып, жасалма сөз жасап которуп коюу менен мамлекеттик тилди өнүктүрө албайбыз. Ал үчүн иш кагаздарын кыргызча жүргүзүп, кыргыздар кыргызча сүйлөшүбүз керек. Кыргыз ырларын башка элдер кызыкса өздөрү эле ырдай берет.Тил жоголсо дил жоголот, улуттук маданият жоголот, башкача айтканда улуттук эстутум жоголот. Мындай трагедиядан кудай сактасын.

tyup.net

Кыргыз тилин ыйык тутуп сактайлы

Балдарга кыргызча сүйлөп, кыргызча жомок айтып, кыргызча китеп окумайынча кыргыз тили өнүкпөйт

 

 «Кылым карыткан кыргыз тили улуттук тил катары жашай берет, бул тил өлбөйт. Биздин тил — улуу тил, Манастын тили, Чыӊгыздын тили, бүткүл жазуучулардын тили», — дешет И.Арабаев атындагы КМУда өткөн «Мамлекеттик тилдин абалы жана келечеги» аттуу тегерек столдун катышуучулары.

Иш-чарада коомчулук тарабынан кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы, келечеги талкууланып, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катарында статусун жогорулатуу, тил­дин бүгүнкү күндөгү медиамейкиндикте, Интернетте маалымат алып жүрүүчүлөр жана каражаттардагы кызматы, ЖОЖдордо жана мектептерде кыргыз тилин окутуудагы көйгөйлөр, келечеги тууралуу сөз болду. Төмөндө жарыш сөзгө чыккан, кыргыз тили үчүн күйүп-бышкан окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин сөздөрүнө орун бердик.

Гүлжигит СОРОНКУЛОВ, КТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору:

— Орус тили жок болсо эле кыргыз тили өнүгөт дегенге мен кошула албайм. Мен өзүм орус тилчи болгонум менен балдарым­дын баары кыргызча эле сүйлөйт. Мектептерде балдар бири-бири менен кыргызча сүйлөшүп жаткан­дарына дагы күбө болуп жүрөм. Орус тилин жоюп салуу менен маселе чечилбейт. «Канча тил билсеӊ ошончо дил билесиӊ» дейт кыргызда. Ар бир кыргыз өз балдарын, неберелерин кыргызча сүйлөтмөйүнчө, кыргызча жомок айтып, китеп окуп бермейинче эч качан кыргыз тили өнүкпөйт, өспөйт.

Окуу китептери жөнүндө сөз кыла турган болсок, чынында кыргыз тилинде окуган балдарга боорум ачыйт. Китептердин же­тишсиздиги бир маселе болсо, чы­гарылган китептердин деӊгээли, сапаты өзүнчө чоӊ маселе. Үч- төрт жыл мурун иликтөө жүргүздүк эле, ошондо кыргыз тил, адабияты китептеринин 60-70% жалаӊ тео­рия менен чектелгени аныкталган. Айрым авторлор өздөрүнүн дис­сертацияларын окуу китеби кылып чыгарып жатышат. Профессор, докторлорубуз өз каражатына китептерин чыгарып жатышканы менен, китепти барактай келсеӊ ар бир бетинен 20-30 ката чыгат. Тарых китебин ата-энелер бал­дар эмес биз түшүнбөйбүз дешет. №5 гимназияны таланттуу балдар үчүн жатак мектеп кылалы деген аракетибизден эч жыйынтык чык­пай келет.

Салмоор ДЫЙКАНОВ,

«Асаба» партиясы:

— Бизде эӊ ириде жогорку окуу жайларында окутууну кыргыз тилине өткөрүү зарыл. Анткени студенттердин баардыгы айыл­дан келгендер, мугалимдердин 99% пайызы кыргыздар. Анан алар эмне үчүн сабакты кыргыз­ча өтүшпөйт. Мейли орусча даяр дарстар көп болсун, бирок бал­дарга ал кыргызчаланып берили­ши керек да. Ошондуктан окутуу­чулар өздөрүнөн башташы кажет. Сабактар кыргыз тилинде өтүлсө айылдан келген балдардын көзү ачылат. Анан элестетсеӊер бир семестрде тааныбаган, мур­да угуп, билбеген эле он чакты сабакты жалаӊ орусча окуп жа­тышса, алар кантип жеткиликтүү билим алышат. Ошондуктан жаӊы окуу жылынан баштап лекци­яларды кыргыз тилинде окууга өткөрүшүбүз керек. Жыл сайын дарстарды кыргызчалата берсе беш жылда студенттердин баар­дыгына кыргызча лекция окулуп, өздөрүнө дагы материалдар топ­толуп калмак.

Үмүт КУЛТАЕВА,

Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун теӊ төрайымы, филология илимдеринин доктору:

— Мамлекеттик тилдин көйгөйлөрүн айтып, бири-би­рибизди күнөөлөп отурбай бир эле маселени чечип койсок, бул өзүнөн-өзү чечилмек. Бала бак­чаларды накта кыргыз тилине өткөрүп койгондо гана келечекке жол ачылат. Көп өнүккөн мам­лекеттер дал ушул жол менен келишет. Мисалы, Францияда бала бакчага барган бала кай­сы улуттан болбосун, ал сөзсүз түрдө француз тилинде сүйлөөгө милдеттүү. Эгерде ушул жагын колго алсак мамлекеттик дагы, чет тили маселесин дагы чечип алмакпыз. Анткени бул заман­да жалаӊ мамлекеттик тил деп чет тилдерин дагы унутуп кою­уга болбойт. Биздин балдар чет тилдерин билбесе өнүгө албайт. Экинчи маселе, мектепте кыргыз тилин окутуунун улуттук идеоло­гиясынын жоктугу. Шаарда жалаӊ кыргыз тилинде окуткан элитар­дык мектеп түзүү зарыл. Жогорку Кеӊештен Мамлекеттик тил мый­замынын аткарылышын талап кылуу жана мамлекеттик тилди сыртка чыгаруу зарыл. Мисалы, чет жерде жашап, иштеп жүргөн этникалык кыргыздар канчадан бери кыргыз мектебин ачып берүү тууралуу зар какшап жүргөндөрү менен бул маселе алигиче чечил­бей келет.

Назира НАРМАТОВА,

ЖК депутаты:

— Мамлекеттик тил кыргыздар үчүн гана керек. Себеби бул тил биздин мамлекеттин ичинде гана өнүгөт, өзүбүз үчүн зарыл. Бирок анын мамлекеттик тил катары өнүгүшү өзүбүзгө көз каран­ды болууда. Анткени ал биздин, өзүбүздүн күчүбүз менен гана өнүгөт. Чындыгында азыр мамлекеттик тилибиз чыныгы кыргыз тили деп күйгөн патриоттордун жардамына муктаж болуп турат. Ошондуктан ЖК депутаттары ушул жерде айтылган кесипкөй адистердин сөздөрүн угуп, ал айтылгандарды жогорку жакка түздөн-түз жеткирип, анын аткарылышын талап кылалы деп келип отурабыз. Азыр Мамлекеттик тил мыйзамы абадай зарыл болуп турган беренелер менен толукталды. Буюрса, Президент колдоп берсе, аны ишке ашырууда ушул жерде отурган адистердин жар­дамы керек болот. «Жабыла көтөргөн жүк жеӊил» деген сөз бар эмеспи, ошондуктан биз жана ушул жерде отурган кесиптештер, мекендештер баардыгыбыз биргелешип «Бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруубуз» керек.

Эгемберди ЭРМАТОВ, КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы:

— Бул кызматка мен өзүмдүн каалоом менен келдим. Мага кызматты сунуштап жатканда Президент Алмазбек Атамбаев: «Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бизде саясий эрк бар. Биз кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн колдон келгендин баарын жасап, жакшы жолго коюшубуз керек. Кыргыз тили Кыргызстанда улут аралык тил болуп, башка тилдерди алдыга сүйрөп кете ала тургандай болушу керек. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. Илимпоздордун башын бириктирип, жакшы иштеп бер», — деди.

Бизде, албетте, мурда Мамлекеттик тил мыйзамы иштебей келген, ар кандай бут тосуулар болгон. Азыр Жогорку Кеӊеште бул мыйзамга алымча, кошумчалар кирди. Мурда мыйзам бузулса эч нерсе кыла алчу эмеспиз. Азыр болсо кимдир бирөө мыйзамды бузса, ал Кыргызстандын жараны болсо, анда жаза тартат. Эми мамлекеттик кызматка барам деген ар бир жаран, улутуна, жашына, жынысына карабай кыргыз тилинен экзамен берет. Анткени качан талап катуу болуп, муктаждык пайда болгондо гана тил өнүгөт. Ошондуктан эми биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Муну ишке ашырууда бизге окумуштуулар, кыргыз тили үчүн күйгөндөр, партиялар жардам берет деген ишеничтемин. Себеби бул биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн эртеӊки келечеги, улутубуздун уюткусу, маӊызы. Азыр бизге сөздөн ишке өтө турган мезгил келди.

Терминкомдун маселесин кайрадан карап, терминдерди кыр­гызчалатуу үчүн аракет кылып жаткан уюмдардын баардыгын бир жерге бириктирүү керек.

Бурул САГЫНБАЕВА,

Кыргыз-Түрк «Манас» университети, филология илимдеринин доктору:

— Мен ушул жерде отурган биздин жаштарга кайрылгым келип турат. Жаштар, эч ка­чан кыргыз тилин танбагыла да, кыргызча сүйлөгөндөн уялбагыла! Себеби азыр көбүнчө жаштар сыртка чык­канда орусча сүйлөшөт. Алар кыргызча сүйлөп «мырык» көрүнүп калбайын, уят бо­луп калбайын деп ойлошот. Ошондуктан кыргыз тили кол­донулбай келет.

Орфографиянын үч жолу өзгөрүшү трагедия эмес. Түрк тилинде орфография жыл сайын өзгөртүлөт. Ант­кени аны заман талап кылып жатат. Биз дагы жыл сайын жаӊы сөздөрдү, тактоолорду киргизе берүүбүз зарыл. Биз кыргыз тили боюнча көп олим­пиадаларды өткөрүп, экзамен­дерди алып жүрөбүз. Ошондо балдар тыныш белгилеринен көп ката кетирип жана татаал сөздөрдү жазганды билбеген­дигин көрөбүз. Ошондуктан бул жагынан күрөшүү үчүн биз, кыргыз тилчилер, дагы көптөгөн тактоолорду кирги­зишибиз керек. Бул жагынан алганда биздин уучубуз кур эмес.

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ,

филология илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору:

— Кылым карыткан кыргыз тили улуттук тил катары жашап кел­ген жана жашай берет. Кептин баары ал мамлекеттик тил боло алабы деген проблемада жатат. 20 жылдан бери биз котормо тил менен жашап келе жатабыз. Алгач орус тилинде жазып, анан аны кыргыз тилине которуп алып мамлекеттик тил деп эсептеп келебиз. 24 жылдан бери бийлик алгачкы жолу мамлекеттик иш кагаздардын баардыгы кыргыз тилинде жүргүзүлсүн деп мам­лекеттик тилдин өнүгүшүнө шарт түзүп бергени менен ал ишке ашпай жатат. Эми азыр бизде термин маселеси келип чыгууда. Көрсө бизде 4-5 жерде өзүнчө терминком иштейт экен: Жогорку Кеӊеште, Өкмөттө, Мамлекеттик тил комиссиясында, Улуттук илимдер академиясында. Анан алар бир терминди ар башкача которот экен дагы окуй келсеӊ эмне жөнүндө жазып жатканын түшүнбөйсүӊ. Биз ушул терминкомдорду бириктирип бир мам­лекеттик терминком түзүп, аны Улуттук илимдер академиясына беришибиз керек. Себеби ал жакта окумуштуулар отурат, алар илимий көз карашта карашат.

Экинчиден, мамлекеттик тил бизнестин тили боло алабы, мамлекеттик тил илимдин тили боло алабы — кеп ушунда. Бүгүнкү күндө кыргыз тил, адабиятынан башка бир дагы илимий иштер кыргыз тилинде жазылбайт. Кыргыз тили улуттар аралык тил боло алабы? Жок. Себеби биз, кыргыздар, өзүбүз менен өзүбүз орусча сүйлөшөбүз. Демек, бул дагы чоӊ маселе. Кыргыз тили окутуунун тили боло алабы? Албетте, боло алат. Бирок ЖОЖдордо ушул күнгө чейин окутуу 60-70% орус тилинде жүргүзүлөт. Демек, биз алгач мамлекеттик тилде иш кагаздарын, мамлекеттик тилди жайылтуунун идеологиясын иштеп чыкпасак болбойт. Андыктан мамлекеттик тилдин өнүгүшүн, проблемаларын иликтөө үчүн максаттуу аспирантура ачуу зарыл. 24 жылдан бери бул багытта бир дагы диссертациялык иш жазылган жок. Ушул окуу жайга максаттуу аспирантураны ачууну сунуштайт элем. ЖОЖдун студенттеринин Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик экзамениндеги үч суроонун бирөө кыргыз тилине арналышы зарыл.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, КМУнун алдындагы Манас таануу институтунун директору:

— Орус тилин жойсок эле кыргыз тили оболоп кетет дегенге кошула албайм. Албетте, орус тилин бул дүйнөдө жоюуга мүмкүн эмес. Орус маданияты, тили бизге мындан ары дагы керек. Англис тили 20 жылдын ичинде биздин жашообузга кандай тез арада сүӊгүп кирди. Азыр он миӊдеген жаштарыбыз бул тилде эркин сүйлөп, чет мамлекеттерде ушул тил менен билим алышууда. Бул турмуштук зарылчылыктан келип чыккан. Орус тили дагы бизге зарыл. Бирок мен аны Баш мыйзамдан официалдуу тил деген макамын алып салууну талап кылат элем. Себеби биз орусташуу доорунан алыс кете элекпиз. Азыр кыргыз тили жоголбойт, кыргыз тили бай тил деп жатабыз. Ооба, кыргыз тили бай болгон, бирок уламдан кедей болуп бара жатат. Илимпоздордун көбү, мамлекеттин башчылары, мамлекеттик кызматкерлер орусча ойлонуп анан кыргызча сүйлөшөт. Котормочулар дагы орусча ойлонуп анан кыргызча которушат. Жо­горку Кеӊештен мыйзамдар баш болуп, өкмөттө, прокуратурада, соттордо иш кагаздардын баардыгы адегенде орусча жазылат, анан кыргызча которулат. Аны дагы кыргызча эмес орусча ойлонгондор которот. Ошондуктан көп нерселер түшүнүксүз болуп, ушундай абалга кептелип калдык.

Мындан 60 жыл мурун жазылган тарых китебин окусам «… жогорку Радлов айткандай» деп жазылып жүрөт. Эмне төмөнкү Радлов барбы? Же дагы башкасы барбы? Андан кийинки сүйлөмүн окусаӊ деги эле түшүнбөйсүӊ. Мейли бул 40-50 жыл мурун жазылган китептер экен. Андан бери канча убакыт өттү, бирок дагы эле тилди өнүктүрө албай жатабыз. Биз Кыргызстанды унитардык мамлекет деп жазганбыз Конституцияга. Унитардык мамлекетте бир эле тил болушу керек. А бизде болсо иш жүзүндө расмий тил мамлекеттик тилден жогору турат.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, «Кутбилим»

kutbilim.journalist.kg

Кылым Карыткан Кыргыз Тили Реферат

Курманжан датканын кылым карыткан өмүрүн шаан-шөөкөттөр менен бирге оор. Кыргыз тили кылымдарды карыткан. Кылым сүргөн кыргыз тили, Кызгалдактай гүлдөсүн. Руководство АУЦА помогло в издании учебника по изучению кыргызкого языка. «Всего было издано около 1,5 тысяч учебников, порядка 600 из них будут в АУЦА -. «Кыргыз тили». Кылым карыткан элдик. Кылым карыткан кутман кыргыз эли каада-салтка. Кылым да боло элек, алардын окуу предмети катары мектеп практикасына киргизилгени андан да көп эмес. Өткөн кылымда кыргыз жергесинде болуп, кыргыз эли, анын тарыхы, тили, маданияты ж. Багыттарда кеп. Классикалык салттары, үлгүлөрү кылым карыткан доорлордо жаралган. Бүгүнкү күндө.

Кылым Карыткан Кыргыз Тили Реферат

Кыргызстанка разработала новую методику преподавания кыргызского языка Разработана современная авторская методика преподавания кыргызского языка как второго, так и иностранного. Об этом стало известно сегодня, 24 февраля, на пресс-конференции в 'ВБ' от автора разработки - старшего преподавателя программы 'Кыргызский язык' АУЦА Гульмиры Дюшеевой. Как проинформировала автор, в основу учебного пособия по кыргызскому языку 'Кылым карыткан тил' (элементарный уровень - А2) легла европейская система обучения и оценивания.

'При помощи издания данного учебного пособия и его использования в средних школах, вузах, а также при самостоятельном изучении возможно обеспечить развитие кыргызского языка и расширить область его применения. Отличительная особенность данного пособия в том, что материал представлен в таблицах и схемах, что способствует эффективному усвоению языка. Грамматические темы составлены по принципу 'от простого к сложному', что облегчает изучение', - рассказала Дюшеева. Кыргызстанка разработала новую методику преподавания кыргызского языка Она также отметила, что все учебники должны выпускаться после апробирования, только после того, как будут результаты. Кстати, первая часть пособия была выпущена еще в 2011 году при поддержке президента АУЦА Эндрю Вахтеля.

Кыргызстанка разработала новую методику преподавания кыргызского языка По словам представителя вышеназванного вуза Динары Орозбаевой, финансирование первой тысячи экземпляров производилось из личного фонда Вахтеля. 'По этой книге у нас обучаются иностранные студенты, и уже хорошо говорят на кыргызском языке.

Книга пользуется популярностью и спросом, именно поэтому мы попросили Гульмиру Дюшееву продолжить работу в этом направлении. В этом году, при поддержке главы АУЦА, вышла вторая часть, тираж - 2 000 экземпляров, часть которых находится в университете', - сообщила она. Автор пособия напомнила, что с 2018 года в Кыргызстане будет обязательным требованием для госслужащих знание государственного, официального и одного из иностранных языков. И если человек слабо владеет государственным языком, он может подтянуть знания благодаря новой методике. В издании, кроме грамматически правильной формы предложения в скобках, дается пояснение, как это произносится в разговорной речи.

Ведь зачастую, получая знания, студенты выходят на улицу и не понимают, что им говорят. Новая методика обучения соответствует принятой правительством Национальной программе развития государственного языка и совершенствования языковой политики в КР на 2014-2020 годы. Кыргызстанка разработала новую методику преподавания кыргызского языка Приобрести пособие, по словам издателей, могут все желающие. Стоимость учебника будет определена в ближайшее время. Методика методикой, но вот видел я учебник, который представляла эта мадам. Даже если бы захотел, как выучить кыргызский язык, если учебник на кыргызском? То есть изначально я должен знать, что там написано, а как это сделать, если я только начинаю изучать этот язык.

Подход изначально не правильный. Учебник кыргызскоко языка должен быть на языке изучающего. Учит англичанин - на английском, учит русский - на русском, учит китаец - на китайском.

С соответствующим переводом и словарем. Отсюда и не знание языка. Потому, что даже в школе тупо заучивают кыргызские фразы не давая перевода, вот и вся методика. Сообщение отредактировал Вовочка: 25 Февраль 2015 - 11:22. Вовочка Учебник кыргызскоко языка должен быть на языке изучающего. Учит англичанин - на английском, учит русский - на русском, учит китаец - на китайском. С соответствующим переводом и словарем.

Отсюда и не знание языка. Потому, что даже в школе тупо заучивают кыргызские фразы не давая перевода, вот и вся методика.Сейчас пасынок (и я и он русскоязычные) в первом классе, и у них книга на киргизском, иногда даже я затрудняюсь перевести задание, хоть оно и простое, а как ему тогда Сообщение отредактировал Нейтральный: 25 Февраль 2015 - 11:56. Lesik Думаю, что это уже следующий уровень. Как и в англ. Яз - там куча элементари 1,2,3.По любому для изучения языка учебники должны быть на языке обучаемого, поскольку всяческие объяснения, правила и прочие нюансы понятней на родном языке.

Дополнительная литература должна быть полностью на изучаемом языке, для углубленного погружения в материал. Это и есть основа методик изучения языков. А у наших горе-академиков не хватает ума даже азы понять. Все школьные учебники советских времен по изучению языков в русскоязычных школах написаны на русском языке, вплоть до десятого класса. А здесь изначально нарушена адресность. Для кого написали эти учебники? Для тех, кто уже знаком с языком или все же для тех, кто хочет его изучить?

Тем более, что основу учебного пособия по кыргызскому языку Сообщение отредактировал Вовочка: 25 Февраль 2015 - 14:17. Eodl Учила англ по учебникам на англ)) переводила все со словарем, не жаловалась, потому как считала, что это даже полезно)) Так же как и человек, без знания языка попадает в среду, где все на иностранном говорят, через какое-то время, он не то что понимает, он говорит на нем))Ай молодца! Возьмите с полочки пирожок!

В принципе и медведя можно на велосипеде научить кататься, однако речь не об этом. Речь идет о методиках изучения, если вы в курсе, что это такое. Погружение в языковую среду, конечно, замечательно! Можно просто выучить слова по словарю и с пятого на десятое будешь понимать, о чем говорят, но это не есть методика изучения.

За добросовестное и образцовое исполнение служебных обязанностей и вклад, внесённый в дело обеспечения национальной безопасности президент Алмазбек Атамбаев вручил сотрудникам Государственного комитета национальной безопасности 2. В аильном округе Толойкон Карасуйского района Ошской области открылось новое паспортное подразделение ГРС. В Бишкеке начали закрывать дублирующие маршрутные линии. Идет замена микроавтобусов автобусами средней и большой вместимости, сообщил вице-мэр Геннадий Милицкий.

bargainchat.weebly.com


Смотрите также

 

..:::Новинки:::..

Windows Commander 5.11 Свежая версия.

Новая версия
IrfanView 3.75 (рус)

Обновление текстового редактора TextEd, уже 1.75a

System mechanic 3.7f
Новая версия

Обновление плагинов для WC, смотрим :-)

Весь Winamp
Посетите новый сайт.

WinRaR 3.00
Релиз уже здесь

PowerDesk 4.0 free
Просто - напросто сильный upgrade проводника.

..:::Счетчики:::..

 

     

 

 

.