Алыкул Осмонов. Алыкул осмонов реферат


Алыкул Осмонов Панфилов — реферат

Алыкул Осмонов                                                              

Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат.

1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты.

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты  да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга  миң мертебе калп айтса да, ырына  бир жолу да калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу: Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин, Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң, - дебесмин. Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу, Мага берсе, эки сабак ыр берсин. А. Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет. Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат. Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт.

1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан" , "Махабат" , "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло" , "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты. Көзү өткөндөн кийин, 1964 - 1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984 - 1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду. Күн өткөн сайын өзүнө койгон талабы катаалдап, акын улам жаңы бийиктикти самап, поэзиянын улам жаңы аралдары менен жээктерин ача берди. Ошенткен сайын анын адам менен Ата Журтка болгон сагыныч-кусалыгын билдирген, жашоо менен өмүргө кумары канбаган ырларынын ажары ачылып чыга келди. Акындын мындай тематикадагы не бир укмуштуу, не бир азем керемет сулуулугу, кооздугу менен өзүнө куштар кылып, төбөсү асман тиреп, шоодурап менменсинген мырза теректи эске салат. Бирок ал өмүрү өткөнчө өзүнүн чыгармаларына канааттанган жок, улам жаңы, жакшыларды жараткысы келди. Мына ушул умтулуу аны ыр жазууга гана эмес, жашоого да шыктандырды. Ошондуктан акын өзүн аябады, жанын жай таптырбай жабыркаткан ооруга карабай, күрс-күрс кан жөтөлүп отуруп да, кара жанын карч уруп, бир сап ыр үчүн түн күзөп көшөрө эмгектенди. Жогорку талап, тынчтык бербеген тынымсыз изденүү

Осмоновдун чыгармаларын кулач жеткис, асман мелжиген алп чынарга айландырды. Дүпүйгөн чынардын сансыз бутактары бар сыңары А. Осмоновдун керемет поэзиясынын мазмуну да ар түрдүү жана өтө бай. Анда бирде Ата Журттун асылдыгы, ага деген сүйүүнүн ыйыктыгы даңкталса, бирде адам баласын дүйнөнүн ээси кылуудагы кудуреттүү эмгек ырдалат. Анын чыгармаларында кээде өмүр менен өлүм бой тирешип тура калат да, анан акын өмүрдүн улуулугун жана түбөлүктүүлүгүн не бир мукам кайрыктарга салат.Сүрөткердин кимдиги, кандайлыгы анын чыгармаларынын санында, тематикасынын ар түрдүүлүгүндө эмес, анда камтылган ой менен сезимдин күчтүүлүгүндө, жасалмалуу эмес табигыйлыгында, баарынан мурда, ал көркөм дүйнөнүн насили, нарк баасында жатат. Улуу акын үчүн майда, кичине деген нерсе болбойт, демейки окурман үчүн байкалып, кармалбаган нерседен ал ааламды кучагына сыйдырып, адамды түйшөлтүп ойлонууга аргасыз кылган улуулукту көрө алат. А. Осмонов деле башка акындар эмнени ырдаса, ошол нерселер жөнүндө ырдады, бирок башкача ырдады. Ал чыныгы поэзияны жалтыраган кооз сөздөрдөн, болбосо Ата Журт деп өпкө-жүрөгүн чаап, көкүрөк койгулоодон издебеди, анын поэзиясы ар бирибиздин жүрөгүбүздө уялаган, бирок оңой менен бере албаган букту, ойду таап, козгой алды. Ошондуктан Осмоновдун ырларын окуганда, ал ырлар сенин жүрөк сезимиңден жаралгандай болот. Акын адамдардын купуя жүрөк сезимин айттырбай туюп, билип тургандай. Анын ырларынын керемет сыры дал ушунда. Ар бир адамга Ата Журт кымбат. А. Осмоновдун ырларын окуганыңда, Ата Журт менен акын бири-бирине ээрчишип жүргөн ата-баладай көз алдыңа тартыла калат. …Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң, Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын, Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт! Бул саптар А. Осмоновдун белгилүү "Ата Журт" деген ырынан. Анын алгачкы эки сабын окуганда ырдын Ата Журтка арналып жаткандыгын сезбейсиң, ал саптар кадимки эле камкор эненин жалгыз перзентин алыс сапарга узатып жаткандагы мээримин элестетет. Ырдын акыркы эки сабын окуганыңда гана анын Ата Журтка арналып жаткандыгын билип, айланаңды өзгөчө сүйкүм менен эрксиз бир карап аласың. Анан жүрөгүңдө сөз менен айтып жеткире алгыс Ата Журтка деген сезим пайда болот да, тууган жердин элеси калдайып көз алдыңа тартыла түшөт. Ата Журтту аргасыздан өзүңдүн эң бир жакын, бир ыйык адамыңдай элестетесиң. "Бүт дартыңды өз мойнума алайын, сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деп, анын алдында адамдык парзыңды кылчактабай аткаргың келет. Ошентип акын Ата Журттун кооздугун, кымбаттыгын шөкөттөп-мактап да отурбайт, сенсиз жашай албайм деп жалынып-жалбарбайт. Бар болгону мээрман эненин күндө айтыла берип, анчалык элес да алынбай калган демейки сөзүн кайталоо менен гана чектелген. Бирок ушул карапайым сөздө камтылган эл-жерге болгон чыныгы сүйүү бизди аргасыздан өзүнө тартат, Мекен ааламдагы эң ыйык нерсеге айланат.

 Акындын "Ата Журтун" өзүнүн жалгыз кызына арнаган "Бөбөккө" деген ырынан жана жалгыз уулун күтүүдөн тажабаган Миңбай чал жөнүндөгү "Жеңишбек" аттуу поэмасынан ажыратып кароого болбойт. Булар бири экинчисин толуктап турат. Жаштайынан жалгыздыктын жабырын тарткан акын зарыгып жүрүп кыздуу болот. Ал төрөлгөндө күнү-түнү наристенин жанынан чыкпай, бир канча күн ага ысым издеди, акыры Жыпар деген ат көңүлүнө туура келди. Жыпары бар болгону он беш гана күн жашап, чарчап калды. Ал өзүнүн бул күйүтүн поэмага тете "Бөбөккө" деген ырында төктү. Күчтүү күйүттөн жаралган бул ырды акындын керт башынын арманы катары кароого болбойт. Анда жалпы эле адамзаттын балага болгон ыйык сезими, түбөлүктүү сүйүүсү берилген. Өмүр менен турмуш, жашоо менен тиричиликке арналган мындай мазмундагы ырлар акындын чыгармачылыгында өзгөчө бир өзөктү түзүп, орчундуу орунду ээлейт. Чыныгы талант өмүр бою өзүнө нааразы болуп жүрүп өтөт. Бир чети мүлдө кыргыз көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, бардыгынан танып, ырдан танбаган Алыкул да өзүнө ыраазы болбой, поэзиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп, стол үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында кете берди.

yaneuch.ru

Aлыкул Осмонов — реферат

Алыку́л Осмо́нов (кирг. Алыкул Осмонов; 1915, село Капталарык, Панфиловский район, Чуйская область Киргизия — 12 декабря 1950) — киргизский поэт, драматург, переводчик.

 

Рано лишившись родителей, воспитывался в детдомах. В 1933 окончил  педагогический техникум во Фрунзе, работал  журналистом. До 1936 работал в редакциях  журнала «Чабуул», газеты «Ленинчил Жаш». Печатался с 1930. В 1935 опубликовал первый сборник стихов «Песни рассвета».

Автор сборников «Звёздная  молодость», «Чолпонстан» (оба — 1937), «Любовь» (1945), «Новые песни» (1949) и др. Много писал и переводил для детей.

Работал в области драматургии: пьесы «Объездчик Кооман» (1947), «Абулкасым Джанболотов» (1948), драматическая комедия «Надо отправляться в Мерке» (1949) и др.

Поэма «Витязь в тигровой шкуре» Шоты Руставели в переводе Осмонова выдержала шесть переизданий. Перевёл произведения Пушкина, Лермонтова, Крылова и др. Награжден орденом «Знак Почёта».

 

Умер в тридцатипятилетнем возрасте, из-за туберкулёза легких, в 1950. Осмонову посмертно присуждена первая премия Ленинского комсомола республики. Союзом писателей Кыргызстана учреждена литературная премия им. Алыкула Осмонова. Премия Алыкула Осмонова являлась в Киргизии третьей по значимости премией среди писателей, после

 

Всесоюзной Премии имени  Ленина и Киргизской Государственной  Премии имени Токтогула Сатылганова. В целях изучения жизни и творчества поэта в 1994 создан республиканский общественно-литературный фонд.

18 марта 2012 года на широкие  экраны вышел полнометражный  фильм «Мезгил жана Алыкул» журналиста Айдай Чотуевой (ученица Эрнеста Абдыжапарова), которая была режиссером и сценаристом картины.

Сценарий основан на книгах Памирбека Казыбаева «Мезгил жана Алыкул», Кенеша Жусупова «Сапар».

 

 

Ранее автором был снят короткометражный фильм "Суйуу жана Алыкул", в котором рассказывается о любви известного поэта.

Съемки производились  в Сокулуке, селах Кашка-Суу, Чокморов и на Иссык-Куле. В основе фильма - события, разворачивающиеся в жизни акына с 30-х до 50-х годов прошлого столетия.

"Мы показали первую  любовь Алыкула Осмонова, то, как рождалось его творчество", - комментирует автор картины.

 

Роль Осмонова сыграл актер театра "Учур" Чынгыз Мамаев. Он ранее также исполнял роль поэта в спектакле. Айдай Жигиталиеву, первую любовь Осмнова сыграла актриса Назира Бердигулова, супругу поэта – Зейнеп - сыграла Гулнур Асанова.

В 2011 г. Жыпар Исабаева написала повесть "Алыкулду сүйгөн кыз" (на кыргызском языке) о о трепетной любви к поэту Жамийлы Сулаймановой, где описывается знакомство и отношения Алыкула Осмонова и главной героини повести.

Автор повести сообщает, что ей удалось связаться с  героиней повести Жамийлой Сулаймановой, и часть материала повести основана на ее воспоминаниях.

Памирбек Казыбаев создал в 2000 г. общественное объединение «Алыкул үй-борбору», для дальнейшего изучения и распространения творчества поэта.

В ???? году был выпущен календарь «Алыкул – Ата журттун акыны».

В городе Бишкек в 2002 году на площадке перед Национальной библиотекой  воздвигнут памятник Алыкулу Осмонову. Автор памятника - скульптор Маматкулов Равшанбек.

 

 

 

Кыргызский поэт, драматург, переводчик.

 

Родился в с. Каптал-Арык нынешнего Панфиловского района Киргизской ССР в семье бедняка. Рано лишившись родителей, воспитывался в Пишпекском и Токмакском детдомах. В 1929–1933 гг. учился во Фрунзенском педтехникуме. В 1932–1936 гг. работал в редакциях журнала «Чабуул» и газеты «Ленинчил жаш», а в 1937–1940 гг. – секретарем правления СП Киргизии на общественных началах. В дальнейшем занимался творческой работой.

 

Писать стихи А. Осмонов начал рано. В 1930 г. в газете «Сабаттуу бол» впереые было опубликовано стихотворение поэта «Красный обоз», а в 1935 г. издан первый поэтический сборник «Таңдагы ырлар» («Утренние стихи»). Два стихотворных сборника издаются в 1937 г.: «Звёздная молодость» и «Чолпонстан». В 1945 г. выпущен в свет сборник «Махабат» («Любовь»), с которого начинается период яркого расцвета творчества А. Осмонова. Лучшие произведения А. Осмонова являются подлинными шедеврами кыргызской поэзии. Это поэмы «Толубай – знаток коней», «Мырза уул», «Кто это», «Мой бедный Карагул» и др.

 

В 1943–1948 гг. им написан ряд  драматических произведений: пьесы  «Вторая бригада», «Любовь», «Объездчик Кооман», «Абылкасым Джанболотов», комедия «Надо отправиться в Мерке», либретто оперы «Чолпонбай» и др.

 

Перу поэта также принадлежат  высокохудожественные переводы на кыргызский язык «Евгения Онегина» А. С. Пушкина, «Отелло», «Двенадцатая ночь» У. Шекспира, басен  И. Крылова, а перевод «Витязя  в тигровой шкуре» Ш. Руставели считается шедевром художественного поэтического перевода на кыргызский язык; она выдержала шесть переизданий. Ряд сборников стихотворений и поэм А. Осмонова издан на русском, эстонском языках.

 

Много писал и переводил  для детей.

 

В последние годы жизни, будучи тяжело больным, поэт не оставлял пера, создавая наиболее зрелые оптимистичные  и светлые произведения, прославляющие  жизнь и труд.

 

Умер в тридцатипятилетнем возрасте, из-за болезни легких, в 1950. В 1967 г. Осмонову посмертно присуждена первая премия Ленинского комсомола республики. В 1986 г. Союзом писателей Кыргызстана учреждена литературная премия им. Алыкула Осмонова. Премия Алыкула Осмонова являлась в республике третьей по значимости премией среди писателей, после Всесоюзной Премии имени Ленина и Государственной Премии имени Токтогула Сатылганова. В целях изучения жизни и творчества поэта в 1994 создан республиканский общественно-литературный фонд.

 

Член СП СССР с 1938 г.

 

Награжден орденом «Знак  Почета». Имя поэта присвоено  СШ № 68 г. Фрунзе, ряду литературных объединений  в республике, библиотекам, улицам городов  и сел Киргизии.

 

 

Имя выдающегося поэта  Алыкула Осмонова заслуженно называют рядом с именами самых крупных представителей кыргызской литературы. Творчество самобытного поэта значительно обогатило духовную культуру кыргызского народа, являясь одной из ярких страниц кыргызской поэзии.

В творчестве А.Осмонова ведущее место занимает тема труда. Его стихи рассказывают о весенней пахоте, сборе яблок, труде свекловигницы, табунщика («Вода арыка», «Сбор яблок», «Поливальщик, поливальщик» и др.).

Многие стихи поэт посвятил Родине, родной земле, народу, природе  Кыргызстана. В стихах и поэмах «Киргизские  горы», «Не волны, а лебеди» и  других он передает неуловимые нюансы многокрасочного Иссык-Куля, величие  и красоту родной природы.

Размышление о смысле жизни  присуще целому ряду лирических стихотворений («Человек», «Тридцатилетие» и др.).

К.Кулиев образно отозвался о творчестве А.Осмонова: «Мир его поэезии не только своеобразен, он удивляет нас яркостью красок. Его творчество полно большой любви к жизни, к земле оно пронизано светлым оптимизмом и любовью к людям. Вся поэзия Алыкула была наполнена прозрачной родниковой водой, она пахнет солнцем раннего утра и зрелыми плодами сада на заре».

 

О ярком и самобытном таланте  поэта рассказывается на страницах  книг: ОСМОНОВ А. Стихотворения и  поэмы. – Л.: Сов. писатель, 1990. – 304 с.; ОСМОНОВ А. Избранное: Стихотворения и поэмы. – М.: Худож. лит., 1975. – 272 с.; КЫДЫРБАЕВА Р. Лирика Алыкула Осмонова. – Ф.: Изд-во АН КиргССР, 1967. – 114 с.; МАМЫТБЕКОВ З. Пламенный поэт: О творчестве Алыкула Осмонова. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 108 с.; ШАМШИЕВ Б.А. Осмонов и киргизская поэзия 50-60-х годов. – Б., 1993. – 153 с.; ЖУСУПОВ К. Жизнь в стихах: Рассказ о жизни поэта Алыкула Осмонова // Жусупов К. Лесорубы. – М., 1975. – С. 116-202.

 

 

 

ОТДЕЛЬНЫЕ ИЗДАНИЯ

 

На кыргызском языке

 

Таңдагы ырлар (Утренние песни). – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 127 с.

Жылдыздуу жаштык: Ырлар жыйнагы. (Пламенная молодость) – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 62 с.

Чолпонстан: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 96 с.

Махабат (Любовь). – Ф.: Кыргызмамбас, 1945. – 76 с.

Балдар учун: Ырлар (Для детей: стихи). – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 28 с.

Жаңы ырлар: Ырлар, поэмалар (Новые стихи). – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 86 с.

Менин жерим – ырдын жери: Ырлар (Моя страна – родина песни). – Ф.: Кыргызмамбас, 1947.– 80 с.

Жаңы ырлар (Новые стихи). – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 131 с.

Тандалмалуу ырлар жана поэмалар (Избранные стихи и поэмы). – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 264 с.

Ата журт: Жарыяланбаган чыгармалар (Отечество). – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 200 с.

Россия: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 16 с.

Чыгармалар жыйнагы: 3 томдук (Собрание сочинений в 3 т.). – Ф.: Кыргызстан:

1т. – 1964. – 464 с.

2т. – 1965. – 660 с.

3т. – 1967. – 670 с.

Балдар менен турналар: Ырлар (Дети и журавли). – Ф.: Мектеп, 1965. – 23 с.

Ырлар жыйнагы (Сборник стихов). – Ф.: Мектеп, 1965. – 82 с.

Көл толкуну: Тандалган ырлар жана поэмалар (Волна озера). – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 372 с.

Пионер ыры: Ырлар, поэмалар, котормо (Пионерская песня). – Ф.: Мектеп, 1974. – 207 с.

Түлкү менен каздар (Лиса и гуси). – Ф.: Мектеп, 1974. – 19 с.

Ырлар (Стихи). – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 62 с.

Толубай сынчы: Ырлар, поэмалар (Толубай – знаток коней). – Ф.: Мектеп, 1979. – 80 с.

Балдар жана турналар: Ырлар (Дети и журавли). – Ф.: Мектеп, 1980. – 10 с.

Чыгармалар жыйнагынын 3 томдугу (Собрание сочинений в 3х томах). – Ф.: Кыргызстан:

1 т.: Ырлар, поэмалар. – 1984. – 296 с.

2 т.: Поэмалар, драмалар, легендалар. – 1985. – 344 с.

3 т. – 1986. – 278 с.

На русском языке

 

Мой дом: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1950. – 156 с.

Мой дом: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1954. – 136 с.

Избранное: Стихотворения. –  М.: Сов. писатель, 1955. – 184 с.

Избранное: Стихи. – М.: Политиздат, 1958. – 304 с.

Лиса и гуси. – Ф.: Мектеп, 1974. – 20 с.

Избранное: Стихи и поэмы. – М.: Худож. лит., 1975. – 272 с.

Дети и журавли. – Ф.: Мектеп, 1981. – 6 с.

Отчий край: Стихотворения  и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 256 с.

referat911.ru

Алыкул Осмонов — реферат

ОСМОНОВ АЛЫКУЛ 1915—12. 12. 1950 гг.

Поэт А. Осмонов родился в с. Каптал-Арык нынешнего Панфиловского района Киргизской ССР в семье бедняка. Рано лишившись родителей, воспитывался в Пишпекском и Токмакском детдомах. В 1929—1933 гг. учился во Фрунзенском педтехникуме. В 1932—1936 гг. работал в редакциях журнала «Чабуул» и газеты «Ленинчил жаш»,. а в 1937—1940 гг. — секретарем правления СП Киргизии на общественных началах. В дальнейшем занимался творческой работой.

Писать стихи  А. Осмонов начал рано. В 1930 г. в газете «Сабаттуу бол» впереые было опубликовано стихотворение поэта «Красный обоз», а в 1935 г. издан первый поэтический сборник «таңдагы ырлар» («Утренние стихи»). Два стихотворных сборника издаются: в 1937 г. В 1945 г. выпущен в свет сборник «Махабат» («Любовь»), с которого начинается период яркого расцвета творчества А. Осмонова. Лучшие произведения А. Осмонова являются подлинными шедеврами киргизской советской поэзии. Это поэмы «Толубай—знаток коней», «Мырза уул», «Кто этоң», «Мой бедный Карагул» и др. В 1943—1948 гг. им написан ряд драматических произведений: пьесы «Вторая бригада», «Любовь», «Объездчик Кооман», «Абылкасым; Джанболотов», комедия «Надо отправиться в Мерке», либретто оперы «Чолпонбай» и др. Перу поэта принадлежат высокохудожественные переводы на киргизский язык «Евгения Онегина» А. С. Пушкина, «Отелло», «Двенадцатая ночь» У. Шекспира, басен И. Крылова, а перевод «Витязя в тигровой шкуре» Ш. Руставели считается шедевром художественного поэтического перевода на киргизский язык. Ряд сборников стихотворений и поэм А. Осмонова изданы на русском, эстонском языках. В последние годы жизни, будучи тяжело больным, поэт не оставлял пера, создавая наиболее зрелые оптимистичные и светлые произведения, прославляющие жизнь и труд.

А. Осмонов первым среди литераторов республики был удостоен (посмертно) премии Ленинского комсомола республики (1967 г.). В 1986 г. учреждена литературная премия СП Киргизии им. А. Осмонова.

Член СП СССР с 1938 г.

Награжден орденом  «Знак Почета». Имя поэта присвоено  СШ № 68 г. Фрунзе, ряду литературных объединений  в республике, библиотекам, улицам городов  и сел Киргизии.

ОТДЕЛЬНЫЕ ИЗДАНИЯ

н а киргизском языке 

---Таңдагы ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1935.127 б. Утренние песни.

---Жылдыздуу жаштык: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1937.—62 б. Пламенная молодость.

---Чолпонстан: Ырлар жыйнагы. — Ф.: Кыргызмамбас, 1937.— 96 б.

---Махабат. — Ф.: Кыргызмамбас, 1945.76 б. Любовь.

---Балдар учун: Ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1947.28 б. Для детей.

---Жаңы ырлар: Ырлар, поэмалар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1947. — 86 б. Новые стихи.

---Менин жерим— ырдын жери: Ырлар.— Ф.: Кыргызмамбас, 1947.— 80 б. Моя страна — родина песни.

---жаңы ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1949. — 131 б. Новые стихи.

---Тандалмалуу ырлар жана поэмалар. —Ф.: Кыргызмамбас, 1954.—264 б. Избранные стихи.

---Ата журт: Жарыяланбаган чыгармалар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1958.200 б. Отечество.

---Россия: Ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1964.16 б.

---Чыгармалар жыйнагы: 3 томдук. — Ф.: Кыргызстан.

1т. —1964.—  464 б.

2т. — 1965. —  660 б.

3т. —1967.—670 б.

Собрание сочинений.

Балдар менен турналар: Ырлар.— Ф.: Мектеп, 1965.—23 б.

Дети и журавли.

Ырлар жыйнагы. — Ф.: Мектеп, 1965.82 б.

Сборник стихов.

көл толкуну: Тандалган ырлар жана поэмалар. — Ф.: Кыргызстан,

1972. —372 б. Волна  озера. Пионер ыры: Ырлар, поэмалар, котормо. — Ф.: Мектеп, 1974.—

207 б. Пионерская  песня.

Түлкү менен каздар. — Ф.: Мектеп, 1974. — 19 б. Лиса и гуси. Ырлар. — Ф.: Кыргызстан, 1974.62 б.

Стихи

Толубай сынчы: Ырлар, поэмалар. — Ф.: Мектеп, 1979. — 80 б.

Толубай — знаток коней.

Балдар жана турналар: Ырлар. — Ф.: Мектеп, 1980.— 10 б.

Дети и журавли.

Чыгармалар жыйнагынын 3 томдугу. — Ф.: Кыргызстан.

1т.: Ырлар, поэмалар. — 1984. — 296 б.

2т.: Поэмалар, драмалар, легендалар. — 1985. — 344 б.

3т. — 1986. —  278 б. Собрание сочинений в 3х  томах.

на русском языке

Мой дом: Стихи. — М.: Сов. писатель, 1950.— 156 с.

Мой дом: Стихи. — Ф.: Киргизгосиздат, 1954.— 136 с.

Избранное: Стихотворения. — М.: Сов. писатель, 1955. — 184 с.

Избранное: Стихи.—М.: Политиздат, 1958. — 304 с.

Лиса и гуси. — Ф.: Мектеп, 1974. — 20 с.

Избранное: Стихи  и поэмы. — М.: Худож. лит., 1975. — 272 с.

Дети и журавли. —Ф.: Мектеп, 1981. — 6 с.

Отчий край: Стихотворения  и поэмы. — Ф.: Кыргызстан, 1987. —256 с.

на языках народов СССР

Дети и журавли: Стихи. —Таллинн: Ээсти раамат, 1984. — 11 с. —эст.

ПЕРЕВОДЫ

Крылов И. А. Басни. —Ф. — Казань: Киргизгосиздат, 1937. — 38 с.

Крылов И. А. Басни. —Ф.: Киргизгосиздат, 1938. — 26 с.

Маршак С. Я. Лодари и кот. —Ф. —Казань: Киргизгосиздат,

1937. — 8 с. Перро  Ш. Сказки. — Ф.: Киргизгосиздат, 1937. — 30 с.

Пушкин А. С. Сказка о попе и его работнике Балде. — Ф. — Казань: Киргизгосиздат, 1937.— 16 с.

freepapers.ru


Смотрите также